00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
АКШдагы элчи Эдил Байсалов мурунку президент Сооронбай Жээнбековдун тушундагы элчилик иши менен азыркысын салыштырды. Анын айтымында, ошол кезде чет өлкөлөрдө Кыргызстан тууралуу айта турган жетишкендиктер аз болгондуктан көп учурда ызаланып калчу. "Биз президентти кууп чыкканбыз, эркиндикти сүйгөн демократиялуу элбиз" деп эле айтчумун. Башка айта турган сөзүм жок болчу. Азыр болсо темир жолдор, ГЭСтер, курулуштар, ИДП, айлык жана жөлөк пулдар тууралуу бир жарым саат айтсаң да жетишпейт. Айырмасы күн менен түндөй", — деди Байсалов. Эскерте кетсек, Байсалов быйыл апрелде министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары кызматынан бошотулуп, АКШга элчи болуп дайындалган.
Кара-Кеченин көмүрүнүн сапаты жакшырып, андагы запас дагы 10 муунга жете турганын "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын башкы директору Рустамбек Садыралиев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди. Жетекчинин айтымында, мурда Кара-Кече көмүрүнүн бир килограммындагы калория 3,8 миң килокалориядан ашчу эмес. Азыр көрсөткүч 4,5 миңден 4,9 миң килокалорияга чейин жетет. Бул учурда көмүр кендин кыйла терең катмарларынан казылып жатканы менен байланыштуу. Ишкана башчысы кендин расмий тастыкталган запасы 400 миллион тоннаны түзөрүн белгилеп, казуу иштери азыркыдай ыргакта болсо, тагыраагы жылына 1,3-1,5 миллион тонна көмүр өндүрүлүп турса, бул запас 400 жылга жетерин кошумчалады. "Көмүр тартыштыгы жок, анын запасы дагы 10 муунга жетет", — деди Садыралиев. Ал ошондой эле элди көмүрдү кыш түшкөнчө сатып алууга чакырып, учурда көмүр базаларга жеткирилип жатканын билдирди.
Алыскы аймактарда жана айылдарда иштеген дарыгерлерге ар үч ай сайын кошумча 66 миң сомдон төлөнөт. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Бул каражат мамлекеттик ооруканаларда, клиникаларда иштеген дарыгерлерге жана медициналык окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнө берилет. Жалпысынан мындай дем берүүчү төлөм 1000 дарыгерге каралган. Саламаттык сактоо министрлиги бир айдын ичинде бул программага катыша турган адистерди тандап алуу тартибин бекитет. Жобо расмий жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Россиянын президенти Владимир Путин өлкөдө инновацияларды колдоонун толук кандуу системасын түзүүгө чакырды. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Путин жума күнү Нижний Новгородго иш сапары менен барып, "Жаңы заман үчүн күчтүү идеялар" форумуна катышты. Ал Россиянын бардык аймактары өз технологияларын колдонуп, алар менен сыймыктанууга тийиш экенин белгиледи. “Биз өзүбүздүн товарларга туруктуу кардар таап, жаңы ойлоп табууларды колдогон толук система түзүшүбүз керек. Ал эми келечекти алдын ала көрүп, ал үчүн кандай адистер менен жөндөмдөр керектелерин так билүү — бул агенттиктин эң күчтүү жагы”, — деди Путин. Стратегиялык демилгелер агенттиги жана "Росконгресс" фонду тарабынан уюштурулган "Жаңы заман үчүн күчтүү идеялар" форуму Нижний Новгороддо 27-28-августта өтүүдө.
Жаңылыктар түрмөгү
0