Чыгыш меймандостугу жана ажолордун жолугушуусу. Түркмөнстандагы КМШ саммити сүрөттө
Чыгыш меймандостугу жана ажолордун жолугушуусу. Түркмөнстандагы КМШ саммити сүрөттө
Sputnik Кыргызстан
Түркмөнстанда КМШ өлкөлөрүнүн башчыларынын саммити өттү. Sputnik Кыргызстандын сүрөт түрмөгүндө иш-чарадан кызыктуу кадрлар топтолду. 09.10.2026, Sputnik Кыргызстан
Саммитке Азербайжан, Армения, Беларусь, Россия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын лидерлери катышты. Ал эми кеңейтилген жыйынга ("КМШ+" форматы) Ирандын президенти Масуд Пезешкиан да чакырылган.Мамлекет башчылары социалдык өнүгүү жана жашоо сапаты, КМШнын транспорттук байланышы, укук коргоо тармагындагы кызматташтык жана тарыхый эс тутумду сактоо болуп, жалпы он бештен ашык маселени талкуулашты.Биринчи күнү Каспийдин жээгиндеги "Аваза" туристтик аймагында Сердар Бердымухамедовдун атынан расмий кабыл алуу болуп, ал концерт менен коштолду.Саммитте Садыр Жапаров 2028-жылы КМШнын алкагында Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына арналган биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнү сунуштады. Ал ошондой эле КМШ өлкөлөрүнүн лидерлерин 2027-жылдын октябрында өтө турган "Бишкек+25" экинчи Глобалдык тоо саммитине катышууга чакырды.Жыйындын жыйынтыгында ар тараптуу кызматташтыкты чыңдоо ниети тууралуу билдирүү кабыл алынды.
Түркмөнстанда КМШ өлкөлөрүнүн башчыларынын саммити өттү. Sputnik Кыргызстандын сүрөт түрмөгүндө иш-чарадан кызыктуу кадрлар топтолду.
Саммитке Азербайжан, Армения, Беларусь, Россия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын лидерлери катышты. Ал эми кеңейтилген жыйынга ("КМШ+" форматы) Ирандын президенти Масуд Пезешкиан да чакырылган.
Мамлекет башчылары социалдык өнүгүү жана жашоо сапаты, КМШнын транспорттук байланышы, укук коргоо тармагындагы кызматташтык жана тарыхый эс тутумду сактоо болуп, жалпы он бештен ашык маселени талкуулашты.
Биринчи күнү Каспийдин жээгиндеги "Аваза" туристтик аймагында Сердар Бердымухамедовдун атынан расмий кабыл алуу болуп, ал концерт менен коштолду.
Саммитте Садыр Жапаров 2028-жылы КМШнын алкагында Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына арналган биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнү сунуштады. Ал ошондой эле КМШ өлкөлөрүнүн лидерлерин 2027-жылдын октябрында өтө турган "Бишкек+25" экинчи Глобалдык тоо саммитине катышууга чакырды.
Жыйындын жыйынтыгында ар тараптуу кызматташтыкты чыңдоо ниети тууралуу билдирүү кабыл алынды.