https://sputnik.kg/20261028/zhapykeev-aryz-berdi-1104563797.html
Сыймык Жапыкеев президенттик шайлоого катышуу үчүн арыз берди
Сыймык Жапыкеев президенттик шайлоого катышуу үчүн арыз берди
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын (Финпол) мурдагы жетекчиси Сыймык Жапыкеев президенттик шайлоого талапкерлигин... 28.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-28T14:37+0600
2026-10-28T14:37+0600
2026-10-28T14:37+0600
кыргызстан
бшк
сыймык жапыкеев
президенттик шайлоо
талапкер
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/1c/1104562884_0:94:900:600_1920x0_80_0_0_c9b4bf1d2a96171f16048dc1d2d3f52e.jpg
БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын (Финпол) мурдагы жетекчиси Сыймык Жапыкеев президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөтүү үчүн арыз берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдады. Арыздарды кабыл алуу 12-ноябрда аяктап, андан соң талапкерлерди каттоо башталат. Жапыкеев президенттикке ат салышуу ниетин расмий билдирген үчүнчү адам. Буга чейин Аймен Касенов менен Азамат Эсенбеков да шайлоого катышуу ниетин билдиришкен. 49 жаштагы Сыймык Жапыкеев Балыкчы шаарында төрөлгөн. 2000-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин аяктаган. Эмгек жолун прокуратура органдарында баштап, ар кайсы райондордо тергөөчү жана прокурор болуп иштеген. 2020-жылдын октябрында Финполдун төрагасы болуп дайындалган. Кызмат 2021-жылы жоюлгандан кийин ага финансы полициясынын генерал-майору наамы ыйгарылган. Ошол эле жылдын март айынын аягында Ысык-Көл облусунун прокурору болуп дайындалып, бир айдан соң кызматтан кеткен.
https://sputnik.kg/20261028/zhaparov-shajloodogu-ataandashtar-tuuraluu-1104558134.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/1c/1104562884_50:0:850:600_1920x0_80_0_0_d4067eaf8714d071ff84f8a926a82b07.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, бшк, сыймык жапыкеев, президенттик шайлоо, талапкер
кыргызстан, бшк, сыймык жапыкеев, президенттик шайлоо, талапкер
Сыймык Жапыкеев президенттик шайлоого катышуу үчүн арыз берди
БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын (Финпол) мурдагы жетекчиси Сыймык Жапыкеев президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөтүү үчүн арыз берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдады.
Арыздарды кабыл алуу 12-ноябрда аяктап, андан соң талапкерлерди каттоо башталат.
Жапыкеев президенттикке ат салышуу ниетин расмий билдирген үчүнчү адам. Буга чейин Аймен Касенов менен Азамат Эсенбеков да шайлоого катышуу ниетин билдиришкен.
49 жаштагы Сыймык Жапыкеев Балыкчы шаарында төрөлгөн. 2000-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин аяктаган.
Эмгек жолун прокуратура органдарында баштап, ар кайсы райондордо тергөөчү жана прокурор болуп иштеген. 2020-жылдын октябрында Финполдун төрагасы болуп дайындалган. Кызмат 2021-жылы жоюлгандан кийин ага финансы полициясынын генерал-майору наамы ыйгарылган. Ошол эле жылдын март айынын аягында Ысык-Көл облусунун прокурору болуп дайындалып, бир айдан соң кызматтан кеткен.