https://sputnik.kg/20261104/akay-kydyrov-prezidenttikke-talapker-1104712629.html
Президенттик шайлоо: БШКга төртүнчү талапкердин арызы түштү
Президенттик шайлоо: БШКга төртүнчү талапкердин арызы түштү
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Бизнесмен Акай Кыдыров Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз тапшырып, Кыргызстандын президенттигине төртүнчү талапкер болду. 04.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-04T15:36+0600
2026-11-04T15:36+0600
2026-11-04T15:36+0600
кыргызстан
президент
талапкер
шайлоо
арыз
бшк
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/04/1104712413_0:67:1280:787_1920x0_80_0_0_a89c2985cdc8ec334f70a9e6c7906eb9.jpg
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Бизнесмен Акай Кыдыров Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз тапшырып, Кыргызстандын президенттигине төртүнчү талапкер болду. Ал 35 жашта. Өткөн жылы Кыдыров № 19 округ боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоого катышып, бирок өтпөй калган. Ошол учурда ал үч баланын атасы жана кесиби боюнча дипломат экенин билдирген. Кыдыров бир нече жыл бою япон компанияларын жетектеп келген болсо, акыркы жылдары логистикалык компанияны башкарууда. Буга чейин президенттик жарышка катышуу үчүн БШКга үч жарандан арыз түшкөн: Кыргызстандын президентин шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт.
https://sputnik.kg/20261104/tundukton-kol-toptoogo-bolot-1104703495.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/04/1104712413_72:0:1209:853_1920x0_80_0_0_45b400cb13fc78d0c88b26fc1ba336a5.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, президент, талапкер, шайлоо, арыз, бшк
кыргызстан, президент, талапкер, шайлоо, арыз, бшк
Президенттик шайлоо: БШКга төртүнчү талапкердин арызы түштү
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Бизнесмен Акай Кыдыров Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз тапшырып, Кыргызстандын президенттигине төртүнчү талапкер болду.
Ал 35 жашта. Өткөн жылы Кыдыров № 19 округ боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоого катышып, бирок өтпөй калган.
Ошол учурда ал үч баланын атасы жана кесиби боюнча дипломат экенин билдирген. Кыдыров бир нече жыл бою япон компанияларын жетектеп келген болсо, акыркы жылдары логистикалык компанияны башкарууда.
Буга чейин президенттик жарышка катышуу үчүн БШКга үч жарандан арыз түшкөн:
Аймен Касенов — президенттикке талапкерлигин көрсөткөн алгачкы талапкер;
Азамат Эсенбеков — шайлоого катышуу ниетин билдирип, экинчи болуп кайрылган талапкер;
Сыймык Жапыкеев — Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын (Финпол) мурдагы жетекчиси, президенттикке ат салышуу ниетин расмий билдирген үчүнчү талапкер.
Кыргызстандын президентин шайлоо 2027-жылдын 27-январында
өтөт.