https://sputnik.kg/20261012/bishkek-mer-korrupcziya-orun-basar-1104236932.html
Бишкек мэри коррупцияга шектелип кармалган орун басарлары боюнча үн катты
Бишкек мэри коррупцияга шектелип кармалган орун басарлары боюнча үн катты
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Бишкек мэри Айбек Жунушалиев беш орун басарынын коррупциялык иштерге аралашып кармалганы боюнча УТРКга берген маегинде өз оюн айтты. 12.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-12T12:26+0600
2026-10-12T12:26+0600
2026-10-12T12:26+0600
кыргызстан
бишкек
мэрия
айбек жунушалиев
орун басар
коррупция
https://sputnik.kg/img/07e9/03/19/1092872319_0:145:3127:1904_1920x0_80_0_0_673020bd44e11c4d9977259090f7da35.jpg
БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Бишкек мэри Айбек Жунушалиев беш орун басарынын коррупциялык иштерге аралашып кармалганы боюнча УТРКга берген маегинде өз оюн айтты. Калаа башчысы бул кадрлар ал кызматка келгенге чейин дайындалганын билдирди. Жунушалиев коррупцияга шектелип кармалган мурдагы вице-мэр Таалайбек Байгазиевге токтолду. "Ал ТЭЦке жабдууну алууда калкалап берем деп акча алып койгон экен. Бирок анын баары энергетика министринин орун басары болуп турган маалда болгон. Ошону менен мэрияга келген. Мен ошондо ишти колдобойм жана жол бербейм деп ал компанияга кат жолдоп, ишти артка кайтарткам. Ал барып "тияктан өтүп жаткан нерсе бул жактан өтпөй калды" деп акчасын кайтарып берип жаткан жеринен камалды", — деди Жунушалиев. Шаар башчысы мыйзамсыз иштерди калкалабай турганын белгилеп, президент аны кызматка дайындап жатканда уурулукка жол бербөө тапшырмасын койгонун айтты.
https://sputnik.kg/20261010/dosmambetov-avazov-karmaloo-sebebi-belgiluu-boldu-video-1104210528.html
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/03/19/1092872319_198:0:2929:2048_1920x0_80_0_0_1e818b4942db1261858ef7387fee6bfb.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, бишкек, мэрия, айбек жунушалиев, орун басар, коррупция
кыргызстан, бишкек, мэрия, айбек жунушалиев, орун басар, коррупция
Бишкек мэри коррупцияга шектелип кармалган орун басарлары боюнча үн катты
БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Бишкек мэри Айбек Жунушалиев беш орун басарынын коррупциялык иштерге аралашып кармалганы боюнча УТРКга берген маегинде өз оюн айтты.
Калаа башчысы бул кадрлар ал кызматка келгенге чейин дайындалганын билдирди.
"Мисалы, Максат Сазыкулов мага чейин орун басар, аким болуп иштеген. Учурда Жогорку соттун аны актаган чечими бар, ишинде эч кандай кылмыш аракети жок экен деп аныктады. Жамал Ырсалиев дагы мага чейин кызмат өтөп келген. Ал дагы Жогорку сот тарабынан акталды. Айрымдар мени бул кадрларды алып келип, анан булар камалып кетти деп ойлошот, бул жалган кеп", — деди мэр.
Жунушалиев коррупцияга шектелип кармалган мурдагы вице-мэр Таалайбек Байгазиевге токтолду.
"Ал ТЭЦке жабдууну алууда калкалап берем деп акча алып койгон экен. Бирок анын баары энергетика министринин орун басары болуп турган маалда болгон. Ошону менен мэрияга келген. Мен ошондо ишти колдобойм жана жол бербейм деп ал компанияга кат жолдоп, ишти артка кайтарткам. Ал барып "тияктан өтүп жаткан нерсе бул жактан өтпөй калды" деп акчасын кайтарып берип жаткан жеринен камалды", — деди Жунушалиев.
Шаар башчысы мыйзамсыз иштерди калкалабай турганын белгилеп, президент аны кызматка дайындап жатканда уурулукка жол бербөө тапшырмасын койгонун айтты.