БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Бишкекке жаңы 95 автобус алып келингенин мэрия билдирди. YUTONG үлгүсүндөгү 12 метрлик транспорт кондиционер менен жабдылган. Муниципалитет жакынкы убакта калган автобустар да этап-этабы менен чыгарылып, шаардагы башка каттамдарга бөлүштүрүлөрүн билдирди.
YUTONG үлгүсүндөгү 12 метрлик транспорт кондиционер менен жабдылган.
"Бүгүн, 17-сентябрда таңкы саат 5:00дөн тарта, алгачкы 17 жаңы автобус каттамга чыгып, жүргүнчүлөрдү тейлөөгө киришти. Буга чейин №153 каттамда иштеп келген автобустар башка шаардык каттамдарга бөлүштүрүлдү", — деп айтылат маалыматта.
Муниципалитет жакынкы убакта калган автобустар да этап-этабы менен чыгарылып, шаардагы башка каттамдарга бөлүштүрүлөрүн билдирди.