00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Если разобраться...
От обещаний к результатам: лекарства, суды, фабрика и деньги «Кумтора»
12:05
119 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Психикалык ооруларды ооруканага жаткырбай дарыланат: Кыргызстанда бул система кантип иштейт?
15:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
10 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Өлкө башчы 2021-жылы эмне үчүн президенттин милдетин аткаруучу кызматын тапшырып, шайлоого катышканын түшүндүргөн. Айтымында, анда жагдай таптакыр башка болчу, ал кезде эл шайлаган президент болгон эмес. “Мен мыйзамга ылайык, өз милдетимди аткарып жатам. Кызматта турган президент менен убактылуу милдетин аткаруучу экөөнүн шайлоого катышуу укуктук макамы эки башка. Акаевдин мезгилинен бери эле кызматтагы президент ордун тапшырбай туруп шайлоого катышат деп турат. Дүйнөдө бардык өлкөлөрдө ушундай норма бар. Себеби мамлекет бир дагы күн президентсиз калбашы керек”, — деген ал Супер.кж порталына берген маегинде. Ошондой эле ал үгүт иштери боюнча бардыгына бирдей шарт түзүлөрүн, анын эл менен жолугушууларын үгүт катары кабыл алуу туура эместигин айткан. Аймактарды кыдыруусу ноябрда бүтөрүн кошумчалаган. Белгилей кетсек, алдыдагы президенттик шайлоонун үгүтү 23-декабрда башталат.
Кыргызстанда мопед, мотоцикл жана скутерлерди мыйзамдаштыруу сунушталды Бул үчүн президенттин жарлыгынын долбоору иштелип чыкты. ИИМдин маалыматына ылайык, өлкөгө алып келинген мындай транспорт каражаттарынын айрымдары мамлекеттик каттоодон өткөн эмес. Долбоордо алардын ээлерине транспортун мыйзамдаштырууга жана айдоочуларга бир айдын ичинде жеңилдетилген шартта окуп, А1 категориясындагы айдоочулук күбөлүк алууга мүмкүнчүлүк берүү каралган. Министрлик бул чаралар транспорт каражаттарынын ээлерин аныктоого, ошондой эле айдоочулардын жол эрежелерин билүүсүн жана коопсуз айдоо көндүмдөрүн жакшыртууга багытталганын белгилейт.
Бишкекте эки баласын электр велосипедине отургузуп алып, жеткирүү кызматында иштеген аялга элдин колдоосу менен үч бөлмөлүү үй алынды. Кайрымдуулукка бир суткада 130 миң доллар чогултулган. Маалыматка ылайык, чогулган каражаттын 102 миң доллары турак жай сатып алууга жумшалган. Ажар аттуу аял көрсөтүлгөн колдоо үчүн ыраазычылык билдирип, эми үй-жайлуу болгонун айты. Ошондой эле калган каражатты башка муктаж адамдарга берүүнү сунуштаган. "Мага мындан башка нерсенин кереги жок, үйлүү болдум. Калган акчаны башка муктаж болгондорго өткөрүп берүүнү сунуштайм", — деген келин.
Быйылкы жылдын биринчи жарымында Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн 710 миллион доллар инвестиция келип, былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу 147,2 миллион долларга көп болгон. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. Инвестициянын өсүшү боюнча 183 миллион доллар менен Россия алдыда. Ал жактан келген каражат былтыркыга салыштырмалуу 72 пайызга көбөйгөн. Чет өлкөлүк инвестициялардын төрттөн бир бөлүгүнөн көбү Россияга туура келет. Бир жыл мурда анын үлүшү 19 пайыз болчу. Каражат негизинен өнөр жайга, кен казууга жана соодага жумшалган. Россия КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстанга эң көп инвестиция салган. Ал эми жалпы тизмеде 204 миллион доллар салган Кытай сап башында, каражат 37,3 миллион долларга көбөйгөн. ЕАЭБге мүчө Казакстандан келген инвестиция да кыйла өскөн. Ал жактан 84 миллион доллар салынып, былтыркыдан 20,1 миллион долларга көп болгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0