00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Космоско жол ачкан Лайка ити. Кызыктуу видео

Жазылуу
1957-жылы 3-ноябрда Жердин орбитасына Лайка ити космоско биринчи жолу жөнөтүлгөн. Ал Жердин биринчи жасалма спутниги учкан соң бир ай өткөндөн кийин "Спутник-2" аппараты менен сапар алган.
Лайканы учуруп, салмаксыздыкта жандуу организмдин жашай аларын изилдөө максаты коюлган.
Итти космоско учууга даярдоочу лаборатория Сергей Королевдун тапшырмасы менен 1956-жылы түзүлгөн. Адистер космонавт болот деп ишенген 10 ургаачы итти тандайт. Алар бир кылка эле. Салмагы 7 килограммдан, бою 35 сантиметрден ашпашы керек эле. Акыры Альбина, Муха жана Лайканы тандашат. Аларды барокамерада, центрифугада жана титиретүүчү атайын аппараттарда сынашкан. Сыноонун жыйынтыгында башында Кудрявка деп аталган лайкага токтолушат.
Аппараттын Жерге кайтып келиши каралган эмес, андыктан иттин тагдыры башынан эле белгилүү болчу. Учурар алдында дарыгер Владимир Яздовский балдары менен ойноп калсын деген максатта итти үйүнө алып кеткен.
"Ага кандайдыр бир жакшы нерсе кылгым келди. Анткени аз эле өмүрү калган эле", — деген боорукер врач.
Лайканы кабинага отургузуп, бекитип коюшканда спутниктен мүчүлүштүк чыккан. Аны оңдоого үч күн кеткен. Бул убакыт бою ит ичинде отурган. Адистер аны көзөмөлдөп, кабинага жылуу аба айдап турушкан. Маалымат үчүн айтсак, ноябрда түнү Казакстанда кадимкидей суук болот.
Лайка орбитага көтөрүлүү учурундагы оордукка чыдап берген, андан соң жүрөгүнүн согушу калыбына келе баштаган. Бирок көп өтпөй кабина өтө ысып кетип, ит өлүп калган.
Ал эми "Спутник-2" аппараты Жерди айланганын улантып, 1958-жылдын 14-апрелинде атмосферага кирип күйүп кеткенге чейин орбитада болгон. Анын сапары жандуулар орбитага чыгуу сыноосуна да, салмаксыздык абалына да туруштук бере аларын далилдеди.
Лайканын бул сапарынан кийин Юрий Гагариндин бир салтанатта айтканын азыркыга чейин эстешет.
"Ушул кезге чейин ким экенимди түшүнө албайм, биринчи адаммынбы же акыркы итминби?" — деп айланасындагыларды жылмайткан экен. Анын бул сөзүн жөн гана тамаша катары кабыл алышканы менен ар бир тамашанын артында чындыктын үлүшү бар эмеспи. Советтик космонавттардын бардыгына космоско жолду дал ушул иттер ачып берген.
Азыр Москвада Лайкага арналган эстелик турат. Анын космоско сапары адамзаттын жылдыздарга карай жасаган алгачкы кадамдарынын бири болуп калды.
Жаңылыктар түрмөгү
0