Каппадокияда таш колонна кулап, үч киши каза болду

© REUTERS Ihlas News Agency
Жазылуу
БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Түркиянын Каппадокия аймагында таш коллона урап, үч адам каза болду. Алардын экөө түрк журналисти жубайы менен, үчүнчүсү Франциядан келген турист экенин жергиликтүү ЖМКларга шилтеме берип РИА Новости жазды.
Бейшемби күнү Каппадокиядагы ачык асман алдындагы музейдин кире беришинде катуу жааган жамгырдан улам жер көчкү жүргөн. Мындан улам жаратылышта өз алдынча пайда болгон таш колонна урап калган.
Маалыматка караганда, каза болгон жаш жубайлар июль айында гана үйлөнүп, Каппадокияга эс алууга барган.