https://sputnik.kg/20261028/1104571931.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Сариев Кыргыз-казак ишкерлер кеңешинде чек арадагы көйгөйлөрдү көтөрдүАрмения Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна кайтып келбей турганын билдирдиСадыр... 28.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-28T19:00+0600
2026-10-28T19:00+0600
2026-10-28T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/1c/1104571764_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_34988e6156671e620ffaadb0eb682d9e.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Сариев Кыргыз-казак ишкерлер кеңешинде чек арадагы көйгөйлөрдү көтөрдүАрмения Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна кайтып келбей турганын билдирдиСадыр Жапаров Түркияда өтчү Түрк мамлекеттер уюмуну өлкө башчыларынын саммитине катышат
Президент Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын чакыруусу менен 29-30-октябрда Анкара шаарына иш сапар менен барат. Бул тууралуу "Ынтымак ордодон" кабарлашты. Иш сапардын жүрүшүндө Жапаров Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) мамлекет башчыларынын 13-саммитине катышат. "Аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер талкууланат. Саммиттин жыйынтыгы боюнча ТМУнун мамлекет башчыларынын Анкара декларациясына жана катышуучу мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты мындан ары чыңдоого багытталган башка документтерге кол коюу пландалууда", — деп айтылат билдирүүдө.
Казакстан менен чек арадагы чечилбеген маселелер экономикалык кызматташтыктын өнүгүшүнө тоскоол болууда. Бул тууралуу Кыргыз-казак ишкерлер кеңешинин жыйынында КР Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Темир Сариев билдирди. Ал Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы соода өсүп жатканын, бирок чек арадагы көйгөйлөр ишкерлерге жана жарандарга олуттуу кыйынчылыктарды жаратып жатканын белгилеген. Сариев Кыргызстандан барган жүк ташуучу унаалардын чек арада узак убакыт кармалып жатканына өзгөчө көңүл бурду. Мунун кесепетинен товарлар бузулуп, жеткирүү кечеңдеп, ишкерлер келишимдеринен кол жууп жатышат. Ошондой эле ал жарандардын, анын ичинде Ысык-Көлгө бара жаткан туристтердин чек арадан өткөн кыйынчылыктарына токтолду. Мындай жагдай ишкердикке гана эмес, туризм тармагынын өнүгүшүнө да терс таасирин тийгизүүдө."Казакстандын Улуттук ишкерлер палатасына ишкерлердин кайрылууларын биргелешип чогултуп, өкмөттөрүбүзгө макулдашылган сунуштарды киргизүүнү сунуштайм. Чек ара бөлүп-жарбай, тескерисинче, боордош элдерди бириктириши керек", — деди ал жыйында.
Мээрим Жуманазарова күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты 68 кг салмакта күч сынашып жаткан балбан кыз алгач индиялык спортчуну жеңди. Андан соң америкалык Кеннеди Блэйдс менен беттеште упай жагынан артта калып жатканына карабастан, акыркы мүнөттө көтөрүп чаап, бир топко басып жатып, далысын жерге тийгизди. Эми Жуманазарова финалга чыгуу үчүн монголиялык балбан Энхсайхан Делгерма менен күрөшөт.
Армения Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна (ЖККУ) кайра кайтып келүүнү пландабайт. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министри Арарат Мирзоян билдирди. Анын айтымында, Ереван уюмдун ишине катышуусун эбак эле токтоткон.Буга чейин уюмдун мурдагы башкы катчысы Николай Бордюжа Армения ЖККУнун ишине катышпай жаткандыктан, аны уюмдан чыгаруу маселесин кароо керектигин айткан. Ошол эле учурда ал кабыл алынуучу чечимдерди Армения менен макулдашуу зарылдыгын белгилеген. Бордюжанын пикиринде, Армения уюмдан өз ыктыяры менен чыкканы туура болмок. Эгерде өлкө мындай чечим кабыл албаса, аны уюмдан чыгаруу маселеси каралышы керек. Ал эми ЖККУнун баш катчысы Таалатбек Масадыков буга чейин Арменияны уюмдан чыгаруу маселеси 11-ноябрда Москвада өтө турган Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйынында көтөрүлүшү мүмкүн экенин билдирген.
ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 98 сом 29 тыйынгаюань 13 сом 12 тыйынга рубль 1 сом 9 тыйынга Казак тенгеси 19 тыйынга барабар
МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 87 сом 90 тыйындан баштап сатылууда. АИ 95 улгусундогу май 109 сом 90 тыйындан, Дизель майы литрине 99 сом 90 тыйынга бааланса, унаа газынын литри 48 сом 80 тыйындан сатылууда
Аба ырайы29-октябрга караган түнү жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бейшемби күнү өлкөнүн айрым жерлеринде жамгыр, тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Абанын температурасы Чүй, Талас, Ысык-Көл жергесинде +9...+14, Ош, Жалал-Абад облустарында +16...+21, Баткенде +15...+20, Нарында +10...+15 градус жылуу болот. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +12...+14, Ошто +17...+19 градуска жетет.
Сариев Кыргыз-казак ишкерлер кеңешинде чек арадагы көйгөйлөрдү көтөрдүАрмения Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна кайтып келбей турганын билдирдиСадыр Жапаров Түркияда өтчү Түрк мамлекеттер уюмуну өлкө башчыларынын саммитине катышат Президент Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын чакыруусу менен 29-30-октябрда Анкара шаарына иш сапар менен барат. Бул тууралуу "Ынтымак ордодон" кабарлашты. Иш сапардын жүрүшүндө Жапаров Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) мамлекет башчыларынын 13-саммитине катышат. "Аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер талкууланат. Саммиттин жыйынтыгы боюнча ТМУнун мамлекет башчыларынын Анкара декларациясына жана катышуучу мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты мындан ары чыңдоого багытталган башка документтерге кол коюу пландалууда", — деп айтылат билдирүүдө.Казакстан менен чек арадагы чечилбеген маселелер экономикалык кызматташтыктын өнүгүшүнө тоскоол болууда. Бул тууралуу Кыргыз-казак ишкерлер кеңешинин жыйынында КР Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Темир Сариев билдирди. Ал Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы соода өсүп жатканын, бирок чек арадагы көйгөйлөр ишкерлерге жана жарандарга олуттуу кыйынчылыктарды жаратып жатканын белгилеген. Сариев Кыргызстандан барган жүк ташуучу унаалардын чек арада узак убакыт кармалып жатканына өзгөчө көңүл бурду. Мунун кесепетинен товарлар бузулуп, жеткирүү кечеңдеп, ишкерлер келишимдеринен кол жууп жатышат. Ошондой эле ал жарандардын, анын ичинде Ысык-Көлгө бара жаткан туристтердин чек арадан өткөн кыйынчылыктарына токтолду. Мындай жагдай ишкердикке гана эмес, туризм тармагынын өнүгүшүнө да терс таасирин тийгизүүдө."Казакстандын Улуттук ишкерлер палатасына ишкерлердин кайрылууларын биргелешип чогултуп, өкмөттөрүбүзгө макулдашылган сунуштарды киргизүүнү сунуштайм. Чек ара бөлүп-жарбай, тескерисинче, боордош элдерди бириктириши керек", — деди ал жыйында.Мээрим Жуманазарова күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты 68 кг салмакта күч сынашып жаткан балбан кыз алгач индиялык спортчуну жеңди. Андан соң америкалык Кеннеди Блэйдс менен беттеште упай жагынан артта калып жатканына карабастан, акыркы мүнөттө көтөрүп чаап, бир топко басып жатып, далысын жерге тийгизди. Эми Жуманазарова финалга чыгуу үчүн монголиялык балбан Энхсайхан Делгерма менен күрөшөт.Армения Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна (ЖККУ) кайра кайтып келүүнү пландабайт. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министри Арарат Мирзоян билдирди. Анын айтымында, Ереван уюмдун ишине катышуусун эбак эле токтоткон.Буга чейин уюмдун мурдагы башкы катчысы Николай Бордюжа Армения ЖККУнун ишине катышпай жаткандыктан, аны уюмдан чыгаруу маселесин кароо керектигин айткан. Ошол эле учурда ал кабыл алынуучу чечимдерди Армения менен макулдашуу зарылдыгын белгилеген. Бордюжанын пикиринде, Армения уюмдан өз ыктыяры менен чыкканы туура болмок. Эгерде өлкө мындай чечим кабыл албаса, аны уюмдан чыгаруу маселеси каралышы керек. Ал эми ЖККУнун баш катчысы Таалатбек Масадыков буга чейин Арменияны уюмдан чыгаруу маселеси 11-ноябрда Москвада өтө турган Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйынында көтөрүлүшү мүмкүн экенин билдирген. ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 98 сом 29 тыйынгаюань 13 сом 12 тыйынга рубль 1 сом 9 тыйынга Казак тенгеси 19 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 87 сом 90 тыйындан баштап сатылууда. АИ 95 улгусундогу май 109 сом 90 тыйындан, Дизель майы литрине 99 сом 90 тыйынга бааланса, унаа газынын литри 48 сом 80 тыйындан сатылуудаАба ырайы29-октябрга караган түнү жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бейшемби күнү өлкөнүн айрым жерлеринде жамгыр, тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Абанын температурасы Чүй, Талас, Ысык-Көл жергесинде +9...+14, Ош, Жалал-Абад облустарында +16...+21, Баткенде +15...+20, Нарында +10...+15 градус жылуу болот. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +12...+14, Ошто +17...+19 градуска жетет.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/1c/1104571764_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_175609866eaafb5bac9c940da72c1e16.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио