https://sputnik.kg/20260903/ochkordo-tuugandardyn-manjaly-kishi-olumu-menen-ayaktady-1103426879.html
Милиция: Кочкордо бир туугандардын балдары мушташып, бирөө каза болду
Милиция: Кочкордо бир туугандардын балдары мушташып, бирөө каза болду
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Кочкор районунун Төлөк айылында туугандардын ортосундагы жаңжал киши өлүмү менен аяктады. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер... 03.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-03T11:20+0600
2026-09-03T11:20+0600
2026-09-03T11:55+0600
кыргызстан
кочкор
милиция
адам өлтүрүү
https://sputnik.kg/img/07e7/0c/0d/1081202319_106:0:1836:973_1920x0_80_0_0_20acf57c6330008c0194841c29bdb868.jpg
БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Кочкор районунун Төлөк айылында туугандардын ортосундагы жаңжал киши өлүмү менен аяктады. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.Маалыматка ылайык, окуя 23-августтан 24-августка караган түнү болгон.Алдын ала тергөөнүн жүрүшүндө жаңжалдашкандар бир тууган ага-ининин балдары экендиги такталган. Өз ара чыккан пикир келишпестиктен улам мушташ чыгып, анын жүрүшүндө 28 жаштагы К.Б. 18 жаштагы тууганы Ж.Кга бычак сайган. Анын кесепетинен ал алган жаракатынан улам каза тапкан.Аталган факт Кочкор райондук ички иштер бөлүмүндө каттоого алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Кылмышка шектүү жаран кармалып, учурда камакка алынды.Ишти Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тергеп жатат.
https://sputnik.kg/20260718/osh-ayal-orttoo-sook-miliciya-olturuu-kylmysh-1102481806.html
кочкор
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/0c/0d/1081202319_328:0:1807:1109_1920x0_80_0_0_84c00421d2d359ee7eaf84bb72b965a4.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, кочкор, милиция, адам өлтүрүү
кыргызстан, кочкор, милиция, адам өлтүрүү
Милиция: Кочкордо бир туугандардын балдары мушташып, бирөө каза болду
11:20 03.09.2026 (Жаңыртылды: 11:55 03.09.2026) БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Кочкор районунун Төлөк айылында туугандардын ортосундагы жаңжал киши өлүмү менен аяктады. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, окуя 23-августтан 24-августка караган түнү болгон.
Алдын ала тергөөнүн жүрүшүндө жаңжалдашкандар бир тууган ага-ининин балдары экендиги такталган. Өз ара чыккан пикир келишпестиктен улам мушташ чыгып, анын жүрүшүндө 28 жаштагы К.Б. 18 жаштагы тууганы Ж.Кга бычак сайган. Анын кесепетинен ал алган жаракатынан улам каза тапкан.
Аталган факт Кочкор райондук ички иштер бөлүмүндө каттоого алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Кылмышка шектүү жаран кармалып, учурда камакка алынды.
Ишти Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тергеп жатат.