00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:07
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Депутат: мектептердин жанында сапатсыз таттууларды сатууга тыюу салыш керек

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Таалайбек Сарыбашов
Депутат Таалайбек Сарыбашов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.10.2026
Жазылуу
БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Мектептердин айланасында сатылып жаткан зыяндуу таттуулар балдардын ден соолугуна чоң коркунуч жаратууда. Андыктан мындай продукцияларды сатууга тез арада тыюу салуу зарыл. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Таалайбек Сарыбашов билдирди.
Эл өкүлүнүн айтымында, арзан жана сапаты күмөн жараткан азыктардан улам балдардын тиштери бузулуп, саламаттыгы начарлап жатат.
"Сагыз, чупа-чупс, балмуздак сыяктуу 10-15 сомдук сапатсыз таттууларды балдарыбыз жебеши керек. Балдар биздин келечегибиз дейбиз, алардын ден соолугуна азыртан кам көрбөсөк, келечекте улуттук саламаттыкка олуттуу доо кетет", — деди ал.
Мындан тышкары, депутат баланы эмчектен чыгарган күндөн тартып эле туура тамактанууга үйрөтүү керектигин белгилеп, алыскы аймактардагы мектеп жана бала бакчаларда берилип жаткан тамак-аштын сапатын тыкыр текшерүүнү сунуштады.
Депутат көтөргөн көйгөй чындыгында олуттуу экенин дарыгерлер да тастыктоодо. Бишкектеги №9 Үй-бүлөлүк медицина борборунун директорунун орун басары Диляра Искакова Sputnik агенттигине берген маегинде белгилегендей, учурда туура эмес тамактануунун кесепетинен өлкөдөгү балдардын дээрлик жарымында темир жетишсиздиги байкалууда. Мунун айынан аз кандуулук, бойдун өспөй калышы жана семирүү сыяктуу көйгөйлөр жаралып, балдар бат чарчап, сабакка көңүл буруусу начарлайт. Адистер буга сапатсыз тамактар жана кыймылдын аздыгы себеп болорун эскертишүүдө.
Ашыкча салмактан жабыркаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.10.2026
Кыргызстанда ашыкча салмактуулардын саны дүйнөдөгү орточо көрсөткүчтөн ашты
Жаңылыктар түрмөгү
0