https://sputnik.kg/20261103/kiev-azov-turmo-14-zhash-bala--1104677535.html
Киевдин жанынан ондогон адам кармалган "кыйноо жайы" табылды. Видео
Киевдин жанынан ондогон адам кармалган "кыйноо жайы" табылды. Видео
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Өткөн түнү Киевде мобилизациядан качкандар үчүн түзүлгөн "Азовдун"* бейрасмий түрмөсү жайгашкан имараттын алдына адамдар чогулушту... 03.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-03T10:41+0600
2026-11-03T10:41+0600
2026-11-03T10:41+0600
дүйнөдө
украина
россия
туткун
өспүрүм
https://sputnik.kg/img/07e8/03/0b/1083331561_0:33:3065:1757_1920x0_80_0_0_4139e0bbabd341bb5150069aef08d55d.jpg
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Өткөн түнү Киевде мобилизациядан качкандар үчүн түзүлгөн "Азовдун"* бейрасмий түрмөсү жайгашкан имараттын алдына адамдар чогулушту. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Буга чейин украин ЖМКлары бул имараттын подвалында 40ка жакын адам кармалып турганын жазышкан. Окуя болгон жерге Владимир Зеленскийдин аппаратынын башчысы Кирилл Буданов** келип, Украинада мындай "түрмөлөр" көп экенин мойнуна алганы айтылды. Чогулган эл ага көздү ачыштыруучу газ чачып кубалашкан. Ошондой эле ушул кыйноо жайында акыркы бир айдын ичинде бир нече адам сабалып өлгөнү айтылууда. "Бул адамдар дайынсыз жоголгондор катары эсептелет. Адамдарды уурдап кетишет да, сабап, кыйнашат. Айрымдарын аскер бөлүктөрүнө, айрымдарын туугандарына сатышат", — деген Украинадан чыгып кеткен Жогорку Раданын депутаты Артем Дмитрук. Аягында окуя болгон жерде таяк көтөргөн белгисиз адамдар пайда болуп, имараттын алдына чогулгандарды сабап киришкени жазылды. * — Россияда тыюу салынган террордук уюм ** — Россия Федерациясында экстремисттердин жана террорлордун катарына киргизилген.
https://sputnik.kg/20261028/akshlyk-analitik-zelenskij-syndady-1104555659.html
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/03/0b/1083331561_49:0:2778:2047_1920x0_80_0_0_372bcd67c783705e32ecb68f930f974d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, украина, россия, туткун, өспүрүм
дүйнөдө, украина, россия, туткун, өспүрүм
Киевдин жанынан ондогон адам кармалган "кыйноо жайы" табылды. Видео
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Өткөн түнү Киевде мобилизациядан качкандар үчүн түзүлгөн "Азовдун"* бейрасмий түрмөсү жайгашкан имараттын алдына адамдар чогулушту. Бул тууралуу
РИА Новости жазды. Буга чейин украин ЖМКлары бул имараттын подвалында 40ка жакын адам кармалып турганын жазышкан. Окуя болгон жерге Владимир Зеленскийдин аппаратынын башчысы Кирилл Буданов** келип, Украинада мындай "түрмөлөр" көп экенин мойнуна алганы айтылды. Чогулган эл ага көздү ачыштыруучу газ чачып кубалашкан.
"Туткундагылардын арасынан нес абалдагы 14 жаштагы өспүрүм чыгарылды. Аны жертөлөдө күрөк менен сабашыптыр. Бала ал жакка кантип келип калганын эч ким түшүндүрө элек", — деп жазышты жергиликтүү ЖМКлар.
Ошондой эле ушул кыйноо жайында акыркы бир айдын ичинде бир нече адам сабалып өлгөнү айтылууда.
"Бул адамдар дайынсыз жоголгондор катары эсептелет. Адамдарды уурдап кетишет да, сабап, кыйнашат. Айрымдарын аскер бөлүктөрүнө, айрымдарын туугандарына сатышат", — деген Украинадан чыгып кеткен Жогорку Раданын депутаты Артем Дмитрук.
Аягында окуя болгон жерде таяк көтөргөн белгисиз адамдар пайда болуп, имараттын алдына чогулгандарды сабап киришкени жазылды.
* — Россияда тыюу салынган террордук уюм
** — Россия Федерациясында экстремисттердин жана террорлордун катарына киргизилген.