https://sputnik.kg/20260828/nepalda-zhardamga-muktazh-baldar-1103259216.html
Непалдагы апааттын кесепети: жардамга муктаж балдардын саны 17 миңге чамалады
Непалдагы апааттын кесепети: жардамга муктаж балдардын саны 17 миңге чамалады
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Непалдагы суу ташкындан кийин 17 миңдей бала гумантиардык жардамга муктаж болуп турат. Бул туурасынды БУУнун Балдар фонду билдирди. 28.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-28T10:41+0600
2026-08-28T10:41+0600
2026-08-28T10:41+0600
дүйнөдө
непал
буу
топон суу
балдар
жардам
https://sputnik.kg/img/07ea/08/1b/1103232260_0:320:3072:2048_1920x0_80_0_0_b6980511ef5ca4d51d6a5db37631453e.jpg
БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Непалдагы суу ташкындан кийин 17 миңдей бала гумантиардык жардамга муктаж болуп турат. Бул туурасынды БУУнун Балдар фонду билдирди. Жергиликтүү полициянын маалыматына таянсак, каза болгондордун саны 389га жеткен. Аталган уюм издөө иштери уланып жаткандыктан курмандыктардын саны дагы өсүшү мүмкүн экенин эскертти. ЮНИСЕФ кырсыктан аман калган балдарды тое тамак жебей, андан улам ар кандай ооруларга жана зордук-зомбулукка кабылышы мүмкүн деп коңгуроо кагууда. Табигый кырсык 18 мектепти толугу менен талкалап кеткен, 20сы зыян тарткан. Дарыянын жээгиндеги ондогон мектептер дагы деле коптуулукта турат. Учурда 10 миңдей окуучу билим алуусун улантуу үчүн убактылуу окуу борборлоруна, жаңы окуу куралдарына жана мугалимдер менен бирге эле психологиялык колдоого өтө муктаж. Апаат болгон аймакта жолдор, көпүрөлөр, гидротехникалык курулуштар, суу менен камсыздаган систамалар талкаланган. Мындан улам кырсыкка кабылгандардын аман калгандарына жетүү дагы деле кыйынчылык жаратууда. Жашоого зарыл оокаттарды жеткирүү оңойго турбай жатат. Аталган кырсык 26-августта Тибет тоолорунан түшкөн Бхоте-Коши дарыясындагы суунун деңгээли кескин көтөрүлгөндөн кийин болгон. Непалдын Тышкы иштер министрлиги апаатка жер титирөө жана андан кийинки жер көчкү себеп болгонун билдирди. Адистер сел мөңгүнүн урашынан жана көлдүн жырылышынан да келип чыгышы мүмкүн экенин айтышкан.
https://sputnik.kg/20260827/nepaldagy-topon-suu-kaptagan-apaattyn-fotoloru-1103243156.html
непал
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/1b/1103232260_0:0:2732:2048_1920x0_80_0_0_d326885af7863808605b4ef5ceb96804.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, непал, буу, топон суу, балдар, жардам
дүйнөдө, непал, буу, топон суу, балдар, жардам
Непалдагы апааттын кесепети: жардамга муктаж балдардын саны 17 миңге чамалады
БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Непалдагы суу ташкындан кийин 17 миңдей бала гумантиардык жардамга муктаж болуп турат. Бул туурасынды БУУнун Балдар фонду билдирди.
Жергиликтүү полициянын маалыматына таянсак, каза болгондордун саны 389га жеткен. Аталган уюм издөө иштери уланып жаткандыктан курмандыктардын саны дагы өсүшү мүмкүн экенин эскертти.
ЮНИСЕФ кырсыктан аман калган балдарды тое тамак жебей, андан улам ар кандай ооруларга жана зордук-зомбулукка кабылышы мүмкүн деп коңгуроо кагууда.
Табигый кырсык 18 мектепти толугу менен талкалап кеткен, 20сы зыян тарткан. Дарыянын жээгиндеги ондогон мектептер дагы деле коптуулукта турат. Учурда 10 миңдей окуучу билим алуусун улантуу үчүн убактылуу окуу борборлоруна, жаңы окуу куралдарына жана мугалимдер менен бирге эле психологиялык колдоого өтө муктаж.
Апаат болгон аймакта жолдор, көпүрөлөр, гидротехникалык курулуштар, суу менен камсыздаган систамалар талкаланган. Мындан улам кырсыкка кабылгандардын аман калгандарына жетүү дагы деле кыйынчылык жаратууда. Жашоого зарыл оокаттарды жеткирүү оңойго турбай жатат.
Аталган кырсык 26-августта Тибет тоолорунан түшкөн Бхоте-Коши дарыясындагы суунун деңгээли кескин көтөрүлгөндөн кийин болгон. Непалдын Тышкы иштер министрлиги апаатка жер титирөө жана андан кийинки жер көчкү себеп болгонун билдирди. Адистер сел мөңгүнүн урашынан жана көлдүн жырылышынан да келип чыгышы мүмкүн экенин айтышкан.