https://sputnik.kg/20261017/1104356411.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров Ереванда БУУнун Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенциясынын тараптарынын 17-конференциясынын (COP17) алкагындагы Лидерлер... 17.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-17T16:59+0600
2026-10-17T16:59+0600
2026-10-17T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/11/1104356245_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_17c22b06fdf5e203fdabca73f920f064.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров Ереванда БУУнун Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенциясынын тараптарынын 17-конференциясынын (COP17) алкагындагы Лидерлер саммитинин жүрүшүндө Бириккен Улуттар Уюмунун Билим берүү, илим жана маданият боюнча уюмунун (ЮНЕСКО) башкы директору Халед Аль-Анани менен жолугушту. Тараптар билим берүү, илим, маданият, жаштар саясаты жана санариптик технологиялар тармактарындагы кызматташтыкты чыңдоонун келечегин, ошондой эле тарыхый жана жаратылыш мурастарын сактоо маселелерин талкуулашты. Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын ЮНЕСКО менен кызматташуусунун маанилүүлүгүнө өзгөчө токтолуп, өлкө 2025-2029-жылдарга Уюмдун Аткаруу кеңешине шайланганын белгиледи. 2027-жылдын 21-23-октябрында Бишкек шаарында өтө турган “Бишкек+25” экинчи глобалдык тоо саммитине даярдык көрүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Мамлекет башчысы ЮНЕСКОнун башкы директорун тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү жаатындагы эл аралык кызматташтыкты чыңдоого багытталган Саммитке катышууга чакырды.Мындан тышкары, президент Ысык-Көлдүн экосистемасын сактоо үчүн БУУнун колдоосу астында эл аралык трасттык фонд түзүү боюнча Кыргызстандын демилгесин ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу айтып берди.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов министрлер кабинетине караштуу Демографиялык саясат боюнча кеңешинин биринчи жыйынын өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар Кыргызстандагы учурдагы демографиялык кырдаалды, өлкөнүн демографиялык өнүгүүсүндөгү негизги көйгөйлөрдү жана Кыргызстандын 2040-жылга чейинки Демографиялык саясат концепциясынын биринчи этабын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын талкуулашты. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү үчүн демографиялык саясаттын стратегиялык маанисин белгилеп, бул багыттагы максаттарды натыйжалуу ишке ашыруу мамлекеттик органдардын өз ара макулдашылган аракеттерин талап кыларын белгиледи. Иш-чаралар планын өз убагында жана сапаттуу аткарууга, жооптуу мамлекеттик органдардын ишин координациялоого, анын аткарылышына туруктуу мониторинг жүргүзүүгө, ошондой эле аныкталган маселелерди чечүү боюнча конкреттүү чараларды кабыл алууга өзгөчө көңүл бурулду.
Кыргызстанда "Социалдык контракт" программасынын алкагында ишкердикти баштаган 31 адамдын жылдык кирешеси 1 млн сомдон ашты. Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, жылдык кирешеси 1 млн сомдон ашкан ишкерлердин 10у кызмат көрсөтүү, 9у өндүрүш, 8и соода-сатык жана 4өө айыл чарба тармагында иш алып барат. "Катышуучулардын бизнес-долбоорлорунун басымдуу бөлүгү айыл чарбасына туура келет — 73,3%. Өндүрүш тармагынын үлүшү 13,8%, соода-сатыктыкы 6,7%, кызмат көрсөтүү тармагыныкы 6,2% түзөт", - деп айтылат маалыматта. Белгилей кетсек, "Социалдык контракт" программасы жарандардын ишкердик демилгелерин колдоого, киреше табуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана үй-бүлөлөрдүн экономикалык абалын жакшыртууга багытталган.
Президент Садыр Жапаров Ереванда БУУнун Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенциясынын тараптарынын 17-конференциясынын (COP17) алкагындагы Лидерлер саммитинин жүрүшүндө Бириккен Улуттар Уюмунун Билим берүү, илим жана маданият боюнча уюмунун (ЮНЕСКО) башкы директору Халед Аль-Анани менен жолугушту. Тараптар билим берүү, илим, маданият, жаштар саясаты жана санариптик технологиялар тармактарындагы кызматташтыкты чыңдоонун келечегин, ошондой эле тарыхый жана жаратылыш мурастарын сактоо маселелерин талкуулашты. Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын ЮНЕСКО менен кызматташуусунун маанилүүлүгүнө өзгөчө токтолуп, өлкө 2025-2029-жылдарга Уюмдун Аткаруу кеңешине шайланганын белгиледи. 2027-жылдын 21-23-октябрында Бишкек шаарында өтө турган “Бишкек+25” экинчи глобалдык тоо саммитине даярдык көрүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Мамлекет башчысы ЮНЕСКОнун башкы директорун тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү жаатындагы эл аралык кызматташтыкты чыңдоого багытталган Саммитке катышууга чакырды.Мындан тышкары, президент Ысык-Көлдүн экосистемасын сактоо үчүн БУУнун колдоосу астында эл аралык трасттык фонд түзүү боюнча Кыргызстандын демилгесин ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу айтып берди. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов министрлер кабинетине караштуу Демографиялык саясат боюнча кеңешинин биринчи жыйынын өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар Кыргызстандагы учурдагы демографиялык кырдаалды, өлкөнүн демографиялык өнүгүүсүндөгү негизги көйгөйлөрдү жана Кыргызстандын 2040-жылга чейинки Демографиялык саясат концепциясынын биринчи этабын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын талкуулашты. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү үчүн демографиялык саясаттын стратегиялык маанисин белгилеп, бул багыттагы максаттарды натыйжалуу ишке ашыруу мамлекеттик органдардын өз ара макулдашылган аракеттерин талап кыларын белгиледи. Иш-чаралар планын өз убагында жана сапаттуу аткарууга, жооптуу мамлекеттик органдардын ишин координациялоого, анын аткарылышына туруктуу мониторинг жүргүзүүгө, ошондой эле аныкталган маселелерди чечүү боюнча конкреттүү чараларды кабыл алууга өзгөчө көңүл бурулду. Кыргызстанда "Социалдык контракт" программасынын алкагында ишкердикти баштаган 31 адамдын жылдык кирешеси 1 млн сомдон ашты. Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, жылдык кирешеси 1 млн сомдон ашкан ишкерлердин 10у кызмат көрсөтүү, 9у өндүрүш, 8и соода-сатык жана 4өө айыл чарба тармагында иш алып барат. "Катышуучулардын бизнес-долбоорлорунун басымдуу бөлүгү айыл чарбасына туура келет — 73,3%. Өндүрүш тармагынын үлүшү 13,8%, соода-сатыктыкы 6,7%, кызмат көрсөтүү тармагыныкы 6,2% түзөт", - деп айтылат маалыматта. Белгилей кетсек, "Социалдык контракт" программасы жарандардын ишкердик демилгелерин колдоого, киреше табуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана үй-бүлөлөрдүн экономикалык абалын жакшыртууга багытталган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/11/1104356245_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_f95b029e81043b038059ea5e4119a71e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио