https://sputnik.kg/20261104/stomatologdun-apasy-prezidentten-rajym-surady-1104703790.html
Үч жашар кыздын өлүмүнө айыпталган стоматологдун апасы Жапаровдон ырайым сурады
Үч жашар кыздын өлүмүнө айыпталган стоматологдун апасы Жапаровдон ырайым сурады
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Үч жаштагы кыздын өлүмүнө айыпталган стоматологдун апасы Садыр Жапаровдун Талас облусундагы эл менен жолугушуусу учурунда кызына... 04.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-04T11:46+0600
2026-11-04T11:46+0600
2026-11-04T11:46+0600
кыргызстан
бишкек
стоматолог
садыр жапаров
өлүм
түрмө
жаза
ырайым берүү
https://sputnik.kg/img/07e5/02/02/1051319087_251:534:2436:1763_1920x0_80_0_0_e0749c1867deaf83f07726e57f0e8826.jpg
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Үч жаштагы кыздын өлүмүнө айыпталган стоматологдун апасы Садыр Жапаровдун Талас облусундагы эл менен жолугушуусу учурунда кызына ырайым сурады. Айганыш Кадыркулованын апасы Гүлнара Кадыркулованын айтымында, кызы жеке клиникада иштеген. Кийин аталган медициналык мекеме менен мамлекеттик стоматологиялык клиниканын ортосунда жасалма келишим түзүлгөн. Ал клиникалардын биринин жетекчиси акталып, экинчисинин жетекчиси пробация алганы айтылды. Садыр Жапаров энеге кыз-күйөөсү мунапыс берүү боюнча комиссияга кайрылсын деп сунуш кылды. Белгилей кетсек, окуя 2023-жылдын аягында болгон. Бир жылдан кийин соттун чечими менен анестезиолог алты жылга, стоматолог Айганыш Кадыркулова беш жарым жылга, анын жолдошу Данияр Таалайбеков документтерди жасалмалаганы үчүн беш жылга эркинен ажыратылган. Ал эми ошол кездеги КММАнын Медициналык борборунун жетекчиси пробация алып, жеке клиниканын директору акталган.
https://sputnik.kg/20261024/zhaparov-donor-bolchu-kishini-abaktan-chygaruuga-tapshyrma-berdi-1104498696.html
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/02/02/1051319087_182:0:2913:2048_1920x0_80_0_0_6de61355face019a849f5972cd96189b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, бишкек, стоматолог, садыр жапаров, өлүм, түрмө, жаза, ырайым берүү
кыргызстан, бишкек, стоматолог, садыр жапаров, өлүм, түрмө, жаза, ырайым берүү
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Үч жаштагы кыздын өлүмүнө айыпталган стоматологдун апасы Садыр Жапаровдун Талас облусундагы эл менен жолугушуусу учурунда кызына ырайым сурады.
Айганыш Кадыркулованын апасы Гүлнара Кадыркулованын айтымында, кызы жеке клиникада иштеген. Кийин аталган медициналык мекеме менен мамлекеттик стоматологиялык клиниканын ортосунда жасалма келишим түзүлгөн. Ал клиникалардын биринин жетекчиси акталып, экинчисинин жетекчиси пробация алганы айтылды.
"Кызым менен күйөө балам эле абакта калган. Алар камалганда баласы болгону беш айлык болчу", — деди Кадыркулова.
Садыр Жапаров энеге кыз-күйөөсү мунапыс берүү боюнча комиссияга кайрылсын деп сунуш кылды.
Белгилей кетсек, окуя 2023-жылдын аягында
болгон. Бир жылдан кийин соттун чечими менен анестезиолог алты жылга, стоматолог Айганыш Кадыркулова беш жарым жылга, анын жолдошу Данияр Таалайбеков документтерди жасалмалаганы үчүн беш жылга эркинен
ажыратылган. Ал эми ошол кездеги КММАнын Медициналык борборунун жетекчиси пробация алып, жеке клиниканын директору акталган.