https://sputnik.kg/20261017/1104348340.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдү сактоо үчүн атайын трасттык фонд түзүүнү сунуштап, анын баштапкы капиталына мамлекеттик бюджеттен 10 миллион доллар бөлүүгө... 17.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-17T08:59+0600
2026-10-17T08:59+0600
2026-10-17T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/11/1104348174_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_3f46a378e989d7c449cd2b88f8f03eed.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдү сактоо үчүн атайын трасттык фонд түзүүнү сунуштап, анын баштапкы капиталына мамлекеттик бюджеттен 10 миллион доллар бөлүүгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу ал Армениянын Ереван шаарында өткөн БУУнун COP17 алкагындагы лидерлер саммитинде айтты. Президенттин маалыматына караганда, акыркы 170 жылда Ысык-Көлдүн деңгээли дээрлик 14 метрге төмөндөгөн. Акыркы төрт жылда көлдүн түбүнөн 70 тоннага жакын таштанды жана 580 миң метрге жакын мыйзамсыз балык уулоочу тор чыгарылган. Мындан тышкары, Жапаров тоолуу аймактардын экологиясын коргоо боюнча бир катар демилгелерди көтөрүп, дүйнөлүк коомчулукту 2027-жылдын 21–23-октябрында Бишкекте өтө турган «Бишкек+25» глобалдык тоо саммитине катышууга чакырды.
Айыл чарба министрлиги ар бир аймакта мөмө-жемиш ширесин чыгаруучу завод ачууну сунуштап жатат. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты. Министрдин орун басары Рысгүл Акимжанова Багбандар ассоциациясынын жетекчиси Манас Саматовду уюмдун мүчөлөрү менен жолугушуп, көйгөйлөрдү талкуулоого чакырды. Анын айтымында, министрлик багбандардын ишкерлик менен алектенүүсүнө колдоо көрсөтүүгө даяр. "Ар бир аймакта жергиликтүү мөмө-жемиштерди кайра иштеткен заводдорду ачууну сунуштайм. Баткендин алмасынан, Көлдүн өрүгүнөн, Аксынын кара өрүгүнөн жасалган суусундуктарды ичели", — деди Акимжанова.
Расмий жумушсуз адамды ишке алгандарга 150 миң сомдон берилет “Социалдык келишим” долбоорунун алкагында ишке ашып жаткан демилгеде 5 адамга чейин чектөө бар. Мисалы, 5 жумушсуз адамды иш менен камсыздаса, мамлекет 750 миң сом берет. Мындан ашканына колдоо каралган эмес. Ишкер алган каражатын бизнести өнүктүрүүгө, жабдууларды же техникаларды сатып алууга гана жумшашы керек. Башка максатта колдонууга болбойт. Иш берүүчүнүн туруктуу кирешеси болушу шарт жана жогору айлык сунушташы керек. Жаңы кызматкер расмий жумушка орношуп, анын айлыгы аймактагы орточо эмгек акыдан төмөн болбошу зарыл. 12 айга эсептелген пилоттук долбоор Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында, ошондой эле Кадамжай районунда ишке ашырылат. Программага катышууну каалагандар жергиликтүү бийликке же Эмгек министрлигинин бөлүмдөрүнө кайрылса болот.
Былтыр 16-октябрда Запорожье облусунда журналисттердин тобуна украиналык камикадзе-дрон сокку урган. Анын кесепетинен РИА Новости агенттигинин аскердик кабарчысы, 39 жаштагы Иван Зуев курман болгон. ЖМК өкүлдөрү редакциянын тапшырмасын аткарып жүргөн. Зуев фронттун эң кооптуу тилкелеринде иштеп, Мариуполь, Волноваха, Авдеевка жана Угледар үчүн салгылашууларды чагылдырган. Ал Sputnik агенттигинде эмгектенип, РИА Новости агенттигинин Донецкидеги кабарчылар бөлүмүн жетектеген. Бирок канча согушту көрсө да ак дилин, боорукерлигин жоготкон эмес. Согуш талаасында кароосуз калган жаныбарларга тамак берип, жарым-жартылай кыйраган шаарлардагы кары-картаңдарга көмөк көрсөтүп, жоокерлерге үмүт тартуулаган. Жолдошторунун эскерүүсүндө ал жеңишти абдан күткөн. Иван Зуе
Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдү сактоо үчүн атайын трасттык фонд түзүүнү сунуштап, анын баштапкы капиталына мамлекеттик бюджеттен 10 миллион доллар бөлүүгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу ал Армениянын Ереван шаарында өткөн БУУнун COP17 алкагындагы лидерлер саммитинде айтты. Президенттин маалыматына караганда, акыркы 170 жылда Ысык-Көлдүн деңгээли дээрлик 14 метрге төмөндөгөн. Акыркы төрт жылда көлдүн түбүнөн 70 тоннага жакын таштанды жана 580 миң метрге жакын мыйзамсыз балык уулоочу тор чыгарылган. Мындан тышкары, Жапаров тоолуу аймактардын экологиясын коргоо боюнча бир катар демилгелерди көтөрүп, дүйнөлүк коомчулукту 2027-жылдын 21–23-октябрында Бишкекте өтө турган «Бишкек+25» глобалдык тоо саммитине катышууга чакырды. Айыл чарба министрлиги ар бир аймакта мөмө-жемиш ширесин чыгаруучу завод ачууну сунуштап жатат. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты. Министрдин орун басары Рысгүл Акимжанова Багбандар ассоциациясынын жетекчиси Манас Саматовду уюмдун мүчөлөрү менен жолугушуп, көйгөйлөрдү талкуулоого чакырды. Анын айтымында, министрлик багбандардын ишкерлик менен алектенүүсүнө колдоо көрсөтүүгө даяр. "Ар бир аймакта жергиликтүү мөмө-жемиштерди кайра иштеткен заводдорду ачууну сунуштайм. Баткендин алмасынан, Көлдүн өрүгүнөн, Аксынын кара өрүгүнөн жасалган суусундуктарды ичели", — деди Акимжанова. Расмий жумушсуз адамды ишке алгандарга 150 миң сомдон берилет “Социалдык келишим” долбоорунун алкагында ишке ашып жаткан демилгеде 5 адамга чейин чектөө бар. Мисалы, 5 жумушсуз адамды иш менен камсыздаса, мамлекет 750 миң сом берет. Мындан ашканына колдоо каралган эмес. Ишкер алган каражатын бизнести өнүктүрүүгө, жабдууларды же техникаларды сатып алууга гана жумшашы керек. Башка максатта колдонууга болбойт. Иш берүүчүнүн туруктуу кирешеси болушу шарт жана жогору айлык сунушташы керек. Жаңы кызматкер расмий жумушка орношуп, анын айлыгы аймактагы орточо эмгек акыдан төмөн болбошу зарыл. 12 айга эсептелген пилоттук долбоор Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында, ошондой эле Кадамжай районунда ишке ашырылат. Программага катышууну каалагандар жергиликтүү бийликке же Эмгек министрлигинин бөлүмдөрүнө кайрылса болот. Былтыр 16-октябрда Запорожье облусунда журналисттердин тобуна украиналык камикадзе-дрон сокку урган. Анын кесепетинен РИА Новости агенттигинин аскердик кабарчысы, 39 жаштагы Иван Зуев курман болгон. ЖМК өкүлдөрү редакциянын тапшырмасын аткарып жүргөн. Зуев фронттун эң кооптуу тилкелеринде иштеп, Мариуполь, Волноваха, Авдеевка жана Угледар үчүн салгылашууларды чагылдырган. Ал Sputnik агенттигинде эмгектенип, РИА Новости агенттигинин Донецкидеги кабарчылар бөлүмүн жетектеген. Бирок канча согушту көрсө да ак дилин, боорукерлигин жоготкон эмес. Согуш талаасында кароосуз калган жаныбарларга тамак берип, жарым-жартылай кыйраган шаарлардагы кары-картаңдарга көмөк көрсөтүп, жоокерлерге үмүт тартуулаган. Жолдошторунун эскерүүсүндө ал жеңишти абдан күткөн. Иван Зуе
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/11/1104348174_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_1a8359c14bf88c6e973fef30bc488fde.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио