https://sputnik.kg/20260902/bishkekte-rf-zhugushtuu-oorulardy-izildey-turgan-ilimiy-borbordu-kura-bashtady-1103407333.html
Бишкекте Россия жугуштуу ооруларды изилдей турган илимий борбор кура баштады
Бишкекте Россия жугуштуу ооруларды изилдей турган илимий борбор кура баштады
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Бишкекте инфекциялык ооруларды изилдөөчү Россия-Кыргыз илимий борборунун курулушу башталды. Бул туурасында Роспотребнадзордун... 02.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-02T14:58+0600
2026-09-02T14:58+0600
2026-09-02T15:01+0600
кыргызстан
россия
роспотребнадзор
инфекция
курулуш
кызматташуу
долбоор
https://sputnik.kg/img/07ea/09/02/1103406985_6:0:1275:714_1920x0_80_0_0_3e3a8f0e437204e0e8eddc63e1fdf4f8.jpg
БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Бишкекте инфекциялык ооруларды изилдөөчү Россия-Кыргыз илимий борборунун курулушу башталды. Бул туурасында Роспотребнадзордун маалыматында айтылган. Роспотребнадзордун жетекчиси Анна Попова бул эпидемияларга каршы күрөшүүдөгү ири долбоор экенин билдирди. Ал Россиянын аталган мекемеси менен Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги көп жылдан бери биокоопсуздук боюнча чогуу иш алып барып жаткандыгына токтолду. Роспотребнадзордун жетекчиси мындай борборлорду ишке киргизүү эки мамлекеттин кооптуу инфекцияларга каршы күрөшүүдөгү кызматташтыгы болорун баса белгиледи. Жаңы мекеменин негизги иштери өзгөчө коркунучтуу инфекциялардын козгогучтарын ыкчам аныктоо, лабораториялык диагностика жүргүзүү, ошондой эле биологиялык коопсуздук, микробиология жана эпидемиология жаатында адистерди даярдоо экенин айтышты.
https://sputnik.kg/20260415/-kyrgyzstan-rossiya-medik-transplantaciya-stazhirovka-1100807038.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/02/1103406985_164:0:1116:714_1920x0_80_0_0_425fd251f4680ceb1cbd60aedb4c60e5.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, россия, роспотребнадзор, инфекция, курулуш, кызматташуу, долбоор
кыргызстан, россия, роспотребнадзор, инфекция, курулуш, кызматташуу, долбоор
Бишкекте Россия жугуштуу ооруларды изилдей турган илимий борбор кура баштады
14:58 02.09.2026 (Жаңыртылды: 15:01 02.09.2026) БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Бишкекте инфекциялык ооруларды изилдөөчү Россия-Кыргыз илимий борборунун курулушу башталды. Бул туурасында Роспотребнадзордун маалыматында айтылган.
Роспотребнадзордун жетекчиси Анна Попова бул эпидемияларга каршы күрөшүүдөгү ири долбоор экенин билдирди.
Ал Россиянын аталган мекемеси менен Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги көп жылдан бери биокоопсуздук боюнча чогуу иш алып барып жаткандыгына токтолду.
"Биз биргелешип Кыргызстандагы чоң кишилерди гепатитке каршы эмдөө боюнча сынмак долбоорду ишке ашырганбыз. Биргелешкен долбоордун алкагында 2022-жылдан бери Кыргызстанда 700 миңден ашуун адам гепатиттин В түрүнө каршы россиялык вакцина алган. Мунун натыйжасында өлкөдө бул илдетке чалдыгуу үч эсе азайган", — деди Попова.
Роспотребнадзордун жетекчиси мындай борборлорду ишке киргизүү эки мамлекеттин кооптуу инфекцияларга каршы күрөшүүдөгү кызматташтыгы болорун баса белгиледи.
Жаңы мекеменин негизги иштери өзгөчө коркунучтуу инфекциялардын козгогучтарын ыкчам аныктоо, лабораториялык диагностика жүргүзүү, ошондой эле биологиялык коопсуздук, микробиология жана эпидемиология жаатында адистерди даярдоо экенин айтышты.