00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
7 мин
Личный интерес
Элина Янкова и Елена Конева — о помощи детям, силе участия и проекте «Маршрут заботы»
16:08
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:07
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Психикалык ооруларды ооруканага жаткырбай дарыланат: Кыргызстанда бул система кантип иштейт?

Психикалык ооруларды ооруканага жаткырбай дарыланат: Кыргызстанда бул система кантип иштейт?
Жазылуу
Коноктор
Жаныбек Ажибеков, Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Республикалык психиатрия жана наркология борборунун директорунун милдетин аткаруучу
Кыргызстанда калктын 11 пайызга жакыны ар кандай психикалык бузулуулардан жабыркайт. Бейтаптардын саны тынымсыз өсүүдө. Бул тууралуу “Ачык кеп” уктуруусунда Республикалык психиатрия жана наркология борборунун директорунун милдетин аткаруучу Жаныбек Ажибеков билдирди.Анын айтымында, Кыргызстанда расмий түрдө психикалык оорулар боюнча 50 миңден ашык адам диспансердик каттоодо турат.“Тынчсыздануу, депрессия, өнөкөт стресс, социалдык басым, жашоо шартынын оордугу жана негативдүү маалыматтар психикалык ооруга алып келүүдө. 2018-жылдан 2030-жылга чейин калктын психикалык саламаттыгын коргоо боюнча программа иштейт. Бул программанын алкагында көп тармактуу адистердин тобу түзүлүп, медицина кызматкерлерине кошумча стимулдаштыруучу төлөмдөр каралган. Психикалык бузулуулардан жабыркаган бейтаптарды амбулатордук шартта дарылоону каржылоо механизмдери киргизилген. Анын ичинде көп тармактуу адистердин командаларынын ишин каржылоо каралган. Мындай команданын курамына психиатр, психолог жана бейтаптарды, анын ичинде үйүнө барып, көзөмөлдөгөн патронаждык медайымдар кирет. Мындай ыкма бейтаптарды амбулатордук шартта дарылоого мүмкүндүк берип, аларды ооруканага жаткырууга болгон муктаждыкты азайтат. Учурда көп тармактуу адистердин командалары алгач пилоттук долбоор катары ишке киргизилген 17 саламаттык сактоо уюмунда иштеп жатат. Тажрыйбаны саламаттык сактоо системасынын бардык мекемелерине жайылтуу пландалган, бирок бул багыттагы иштер жай жүрүүдө. Негизги көйгөй — адистердин жетишсиздиги болууда. Республика боюнча психиатр дарыгерлердин саны чектелип (болжол менен 138 психиатр) адистерге түшкөн жүк абдан жогору бойдон калууда”, — деди Ажибеков.Ал келечекте мындай командалардын санын 2030-жылга чейин 50гө жеткирүү пландалып жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0