00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
7 мин
Личный интерес
Элина Янкова и Елена Конева — о помощи детям, силе участия и проекте «Маршрут заботы»
16:08
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:07
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Жаныш жана Максим Бакеивдер Кыргызстанга келсе чек арадан кармалып, дароо камакка алынат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров айтты. Өлкө башчысы менен маек курган Super.kg качкын президент Курманбек Бакиевдин иниси менен уулу экономикага миллиондогон доллар акча салууну убадаласа Кыргызстанга ээн-эркин келе алар-албасын сураган. "Жаныш жана Максим Бакиевдерге карата сот чечим чыгарган, алар өмүр бою эркинен ажыратылды. Өкүм күчүндө, аны эч ким өзгөртө албайт. Келишсе, дароо түрмөгө камалат", — деди Жапаров. Ал ошондой эле эл арасында айтылган Максим Бакиев Кыргызстанга жашыруун келип кетти деген кепти четке какты. Өлкө башчынын айтымында, мындай сөздөрдү чет өлкөдө качып жүргөн, өздөрүн блогер же журналистпиз деп атап алгандар таратып жүрөт. "Аларга ишене бербегиле" деди президент.
Мектептердин айланасында сатылып жаткан зыяндуу таттуулар балдардын ден соолугуна чоң коркунуч жаратууда. Андыктан мындай продукцияларды сатууга тез арада тыюу салуу зарыл. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Таалайбек Сарыбашов билдирди. Эл өкүлүнүн айтымында, арзан жана сапаты күмөн жараткан азыктардан улам балдардын тиштери бузулуп, саламаттыгы начарлап жатат. "Сагыз, чупа-чупс, балмуздак сыяктуу 10-15 сомдук сапатсыз таттууларды балдарыбыз жебеши керек. Балдар биздин келечегибиз дейбиз, алардын ден соолугуна азыртан кам көрбөсөк, келечекте улуттук саламаттыкка олуттуу доо кетет", — деди ал. Мындан тышкары, депутат баланы эмчектен чыгарган күндөн тартып эле туура тамактанууга үйрөтүү керектигин белгилеп, алыскы аймактардагы мектеп жана бала бакчаларда берилип жаткан тамак-аштын сапатын тыкыр текшерүүнү сунуштады.
Мэр Айбек Жунушалиев "Бишкекжылуулукэнерго" ишканасынын жаңы отканаларын ишке киргизди.10-кичи райондогу отканага жалпы кубаттуулугу 25 МВт болгон үч газ казаны орнотулду. Ушундай эле жабдуулар Энергетиктер шаарчасында да коюлган. Бул эки объект 7300дөн ашык абонентти жылуулук менен камсыздайт.Ал эми "Жал" конушундагы "Ротор" отканасына кубаттуулугу 20 МВт болгон эки жаңы газ казаны орнотулду. Мурдагы жабдуулар дээрлик 40 жыл иштеген.Мындан тышкары, 16 объектидеги жылуулук насосторун аралыктан көзөмөлдөөчү бирдиктүү система ишке киргизилди.
Владимир Зеленскийдин Европанын колдоосуна дагы деле ишенип жүрүшү Украина боюнча сүйлөшүүлөрдү татаалдаштырып коюшу мүмкүн. Бул тууралуу АКШ армиясынын отставкадагы полковниги, аскер аналитиги Лоуренс Уилкерсон айтканын РИА Новости билдирди. "Европада акылга сыйбаган көрүнүштөр көп болууда. Мунун баары Зеленскийге үмүт берип жатышы мүмкүн. Бирок кеп дароо эле тынчтык келишимине өтүп кетүү жөнүндө эмес, жок дегенде алгач атышууну токтотуу керектиги тууралуу болушу кажет", — деди Уилкерсон. Эскерте кетсек, Владимир Путин октябрь айында АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткоффко Украина боюнча үч тараптуу сүйлөшүүлөрдү ноябрь айынын 10дорунда улантууга даяр экенин билдирген. Кремль өкүлү Юрий Ушаков сүйлөшүүлөрдүн жаңы раунду ноябрда Абу-Даби шаарында өтүшү мүмкүн экенин айткан. Украинанын лидери дагы 20-октябрда Ослодо өткөн маалымат жыйынында Киев мындай сүйлөшүүлөргө даяр экенин билдирген.
Жаңылыктар түрмөгү
0