https://sputnik.kg/20260826/4-milliongo-chukul-asker-sogushkan-dnepr-karmashy-1103214705.html
Төрт миллионго чукул аскер согушкан Днепр кармашы. Тарыхый видео
Төрт миллионго чукул аскер согушкан Днепр кармашы. Тарыхый видео
Sputnik Кыргызстан
1943-жылдын 26-августунда Днепр үчүн салгылаш башталган. Бул Улуу Ата Мекендик согуштагы эң ири жана кандуу кармаштардын бири болуп калды. 26.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-26T20:07+0600
2026-08-26T20:07+0600
2026-08-26T20:07+0600
улуу ата мекендик согуш
согуш
днепр дарыясы
советтик аскерлер
бошотуу
эрдик
каармандык
видео
https://sputnik.kg/img/07ea/08/1a/1103215615_0:3:3000:1691_1920x0_80_0_0_585e34a5aef6702f8dd54b62bae537da.jpg
Бул операция сол жээктеги Украинаны бошотуудагы жана андан ары оң жээк аркылуу Румынияга карай жылуудагы эң чечүүчү баскыч болуп калды. Днепр дарыясы катаал табигый тоскоолдук эле. Анын оң жээги сол жээгине караганда бийигирээк болгондуктан чабуулга өткөн советтик аскерлерге бир топ эле кыйын болгон. Душман советтик аскерлердин жүрүшүн Балтика деңизинен Кара деңизге чейин созулган "Чыгыш дубалынын" чегинде токтотууну көздөгөн. Бул тоскоолдук жараткан дубалдын эң негизги бөлүгү Днепр дарыясынын өзү эле. Дарыянын эки жээгинде тең коргонуу тилкелери, бекемделген жайлар, көптөгөн дзоттор курулган. Украинадан кол жууп калуу Үчүнчү рейхти нан, темир жана көмүрсүз калтырарын Гитлер эң сонун түшүнгөн. Анткен менен советтик аскерлердин чабуулу өтө ыкчам болду. Кызыл аскерлер кээ бир жерлерде бир чакырымга жеткен ушундай жазы дарыядан колго жасалган сал жана кайыктарды колдонду. Мындан сырткары, аларга оор курал-жарактарын жүктөп, ал тургай сууну кечип-сүзүп да өтүп жатышты. Ал эми душмандын огу жамгырдай жаап турду. 1943-жылдын август айынын аягында Борбордук фронттун аскерлери немецтердин коргонуу тилкесин бузуп өтсө, андан кийин Воронеж фронтунун кошуундары Сумы шаарын бошотту. Сентябрдын башында Талаа фронту (1943-жылдын октябрынан тарта 2-Украина фронту) Красноградды көздөй чабуулга өттү. Днепр үчүн болгон салгылаш Улуу Ата Мекендик согуштагы эң ири жана кандуу кармаштардын бири болуп калды. Ага эки тараптан тең төрт миллионго жакын адам катышкан. Бул кармашта 2 438 жоокер Советтер Союзунун Баатыры наамына татыган (салыштыра кетсек, бүтүндөй Улуу Ата Мекендик согушта бул жогорку сыйлык 12 миңден ашуун адамга берилген). Алардын катарында эң атактуу советтик мыкты учкучтардын бири Иван Кожедуб да бар болчу. Бул операция маалында ал душмандын 15 учагын атып түшүргөн.
днепр дарыясы
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/1a/1103215615_372:0:2629:1693_1920x0_80_0_0_fd065312346ecb1746c3fcfce39c2aa8.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
улуу ата мекендик согуш, согуш, днепр дарыясы, советтик аскерлер, бошотуу, эрдик, каармандык, видео, видео
улуу ата мекендик согуш, согуш, днепр дарыясы, советтик аскерлер, бошотуу, эрдик, каармандык, видео, видео
Төрт миллионго чукул аскер согушкан Днепр кармашы. Тарыхый видео
1943-жылдын 26-августунда Днепр үчүн салгылаш башталган. Бул Улуу Ата Мекендик согуштагы эң ири жана кандуу кармаштардын бири болуп калды.
Бул операция сол жээктеги Украинаны бошотуудагы жана андан ары оң жээк аркылуу Румынияга карай жылуудагы эң чечүүчү баскыч болуп калды.
Днепр дарыясы катаал табигый тоскоолдук эле. Анын оң жээги сол жээгине караганда бийигирээк болгондуктан чабуулга өткөн советтик аскерлерге бир топ эле кыйын болгон.
Душман советтик аскерлердин жүрүшүн Балтика деңизинен Кара деңизге чейин созулган "Чыгыш дубалынын" чегинде токтотууну көздөгөн. Бул тоскоолдук жараткан дубалдын эң негизги бөлүгү Днепр дарыясынын өзү эле. Дарыянын эки жээгинде тең коргонуу тилкелери, бекемделген жайлар, көптөгөн дзоттор курулган. Украинадан кол жууп калуу Үчүнчү рейхти нан, темир жана көмүрсүз калтырарын Гитлер эң сонун түшүнгөн.
Анткен менен советтик аскерлердин чабуулу өтө ыкчам болду. Кызыл аскерлер кээ бир жерлерде бир чакырымга жеткен ушундай жазы дарыядан колго жасалган сал жана кайыктарды колдонду. Мындан сырткары, аларга оор курал-жарактарын жүктөп, ал тургай сууну кечип-сүзүп да өтүп жатышты. Ал эми душмандын огу жамгырдай жаап турду.
1943-жылдын август айынын аягында Борбордук фронттун аскерлери немецтердин коргонуу тилкесин бузуп өтсө, андан кийин Воронеж фронтунун кошуундары Сумы шаарын бошотту. Сентябрдын башында Талаа фронту (1943-жылдын октябрынан тарта 2-Украина фронту) Красноградды көздөй чабуулга өттү.
"Фашисттер чегинип баратып алдын ала даярдалган пландын негизинде айыл-шаарларды, өнөр жай ишканаларын, көпүрөлөрдү жырткычтык менен талкалап, эгинди өрттөп, мал-жандыктарды айдап качышат. Советтик жарандарды фашисттик кулчулукка зордоп алып кетишкен. Мунун баары биздин жоокерлердин жаалын келтирген", — деп эскерген 2-Украина фронтунун кол башчысы Иван Конев.
Днепр үчүн болгон салгылаш Улуу Ата Мекендик согуштагы эң ири жана кандуу кармаштардын бири болуп калды. Ага эки тараптан тең төрт миллионго жакын адам катышкан.
Бул кармашта 2 438 жоокер Советтер Союзунун Баатыры наамына татыган (салыштыра кетсек, бүтүндөй Улуу Ата Мекендик согушта бул жогорку сыйлык 12 миңден ашуун адамга берилген). Алардын катарында эң атактуу советтик мыкты учкучтардын бири
Иван Кожедуб да бар болчу. Бул операция маалында ал душмандын 15 учагын атып түшүргөн.