https://sputnik.kg/20261028/1104553010.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Япон компаниялары Кыргызстанда өндүрүлгөн сурьма менен кремнийди сатып алууга кызыкдар экенин билдиришти. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен... 28.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-28T08:59+0600
2026-10-28T08:59+0600
2026-10-28T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/1c/1104552843_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_0848706472b803caf82a7a03219ded4e.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Япон компаниялары Кыргызстанда өндүрүлгөн сурьма менен кремнийди сатып алууга кызыкдар экенин билдиришти. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиевдин Япониядагы ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуусунда белгилүү болгонун маалымат кызматы кабарлады. Жолугушууда тоо-кен тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү, JKII компаниясы менен меморандумга кол коюуну тездетүү жана энергетика, логистика, IT тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды. Мындан тышкары, Кыргызстанда Toyota компаниясынын расмий борборун ачуу жана Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып логистикалык борборлорду курууга жапон инвесторлорун тартуу сунушталды. Маматалиев кыргыз-япон бизнес-форумунун алкагында энергетика, билим берүү, саламаттык сактоо, туризм жана санариптештирүү боюнча 20дан ашык документке кол коюлганын белгилеп, аларды конкреттүү долбоорлорго айландыруу зарылдыгын айтты.Төрага чет өлкөлүк инвесторлор үчүн ачык жана туруктуу шарттар түзүлүп, жергиликтүү ишкерлер менен бирдей мүмкүнчүлүктөр жана салыктык жеңилдиктер берилерин белгиледи. Ошондой эле Кыргызстандын ЕАЭБге мүчөлүгү жана Борбор Азиядагы ыңгайлуу географиялык жайгашуусу ири рынокторго чыгууга шарт түзөрүн айтып, япон ишкерлерин өлкөгө инвестиция салууга жана өндүрүш ишканаларын ачууга чакырды.
Кыргызстанга чет жактан алма ташып келүүгө 2027-жылдын 1-февралына чейин убактылуу тыюу салынды. Министрлер кабинети тиешелүү токтомду кабыл алды. Мындай чара жергиликтүү багбандарга быйылкы түшүмүн сатууга шарт түзүү максатында киргизилгени айтылды. Быйыл өлкө боюнча 179,4 миң тонна алма жыйналары болжолдонууда. Белгилей кетсек, быйыл январь–августта 6,4 миң тонна алма ташылып келген. Бул былтыркы көрсөткүчтөн 2,18 эсеге көп. Ошол эле учурда экспорт 13,3%га азайып, 10,8 миң тоннаны түзгөн.
Кыргызстанда күз мезгилиндеги электр энергиясын керектөө боюнча рекорд катталды Акыркы суткада өлкөдө 64,3 млн кВт саат электр энергия керектелди. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 16,4 млн кВт саатка көп. Улуттук электр тармактары ишканасынын маалыматына караганда, суткасына 66 млн кВт саат электр кубатын колдонуу кыштын эң суук мезгилинде гана болчу.
Россиянын, АКШ менен Кытайдын лидерлери Путин, Трамп жана Си Цзиньпиндин жолугушуусуна Украина жана анын европалык өнөктөштөрү да катышуусу керек. Бул туурасында Украинанын Жогорку Радасынын тышкы саясат жана парламент аралык кызматташуу боюнча комитетинин депутаты Александр Мережко France 24 телеканалдына берген интервьюсунда айтты."Украина менен европалык өнөктөштөрүбүздүн катышуусу Украинаны капитуляцияга мажбурлоо боюнча чечимдердин кабыл алынбашына кепилдик бермек", — деп эсептейт ал.Мережко Россия, АКШ жана Кытай лидерлеринин жолугушуусу Киев үчүн өтө кооптуу деп эсептээрин жашырган жок. Буга чейин Юрий Ушаков АТЭС саммитинин алкагында Кытайдын Шэньчжэнь шаарында өтө турган Путин, Трамп жана Си Цзиньпиндин ж
Япон компаниялары Кыргызстанда өндүрүлгөн сурьма менен кремнийди сатып алууга кызыкдар экенин билдиришти. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиевдин Япониядагы ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуусунда белгилүү болгонун маалымат кызматы кабарлады. Жолугушууда тоо-кен тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү, JKII компаниясы менен меморандумга кол коюуну тездетүү жана энергетика, логистика, IT тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды. Мындан тышкары, Кыргызстанда Toyota компаниясынын расмий борборун ачуу жана Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып логистикалык борборлорду курууга жапон инвесторлорун тартуу сунушталды. Маматалиев кыргыз-япон бизнес-форумунун алкагында энергетика, билим берүү, саламаттык сактоо, туризм жана санариптештирүү боюнча 20дан ашык документке кол коюлганын белгилеп, аларды конкреттүү долбоорлорго айландыруу зарылдыгын айтты.Төрага чет өлкөлүк инвесторлор үчүн ачык жана туруктуу шарттар түзүлүп, жергиликтүү ишкерлер менен бирдей мүмкүнчүлүктөр жана салыктык жеңилдиктер берилерин белгиледи. Ошондой эле Кыргызстандын ЕАЭБге мүчөлүгү жана Борбор Азиядагы ыңгайлуу географиялык жайгашуусу ири рынокторго чыгууга шарт түзөрүн айтып, япон ишкерлерин өлкөгө инвестиция салууга жана өндүрүш ишканаларын ачууга чакырды. Кыргызстанга чет жактан алма ташып келүүгө 2027-жылдын 1-февралына чейин убактылуу тыюу салынды. Министрлер кабинети тиешелүү токтомду кабыл алды. Мындай чара жергиликтүү багбандарга быйылкы түшүмүн сатууга шарт түзүү максатында киргизилгени айтылды. Быйыл өлкө боюнча 179,4 миң тонна алма жыйналары болжолдонууда. Белгилей кетсек, быйыл январь–августта 6,4 миң тонна алма ташылып келген. Бул былтыркы көрсөткүчтөн 2,18 эсеге көп. Ошол эле учурда экспорт 13,3%га азайып, 10,8 миң тоннаны түзгөн.Кыргызстанда күз мезгилиндеги электр энергиясын керектөө боюнча рекорд катталды Акыркы суткада өлкөдө 64,3 млн кВт саат электр энергия керектелди. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 16,4 млн кВт саатка көп. Улуттук электр тармактары ишканасынын маалыматына караганда, суткасына 66 млн кВт саат электр кубатын колдонуу кыштын эң суук мезгилинде гана болчу.Россиянын, АКШ менен Кытайдын лидерлери Путин, Трамп жана Си Цзиньпиндин жолугушуусуна Украина жана анын европалык өнөктөштөрү да катышуусу керек. Бул туурасында Украинанын Жогорку Радасынын тышкы саясат жана парламент аралык кызматташуу боюнча комитетинин депутаты Александр Мережко France 24 телеканалдына берген интервьюсунда айтты."Украина менен европалык өнөктөштөрүбүздүн катышуусу Украинаны капитуляцияга мажбурлоо боюнча чечимдердин кабыл алынбашына кепилдик бермек", — деп эсептейт ал.Мережко Россия, АКШ жана Кытай лидерлеринин жолугушуусу Киев үчүн өтө кооптуу деп эсептээрин жашырган жок. Буга чейин Юрий Ушаков АТЭС саммитинин алкагында Кытайдын Шэньчжэнь шаарында өтө турган Путин, Трамп жана Си Цзиньпиндин ж
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/1c/1104552843_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_9630170f87f421ee36dc80ee022947f3.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио