https://sputnik.kg/20261008/kongodo-ebola-kuchodu-1104164754.html
Конгодо Эбола вирусунун жайылышы көзөмөлдөн чыгып кетти
Конгодо Эбола вирусунун жайылышы көзөмөлдөн чыгып кетти
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Конго Демократиялык Республикасындагы Түндүк-Киву провинциясында Эбола вирусунун жайылышы көзөмөлдөн чыгып баратканы тууралуу "Чек... 08.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-08T12:52+0600
2026-10-08T12:52+0600
2026-10-08T12:52+0600
дүйнөдө
конго
вирус
эбола
илдет
https://sputnik.kg/img/104438/60/1044386052_0:160:3072:1888_1920x0_80_0_0_0d759ab5a83f4e56177fe1d28cc305c9.jpg
БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Конго Демократиялык Республикасындагы Түндүк-Киву провинциясында Эбола вирусунун жайылышы көзөмөлдөн чыгып баратканы тууралуу "Чек арасыз дарыгерлер" уюму эскертти. Бул тууралуу Africanews телеканалы жазды. Маалыматка ылайык, азыр өлкөдө катталган жаңы учурлардын дээрлик 40 пайызы Түндүк-Кивуга туура келет. Конгодо Эбола илдетинин жаңы очогу апрель айында башталган. Акыркы маалымат боюнча, 8 миң 603 адам вирус жуктуруп, 4 миң 148 адам каза болгон. Буга чейин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус эпидемия тарыхтагы эң тез жайылган учурлардын бири экенин билдирген. Анын айтымында, вирустун жугуу жолдорунун айрым чынжырларын азырынча аныктоо мүмкүн боло элек.
https://sputnik.kg/20260914/rossiya-chek-arada-ebola-korkunuch-koozomoldy-kuchottu-1103646536.html
конго
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104438/60/1044386052_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_360eb96360189de94f23cfcf96d4ffd1.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, конго, вирус, эбола, илдет
дүйнөдө, конго, вирус, эбола, илдет
Конгодо Эбола вирусунун жайылышы көзөмөлдөн чыгып кетти
БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Конго Демократиялык Республикасындагы Түндүк-Киву провинциясында Эбола вирусунун жайылышы көзөмөлдөн чыгып баратканы тууралуу "Чек арасыз дарыгерлер" уюму эскертти. Бул тууралуу
Africanews телеканалы жазды.
Маалыматка ылайык, азыр өлкөдө катталган жаңы учурлардын дээрлик 40 пайызы Түндүк-Кивуга туура келет.
Конгодо Эбола илдетинин жаңы очогу апрель айында башталган. Акыркы маалымат боюнча, 8 миң 603 адам вирус жуктуруп, 4 миң 148 адам каза болгон.
Буга чейин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус эпидемия тарыхтагы эң тез жайылган учурлардын бири экенин билдирген. Анын айтымында, вирустун жугуу жолдорунун айрым чынжырларын азырынча аныктоо мүмкүн боло элек.