https://sputnik.kg/20260828/iran-menen-bolgon-sogushtan-kiyin-akshnyn-armiyasy-aksady-1103265086.html
ЖМК: Иран менен болгон согуштан кийин АКШнын армиясы бир топ аксады
ЖМК: Иран менен болгон согуштан кийин АКШнын армиясы бир топ аксады
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. АКШнын Иран менен кармашы америка армиясын финансылык кыйынчылыкка кептеп, Аскер-деңиз күчтөрүнүн жетекчилигин атайын каржы фондунун... 28.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-28T13:36+0600
2026-08-28T13:36+0600
2026-08-28T13:36+0600
дүйнөдө
акш
иран
пентагон
армия
тартыштык
айлык
ок-дары
https://sputnik.kg/img/07e5/02/0b/1051421923_0:94:1000:657_1920x0_80_0_0_304740fc7124fd6eec53e74b34ed8613.jpg
БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. АКШнын Иран менен кармашы америка армиясын финансылык кыйынчылыкка кептеп, Аскер-деңиз күчтөрүнүн жетекчилигин атайын каржы фондунун акчаларын аскердик күнүмдүк чыгымдарга бөлүүгө аргасыз кылды. Бул туурасында Guardian басылмасы Пентагондун ички документтерине таянып жазды. t Басылманын маалыматына таянсак, кармаш жана деңиздеги чектеп туруусу ок-дарынын корун түгөтүп, аталган тармакты тиешелүү каражаттан тумтак калуу кооптуулугуна кептеди. Басылманын колуна тийген Пентагондун кызматтык катында аскерлердин айлыгына акча жетпей калышы мүмкүн экени эскертилген. Мындай абал мекемени тартыштыкты бюджеттин колдонула элек беренелеринин эсебинен жабууга жана жээк инфраструктурасындагы шашылыш эмес оңдоо иштерин кийинкиге калтырууга мажбур кылган. Гезит белгилегендей, АКШнын Аскер-деңиз күчтөрүнүн 2026-жылдагы 300 миллиард доллардай бюджетинде Тегеранга каршы согуштун чыгымдары каралган эмес. Ошол эле учурда Ак үй сурап жаткан 67 миллиард долларлык чукул каржылоо пакетин Конгресс бекитип берери да күмөн. Буга чейин Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борбору (CSIS) АКШ 27-февралдан 27-июлга чейинки аралыкта Иран менен тирешүүнүн жүрүшүндө 1,5 миңден 1,6 миңге чейин Patriot ракетасын, 200гө чукул THAAD техникасын коротконун эсептеп чыккан. Мынчалык көп сарптоонун айынан Patriot ракеталарынын запасы 2,3 миңден 760-830га, ал эми THAAD арсеналы 452ден 234–278 ракетага чейин азайган. Бул аба чабуулунан коргонуучу системалардын кескин тартыштыгын жараткан.
https://sputnik.kg/20260305/akshnyn-iran-menen-sogushta-korotkon-akchanyn-summasy-aytyldy-1100077015.html
акш
иран
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/02/0b/1051421923_0:0:1000:750_1920x0_80_0_0_014de389e65927391339e9a486f2e532.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, иран, пентагон, армия, тартыштык, айлык, ок-дары
дүйнөдө, акш, иран, пентагон, армия, тартыштык, айлык, ок-дары
БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. АКШнын Иран менен кармашы америка армиясын финансылык кыйынчылыкка кептеп, Аскер-деңиз күчтөрүнүн жетекчилигин атайын каржы фондунун акчаларын аскердик күнүмдүк чыгымдарга бөлүүгө аргасыз кылды. Бул туурасында
Guardian басылмасы Пентагондун ички документтерине таянып жазды. t
Басылманын маалыматына таянсак, кармаш жана деңиздеги чектеп туруусу ок-дарынын корун түгөтүп, аталган тармакты тиешелүү каражаттан тумтак калуу кооптуулугуна кептеди.
"Айлык фондундагы каражаттар чет өлкөдөгү күтүлбөгөн согуштук чыгымдарды жабууга жумшалып кеткен. Эми аскерлерге айлык төлөөгө акча кенен болушу үчүн фонддогу тартыштыктын ордун пайдаланылбай турган башка каражаттардын эсебинен жаап жатышат", — деп билдирген Аскер-деңиз күчтөрүнүн атын атабаган өкүлү.
Басылманын колуна тийген Пентагондун кызматтык катында аскерлердин айлыгына акча жетпей калышы мүмкүн экени эскертилген. Мындай абал мекемени тартыштыкты бюджеттин колдонула элек беренелеринин эсебинен жабууга жана жээк инфраструктурасындагы шашылыш эмес оңдоо иштерин кийинкиге калтырууга мажбур кылган.
Гезит белгилегендей, АКШнын Аскер-деңиз күчтөрүнүн 2026-жылдагы 300 миллиард доллардай бюджетинде Тегеранга каршы согуштун чыгымдары каралган эмес. Ошол эле учурда Ак үй сурап жаткан 67 миллиард долларлык чукул каржылоо пакетин Конгресс бекитип берери да күмөн.
Буга чейин Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борбору (CSIS) АКШ 27-февралдан 27-июлга чейинки аралыкта Иран менен тирешүүнүн жүрүшүндө 1,5 миңден 1,6 миңге чейин Patriot ракетасын, 200гө чукул THAAD техникасын коротконун эсептеп чыккан. Мынчалык көп сарптоонун айынан Patriot ракеталарынын запасы 2,3 миңден 760-830га, ал эми THAAD арсеналы 452ден 234–278 ракетага чейин азайган. Бул аба чабуулунан коргонуучу системалардын кескин тартыштыгын жараткан.