Кыргызстанда "Евразия тандоосу" жаштар илимий жумалыгы өтүүдө
Кыргызстанда "Евразия тандоосу" жаштар илимий жумалыгы өтүүдө
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. 8–12-сентябрь күндөрү Евразия өлкөлөрүнүн окумуштууларын, эксперттерин жана жаш изилдөөчүлөрүн бириктирген "Евразия тандоосу" жаштар... 08.09.2026, Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. 8–12-сентябрь күндөрү Евразия өлкөлөрүнүн окумуштууларын, эксперттерин жана жаш изилдөөчүлөрүн бириктирген "Евразия тандоосу" жаштар илимий жумалыгы өтүп жатат. Иш-чаралар Кыргыз-Россия Славян университетинде жана Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылындагы "Ак-Бермет" эс алуу борборунда уюштурулууда. Саамалыктын алкагында IV Эл аралык жаштар аналитикалык конгресси жана биринчи жаштар демографиялык форуму өтүүдө. Катышуучулар демографиялык процесстерди, экономика, экология, социалдык жана саясий маселелерди, ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрүнүн коопсуздугу жана туруктуу өнүгүүсү боюнча маселелерди талкуулашат. Евразиялык маалыматтык-аналитикалык консорциумдун Координациялык кеңешинин төрагасы Николай Бордюжа жаштарды келечекти калыптандыруунун активдүү катышуучусу катары кароо керектигин белгиледи. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев болсо аналитикада жасалма интеллектини колдонуу зарылдыгына токтолуп, бирок технология адамдын ордун баса албай турганын белгиледи. Иш-чаранын негизги максаты — Евразия өлкөлөрүнүн жаш окумуштуулары жана эксперттери үчүн билим, идея жана тажрыйба алмашуучу аянтча түзүү экенин айтышты.
БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. 8–12-сентябрь күндөрү Евразия өлкөлөрүнүн окумуштууларын, эксперттерин жана жаш изилдөөчүлөрүн бириктирген "Евразия тандоосу" жаштар илимий жумалыгы өтүп жатат. Иш-чаралар Кыргыз-Россия Славян университетинде жана Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылындагы "Ак-Бермет" эс алуу борборунда уюштурулууда.
Саамалыктын алкагында IV Эл аралык жаштар аналитикалык конгресси жана биринчи жаштар демографиялык форуму өтүүдө. Катышуучулар демографиялык процесстерди, экономика, экология, социалдык жана саясий маселелерди, ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрүнүн коопсуздугу жана туруктуу өнүгүүсү боюнча маселелерди талкуулашат.
Евразия өлкөлөрүнүн окумуштууларын, эксперттерин жана жаш изилдөөчүлөрүн бириктирген "Евразия тандоосу" жаштар илимий жумалыгы өтүп жатат
Евразиялык маалыматтык-аналитикалык консорциумдун Координациялык кеңешинин төрагасы Николай Бордюжа жаштарды келечекти калыптандыруунун активдүү катышуучусу катары кароо керектигин белгиледи.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев болсо аналитикада жасалма интеллектини колдонуу зарылдыгына токтолуп, бирок технология адамдын ордун баса албай турганын белгиледи.
Иш-чаранын негизги максаты — Евразия өлкөлөрүнүн жаш окумуштуулары жана эксперттери үчүн билим, идея жана тажрыйба алмашуучу аянтча түзүү экенин айтышты.