00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
55 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
Журналистская премия, прорыв в медицине и долгие праздники — неделя в Кыргызстане
14:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стимул
Баткен күрүчү менен ЕАЭБди багындырууну көздөгөн ишкер кыз
15:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
15 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Киноблог
Советские кинотеатры Бишкека: золотая эпоха киномехаников
18:06
47 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Бишкекте тиш тазалатууга барган 3 жаштагы кыз чарчап калды. Иш териштирилүүдө

© Sputnik / Алексей Сухоруков / Медиабанкка өтүүТишти дарылап жаткан стоматолог. Архив
Тишти дарылап жаткан стоматолог. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.12.2023
Жазылуу
Бөбөккө наркоздун башка түрү берилгени айтылууда.
БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Бишкектеги стоматологиялык клиникалардын биринде үч жаштагы кыз көз жумду. Бул тууралуу жактоочу Канат Хасанов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Анын айтымында, аталган факт Октябрь РИИБдин бирдиктүү реестрине катталган.
"Бөбөктү атасы тишин тазалатканга алып барыптыр. Кызга наркоз берилгенден кийин каза болгон", — деген Хасанов.
Кыздын атасы аны менчик стоматологиялык борборго алып барганын айткан. Дарыгерлер анализ тапшыруу керектигин айтып, бөбөккө жеңил наркоз берүүнү убадалашкан.
"Алар кызымды газ менен уктатабыз дешкен. Негизи тишинде көйгөй бар эле. Дарыгерлер ишин 106 миң сомго баалашып, биз макулдугубузду бергенбиз. Бирок операция жасай турган жерге кирүүгө болбой турганын айтып, киргизишкен эмес. Төрт жарым сааттай күтүп, анан тынчсыздана баштадык. Андан кийин мени бөлмөгө алып кирип, кызымдын тишин тазалап жаткан учурда жүрөгү токтоп калганын айтышты. Кызым мен көргөндө көпкөк болчу, денесинде ийненин издери калыптыр", — деген бөбөктүн атасы.
Кыздын атасы башында "ДентоMax" клиникасына барып, ал жактан бөбөктү Медакадемиянын медициналык борборуна жөнөтүшкөн.
"Биз эмнеге Медакадемиянын медициналык борборуна жөнөтүп жатканын сурасак ал жакта операция жасашарын, кызым дарыгерлердин көзөмөлүндө болушу керектигин айтышкан. Көп клиникага кайрылдык, баары эле тишти дарылаш керек дешкен. Бизге "Севоран" деген жаңы наркоз чыкканын айтып, медиктер анын зыяны жок деп ишендиришкен. Бирок кызым үзүлгөндөн кийин ага башка түрүн бергенин көрдүм. Күнөөлүүлөрдү мыйзам чегинде жазалоону өтүнөм", — деген ал.
Саламаттык сактоо министрлиги бул окуя боюнча атайын комиссия түзүлгөнүн билдирди.
"Комиссияны министрдин кеңешчиси жетектейт. Азыркы тапта жабыркагандар кайрылган стоматологиялык клиниканын иши териштирүү аягына чыкканга чейин токтотулду. Бул ишти министр Алымкадыр Бейшеналиев жеке көзөмөлүнө алды. Укук коргоо органдарынын кайрылуусуна ылайык, соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүп, аны министрлик тиешелүү адистерге тапшырат", — деп жазылат маалыматта.
Кайгуул милициясынын автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.12.2023
Жүргүнчү көз жумган. ЖКККББ Кочкордо инспектор аралашкан окуя тууралуу
Жаңылыктар түрмөгү
0