https://sputnik.kg/20261017/1104350514.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Ереванда президент Садыр Жапаровду Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын расмий жана азем менен тосуп алды.Президенттик сарайда оркестр эки өлкөнүн... 17.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-17T13:00+0600
2026-10-17T13:00+0600
2026-10-17T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/11/1104350348_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_f470b837118c9b673a68f46473462c96.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Ереванда президент Садыр Жапаровду Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын расмий жана азем менен тосуп алды.Президенттик сарайда оркестр эки өлкөнүн мамлекеттик гимндерин аткарды. Андан соң лидерлер расмий делегациялардын мүчөлөрү менен учурашты.Аземден кийин Жапаров менен Никол Пашинян бетме-бет форматта сүйлөшүүгө өттү.Алар саясий диалогду чыңдоого, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурушту. Кыргыз-армян кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Кыргызстанда 2027-жылы орточо айлык акы 58,3 миң сомду түзөрүнө Каржы министрлиги божомол кылып жатат. Бул сандар бюджеттин долбоорунда айтылган. Документте белгиленгендей, 2029-жылга карата эмгек акы 64,5 миң сомго чейин жогорулайт. Улуттук статистика комитетинин акыркы маалыматтары боюнча, быйылкы жылы орточо маяна 54,9 миң сомду түздү.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов министрлер кабинетине караштуу Демографиялык саясат боюнча кеңешинин биринчи жыйынын өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар Кыргызстандагы учурдагы демографиялык кырдаалды, өлкөнүн демографиялык өнүгүүсүндөгү негизги көйгөйлөрдү жана Кыргызстандын 2040-жылга чейинки Демографиялык саясат концепциясынын биринчи этабын (2026–2030-жылдар) ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын талкуулашты. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү үчүн демографиялык саясаттын стратегиялык маанисин белгилеп, бул багыттагы максаттарды натыйжалуу ишке ашыруу мамлекеттик органдардын өз ара макулдашылган аракеттерин талап кыларын белгиледи. Иш-чаралар планын өз убагында жана сапаттуу аткарууга, жооптуу мамлекеттик органдардын ишин координациялоого, анын аткарылышына туруктуу мониторинг жүргүзүүгө, ошондой эле аныкталган маселелерди чечүү боюнча конкреттүү чараларды кабыл алууга өзгөчө көңүл бурулду. Жыйында демографиялык саясаттын артыкчылыктуу багыттарын ишке ашыруу жана өлкөнүн демографиялык өнүгүүсү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу пайдалануу боюнча сунуштар талкууланды.
Ички иштер министрлиги жарандарды сак болууга жана экстремисттик, радикалдык идеяларды жайылткан уюмдардын ишмердүүлүгүнө тартылууга жол бербөөгө чакырат. Ведомстводон билдиришкендей, соттор тарабынан террористтик же экстремисттик деп таанылган уюмдардын жана маалыматтык материалдардын расмий тизмеси Башкы прокуратуранын сайтында жайгаштырылган. Мындай уюмдар өздөрүнүн көз караштарын жайылтуу, жаңы мүчөлөрдү тартуу жана жарандарды мыйзамсыз аракеттерге түртүү максатында социалдык тармактарды, мессенжерлерди жана жеке байланыштарды колдонушат. Жарандарды мындай ишмердүүлүккө тартуу жабык топторго кошулууга чакыруудан, интернеттеги талкууларга катыштыруудан же коркунучсуз жарыялардын атын жамынып, ар кандай материалдарды таратуудан башталышы мүмкүн. Тыюу салынган террористтик жана экстремисттик уюмдардын ишмердүүлүгүнө катышуу, ошондой эле мыйзамда каралган учурларда экстремисттик мүнөздөгү башка укукка каршы аракеттерди жасоо кылмыш-жаза жоопкерчилигине алып келет.Ушуга байланыштуу Ички иштер министрлиги жарандарды келип түшкөн маалыматтарга кылдат мамиле кылууга, мындай уюмдарга кошулуу тууралуу сунуштарга алдырбоого жана экстремизмди пропаганда кылган материалдарды таратпоого чакырат.
Ереванда президент Садыр Жапаровду Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын расмий жана азем менен тосуп алды.Президенттик сарайда оркестр эки өлкөнүн мамлекеттик гимндерин аткарды. Андан соң лидерлер расмий делегациялардын мүчөлөрү менен учурашты.Аземден кийин Жапаров менен Никол Пашинян бетме-бет форматта сүйлөшүүгө өттү.Алар саясий диалогду чыңдоого, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурушту. Кыргыз-армян кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты. Кыргызстанда 2027-жылы орточо айлык акы 58,3 миң сомду түзөрүнө Каржы министрлиги божомол кылып жатат. Бул сандар бюджеттин долбоорунда айтылган. Документте белгиленгендей, 2029-жылга карата эмгек акы 64,5 миң сомго чейин жогорулайт. Улуттук статистика комитетинин акыркы маалыматтары боюнча, быйылкы жылы орточо маяна 54,9 миң сомду түздү.Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов министрлер кабинетине караштуу Демографиялык саясат боюнча кеңешинин биринчи жыйынын өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар Кыргызстандагы учурдагы демографиялык кырдаалды, өлкөнүн демографиялык өнүгүүсүндөгү негизги көйгөйлөрдү жана Кыргызстандын 2040-жылга чейинки Демографиялык саясат концепциясынын биринчи этабын (2026–2030-жылдар) ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын талкуулашты. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү үчүн демографиялык саясаттын стратегиялык маанисин белгилеп, бул багыттагы максаттарды натыйжалуу ишке ашыруу мамлекеттик органдардын өз ара макулдашылган аракеттерин талап кыларын белгиледи. Иш-чаралар планын өз убагында жана сапаттуу аткарууга, жооптуу мамлекеттик органдардын ишин координациялоого, анын аткарылышына туруктуу мониторинг жүргүзүүгө, ошондой эле аныкталган маселелерди чечүү боюнча конкреттүү чараларды кабыл алууга өзгөчө көңүл бурулду. Жыйында демографиялык саясаттын артыкчылыктуу багыттарын ишке ашыруу жана өлкөнүн демографиялык өнүгүүсү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу пайдалануу боюнча сунуштар талкууланды.Ички иштер министрлиги жарандарды сак болууга жана экстремисттик, радикалдык идеяларды жайылткан уюмдардын ишмердүүлүгүнө тартылууга жол бербөөгө чакырат. Ведомстводон билдиришкендей, соттор тарабынан террористтик же экстремисттик деп таанылган уюмдардын жана маалыматтык материалдардын расмий тизмеси Башкы прокуратуранын сайтында жайгаштырылган. Мындай уюмдар өздөрүнүн көз караштарын жайылтуу, жаңы мүчөлөрдү тартуу жана жарандарды мыйзамсыз аракеттерге түртүү максатында социалдык тармактарды, мессенжерлерди жана жеке байланыштарды колдонушат. Жарандарды мындай ишмердүүлүккө тартуу жабык топторго кошулууга чакыруудан, интернеттеги талкууларга катыштыруудан же коркунучсуз жарыялардын атын жамынып, ар кандай материалдарды таратуудан башталышы мүмкүн. Тыюу салынган террористтик жана экстремисттик уюмдардын ишмердүүлүгүнө катышуу, ошондой эле мыйзамда каралган учурларда экстремисттик мүнөздөгү башка укукка каршы аракеттерди жасоо кылмыш-жаза жоопкерчилигине алып келет.Ушуга байланыштуу Ички иштер министрлиги жарандарды келип түшкөн маалыматтарга кылдат мамиле кылууга, мындай уюмдарга кошулуу тууралуу сунуштарга алдырбоого жана экстремизмди пропаганда кылган материалдарды таратпоого чакырат.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/11/1104350348_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_90673365fd0b48da7381ecaf31597d62.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио