https://sputnik.kg/20261104/rossiyanyn-oblusunan-krge-kelgen-produktsiyalar-1104700882.html
Владимир облусунан Кыргызстанга: сапаттуу жол куруу жабдуулары жана айнек идиштер
Владимир облусунан Кыргызстанга: сапаттуу жол куруу жабдуулары жана айнек идиштер
Sputnik Кыргызстан
"Эл аралык кооперация жана экспорт" улуттук долбоорунун алкагында Владимир облусу Борбор Азия өлкөлөрү менен соода-экономикалык байланыштарын ырааттуу... 04.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-04T14:32+0600
2026-11-04T14:32+0600
2026-11-04T14:32+0600
россия
кыргызстан
казакстан
еаэб
борбор азия
экономика
өндүрүш
айнек
бөтөлкө
курулуш
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/04/1104701427_23:45:777:469_1920x0_80_0_0_9e747442a0535b9aba2c711572ef5ba5.jpg
Аймактагы ишкерлерге өнөктөштүктү жөнгө салууда Владимир облусунун Экспортту колдоо борбору чоң көмөк көрсөтүп, жергиликтүү өндүрүшчүлөрдүн Кыргызстандан ишенимдүү өнөктөш табуусуна шарт түзүп келет. Бүгүн биз Владимир облусунда чыгарылган асфальт аралаштыруучу жабдуулар жана айнек идиштер эмнеси менен Кыргызстандын инфраструктурасына жана бизнесине ылайыктуу экенине токтолобуз. Владимир облусунда жайгашкан Колокша агрегат заводу (КАЗ) жоопкерчилиги чектелген коому — асфальт аралаштыруучу техникаларды чыгарууга адистешкен ишкана. Завод 20 жылдан ашуун убакыттан бери автожолдорду курууга жана оңдоого арналган жабдууларды иштеп чыгып, өндүрүп, ошондой эле аларга техникалык тейлөө көрсөтүп келет. Ушул жылдар аралыгында 270тен ашык жабдуу пайдаланууга берилген. Бүгүнкү күндө КАЗ чыгарган техника Россиянын аймактарында, ошондой эле Беларусь менен Казакстанда ийгиликтүү иштеп жатат. Заводдун алты гектардан ашкан өндүрүш аянты бар. Ишкананын курамына даярдоо, калыпка куюу, механикалык иштетүү, ширетип-куроочу жана электр жабдууларын кураган цехтер, транспорт тилкеси, ошондой эле тейлөө жана тетиктер менен камсыздоо борборлору кирет. Мындай мүмкүнчүлүк жабдуу чыгаруунун негизги баскычтарын толугу менен өз базасында жүргүзүүгө жана аларды андан ары үзгүлтүксүз техникалык жактан колдоого шарт түзөт. Ишкана өндүргөн негизги продукцияларды санай өтсөк, КА-120, КА-160-6F жана КА-240 үлгүсүндөгү асфальт аралаштыруучу, УГС-240 топурак аралаштыруучу комплекстери, алардын өзүнчө агрегаттары менен тетиктери бар. Мындан тышкары, завод күйгүч түзүлмөлөрдү (горелка), ысык элеватор чынжырларын, мотор-редукторлорду, битум жана күйүүчү май насосторун чыгарат. Ишкана чыгарган тетиктердин катарында чет элдик техникага да дал келүүчү запастык бөлүктөр камтылган. Колокша агрегат заводу кардарларына ишти башынан аягына чейин толук камтыган комплекстүү кызматтарды сунуштайт. Анын ичинде өндүрүштүк талаптарга жараша жабдуунун ылайыктуу түзүлүшүн тандап берүү, аны жасоо, орнотууга көзөмөл жүргүзүү (шефмонтаж), ишке киргизүү-жөндөө иштери, жумушчуларды окутуу, ошондой эле кепилдик берилген жана андан кийинки техникалык тейлөө бар. Жеке өндүрүш базасынын, тетиктер борборунун болушу техникалык маселелерди ыкчам чечүүгө жана техниканын бош туруп калган убактысын кыскартууга өбөлгө түзөт. Кыргызстандын жол куруу тармагындагы ишканалары үчүн завод жергиликтүү шартка жана ар бир кардардын талабына ылайыкташтырылган асфальт аралаштыруучу заманбап жабдууларды сунуштоого даяр. КАЗ кызматташтыктын келечектүү багыттары катары техникаларды жеткирүү, сервистик тейлөөнү уюштуруу, адистерди даярдоо жана керектүү тетиктердин дайыма колдо болушун камсыздоо деп билет. Ал эми ЕАЭБдин бирдиктүү экономикалык мейкиндигинде иштөө узак мөөнөттүү өнөр жай кызматташтыгын өнүктүрүүгө кошумча мүмкүнчүлүктөрдү жаратат. Жоопкерчилиги чектелген СтеклоЭкспорт коому рынокто 2008-жылдан бери иштеп, Россияга жана ЕАЭБ өлкөлөрүнө айнек идиштерди чыгарып келет. Компаниянын негизги багыттарынын бири — эксклюзивдүү дизайндагы айнек таңгактарды иштеп чыгуу жана аларга бренддик белгилерди түшүрүү. СтеклоЭкспорт ишканасы кардарларына алгачкы долбоорлоодон баштап массалык өндүрүшкө чейинки кызматтардын толук топтомун сунуштайт. Адегенде дизайнер эскизин тартса, андан соң конструкторлор чиймесин сызып, 3D мерчеминдеги моделин жасайт. Ал эми даяр идиштин акыркы көрүнүшүн даана элестетүү үчүн пластиктен атайын прототиби куралып берилет. Туура жасалган калыптар топтому (формокомплект) — сапаттуу бөтөлкөнүн жасалышынын башкы шарты. Бул калыптар айнек үйлөөчү автоматтардын бардык техникалык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен даярдалат. Өндүрүштүн ар бир баскычы бири-бири менен тыгыз байланышта. Бул абдан маанилүү. Буюмдарды кооздоо, түстүү айнек чыгаруу жана "айнек эритмесин куйган түтүктөгү боео" ыкмасы колдонулат. Бул кардардын каалоосуна жараша түрдүү түстөгү бөтөлкөлөрдү жасап, алардын өңүнүн ачыктыгын же күңүрттөткөнгө чейин каалагандай өзгөртүүгө мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, этикетка менен капкактарды тандоо жана иштеп чыгуу да комплекстүү түрдө сунушталат. Кардардын эсинде кала турган жагымдуу этикетканы жасоо үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Ал эми продукциянын түрүнө жараша капкактардын (тыгындардын) түрү көп. Анын ичинен каалаганын тандаса болот (кабык тыгын, алюминий калпакча, "камю" тыгыны, бугель бекиткичи, "Гуала" калпакчасы). Бул тыгындар менен калпакчаларды литография, басуу жана күйгүзүп түшүрүү сыяктуу түрдүү ыкмалар менен кооздоого болот. Өндүрүштүн толук циклине көзөмөл жүргүзүү учурунда компаниянын адистери кардардын өндүрүш линиясына чейин барып, продукциянын сапатын жеринде текшерип бере алышат. Зарыл болсо, ишкана жүктү дарегине чейин жеткирүүнү да уюштурат. Ал эми айнек буюмдарын башынан баштап жасоону талап кылбаган долбоорлордо мурунку даяр үлгүлөр пайдаланылып, кардардын бардык талабына толук жооп бергидей кылып зарыл делген өзгөртүүлөр менен толуктоолор киргизилет. Мол тажрыйбаны, терең техникалык билимди жана жаңы технологияларды өздөштүрүп өндүрүшкө киргизүү жөндөмү кардарлардын эң татаал, өктөм каалоолорун да иш жүзүнө ашырууга өбөлгө түзөт. Ар бир кардарга өзгөчө мамиле кылуу жана маселелерди ыкчам, ийкемдүү чечүү — компаниянын ишиндеги негизги принциптеринин бири. Владимир облусунун ишканалары тышкы рыноктордо да жигердүүлүгүн көрсөтүүдө. Тагыраагы, 2026-жылы Владимир облусунун Экспортту колдоо борборунун көмөгү менен алар Кыргызстандагы KyrgyzBuild эл аралык көргөзмөсүндө өз сунуштарын айтып, алып келишти. Владимир облусу менен өнөктөштүк куруу — өзүнүн инфраструктурасын заманбап деңгээлге жеткирүүнү жана өндүрүшүн кеңейтүүнү максат кылган кыргызстандык компаниялар үчүн стратегиялык жактан туура кадам. Материал коммерциялык шартта жарыяланды
https://sputnik.kg/20261027/kyrgyzstan-chet-olko-investiciya-1104548177.html
казакстан
борбор азия
владимир облусу
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/04/1104701427_87:0:798:533_1920x0_80_0_0_58ca607b27076abf0161cfc6773b6961.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
россия, кыргызстан, казакстан, еаэб, борбор азия, экономика, өндүрүш, айнек, бөтөлкө, курулуш, жабдуу, владимир облусу
россия, кыргызстан, казакстан, еаэб, борбор азия, экономика, өндүрүш, айнек, бөтөлкө, курулуш, жабдуу, владимир облусу
Владимир облусунан Кыргызстанга: сапаттуу жол куруу жабдуулары жана айнек идиштер
Компания жаңылыктары
"Эл аралык кооперация жана экспорт" улуттук долбоорунун алкагында Владимир облусу Борбор Азия өлкөлөрү менен соода-экономикалык байланыштарын ырааттуу кеңейтүүдө. Бул багытта Кыргызстан негизги өнөктөштөрдүн бирине айланды.
Аймактагы ишкерлерге өнөктөштүктү жөнгө салууда Владимир облусунун
Экспортту колдоо борбору чоң көмөк көрсөтүп, жергиликтүү өндүрүшчүлөрдүн Кыргызстандан ишенимдүү өнөктөш табуусуна шарт түзүп келет.
Бүгүн биз Владимир облусунда чыгарылган асфальт аралаштыруучу жабдуулар жана айнек идиштер эмнеси менен Кыргызстандын инфраструктурасына жана бизнесине ылайыктуу экенине токтолобуз.
Владимир облусунда жайгашкан
Колокша агрегат заводу (КАЗ) жоопкерчилиги чектелген коому — асфальт аралаштыруучу техникаларды чыгарууга адистешкен ишкана. Завод 20 жылдан ашуун убакыттан бери автожолдорду курууга жана оңдоого арналган жабдууларды иштеп чыгып, өндүрүп, ошондой эле аларга техникалык тейлөө көрсөтүп келет. Ушул жылдар аралыгында 270тен ашык жабдуу пайдаланууга берилген. Бүгүнкү күндө КАЗ чыгарган техника Россиянын аймактарында, ошондой эле Беларусь менен Казакстанда ийгиликтүү иштеп жатат.
Заводдун алты гектардан ашкан өндүрүш аянты бар. Ишкананын курамына даярдоо, калыпка куюу, механикалык иштетүү, ширетип-куроочу жана электр жабдууларын кураган цехтер, транспорт тилкеси, ошондой эле тейлөө жана тетиктер менен камсыздоо борборлору кирет. Мындай мүмкүнчүлүк жабдуу чыгаруунун негизги баскычтарын толугу менен өз базасында жүргүзүүгө жана аларды андан ары үзгүлтүксүз техникалык жактан колдоого шарт түзөт.
Ишкана өндүргөн негизги продукцияларды санай өтсөк, КА-120, КА-160-6F жана КА-240 үлгүсүндөгү асфальт аралаштыруучу, УГС-240 топурак аралаштыруучу комплекстери, алардын өзүнчө агрегаттары менен тетиктери бар. Мындан тышкары, завод күйгүч түзүлмөлөрдү (горелка), ысык элеватор чынжырларын, мотор-редукторлорду, битум жана күйүүчү май насосторун чыгарат. Ишкана чыгарган тетиктердин катарында чет элдик техникага да дал келүүчү запастык бөлүктөр камтылган.
Колокша агрегат заводу кардарларына ишти башынан аягына чейин толук камтыган комплекстүү кызматтарды сунуштайт. Анын ичинде өндүрүштүк талаптарга жараша жабдуунун ылайыктуу түзүлүшүн тандап берүү, аны жасоо, орнотууга көзөмөл жүргүзүү (шефмонтаж), ишке киргизүү-жөндөө иштери, жумушчуларды окутуу, ошондой эле кепилдик берилген жана андан кийинки техникалык тейлөө бар. Жеке өндүрүш базасынын, тетиктер борборунун болушу техникалык маселелерди ыкчам чечүүгө жана техниканын бош туруп калган убактысын кыскартууга өбөлгө түзөт.
Кыргызстандын жол куруу тармагындагы ишканалары үчүн завод жергиликтүү шартка жана ар бир кардардын талабына ылайыкташтырылган асфальт аралаштыруучу заманбап жабдууларды сунуштоого даяр. КАЗ кызматташтыктын келечектүү багыттары катары техникаларды жеткирүү, сервистик тейлөөнү уюштуруу, адистерди даярдоо жана керектүү тетиктердин дайыма колдо болушун камсыздоо деп билет. Ал эми ЕАЭБдин бирдиктүү экономикалык мейкиндигинде иштөө узак мөөнөттүү өнөр жай кызматташтыгын өнүктүрүүгө кошумча мүмкүнчүлүктөрдү жаратат.
Жоопкерчилиги чектелген
СтеклоЭкспорт коому рынокто 2008-жылдан бери иштеп, Россияга жана ЕАЭБ өлкөлөрүнө айнек идиштерди чыгарып келет. Компаниянын негизги багыттарынын бири — эксклюзивдүү дизайндагы айнек таңгактарды иштеп чыгуу жана аларга бренддик белгилерди түшүрүү.
СтеклоЭкспорт ишканасы кардарларына алгачкы долбоорлоодон баштап массалык өндүрүшкө чейинки кызматтардын толук топтомун сунуштайт. Адегенде дизайнер эскизин тартса, андан соң конструкторлор чиймесин сызып, 3D мерчеминдеги моделин жасайт. Ал эми даяр идиштин акыркы көрүнүшүн даана элестетүү үчүн пластиктен атайын прототиби куралып берилет.
Туура жасалган калыптар топтому (формокомплект) — сапаттуу бөтөлкөнүн жасалышынын башкы шарты. Бул калыптар айнек үйлөөчү автоматтардын бардык техникалык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен даярдалат. Өндүрүштүн ар бир баскычы бири-бири менен тыгыз байланышта. Бул абдан маанилүү. Буюмдарды кооздоо, түстүү айнек чыгаруу жана "айнек эритмесин куйган түтүктөгү боео" ыкмасы колдонулат. Бул кардардын каалоосуна жараша түрдүү түстөгү бөтөлкөлөрдү жасап, алардын өңүнүн ачыктыгын же күңүрттөткөнгө чейин каалагандай өзгөртүүгө мүмкүндүк берет.
Мындан тышкары, этикетка менен капкактарды тандоо жана иштеп чыгуу да комплекстүү түрдө сунушталат. Кардардын эсинде кала турган жагымдуу этикетканы жасоо үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Ал эми продукциянын түрүнө жараша капкактардын (тыгындардын) түрү көп. Анын ичинен каалаганын тандаса болот (кабык тыгын, алюминий калпакча, "камю" тыгыны, бугель бекиткичи, "Гуала" калпакчасы). Бул тыгындар менен калпакчаларды литография, басуу жана күйгүзүп түшүрүү сыяктуу түрдүү ыкмалар менен кооздоого болот.
Өндүрүштүн толук циклине көзөмөл жүргүзүү учурунда компаниянын адистери кардардын өндүрүш линиясына чейин барып, продукциянын сапатын жеринде текшерип бере алышат. Зарыл болсо, ишкана жүктү дарегине чейин жеткирүүнү да уюштурат. Ал эми айнек буюмдарын башынан баштап жасоону талап кылбаган долбоорлордо мурунку даяр үлгүлөр пайдаланылып, кардардын бардык талабына толук жооп бергидей кылып зарыл делген өзгөртүүлөр менен толуктоолор киргизилет.
Мол тажрыйбаны, терең техникалык билимди жана жаңы технологияларды өздөштүрүп өндүрүшкө киргизүү жөндөмү кардарлардын эң татаал, өктөм каалоолорун да иш жүзүнө ашырууга өбөлгө түзөт. Ар бир кардарга өзгөчө мамиле кылуу жана маселелерди ыкчам, ийкемдүү чечүү — компаниянын ишиндеги негизги принциптеринин бири.
Владимир облусунун ишканалары тышкы рыноктордо да жигердүүлүгүн көрсөтүүдө. Тагыраагы, 2026-жылы Владимир облусунун Экспортту колдоо борборунун көмөгү менен алар Кыргызстандагы KyrgyzBuild эл аралык көргөзмөсүндө өз сунуштарын айтып, алып келишти. Владимир облусу менен өнөктөштүк куруу — өзүнүн инфраструктурасын заманбап деңгээлге жеткирүүнү жана өндүрүшүн кеңейтүүнү максат кылган кыргызстандык компаниялар үчүн стратегиялык жактан туура кадам.
Материал коммерциялык шартта жарыяланды