https://sputnik.kg/20260919/1103771943.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Америкалык улакчы АКШда Жапаров менен жолуктуТрамп Дания Гренландиянын коопсуздугун көзөмөлдөө укугун АКШга бергенин жар салдыАдылбек Касымалиев жана... 19.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-19T15:00+0600
2026-09-19T15:00+0600
2026-09-19T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/09/13/1103771777_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_33fd392da7d3ce77fd5909955275ae80.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Америкалык улакчы АКШда Жапаров менен жолуктуТрамп Дания Гренландиянын коопсуздугун көзөмөлдөө укугун АКШга бергенин жар салдыАдылбек Касымалиев жана президенттин администрациясынын кызматкерлери ишембиликке катышты
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана президенттин администрациясынын кызматкерлери масштабдуу жалпы республикалык ишембиликке катышты. Белгилей кетсек, президенттин ”Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын кайра иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш-чаралар планы жөнүндө” жарлыгына ылайык, өлкө боюнча мамлекеттик жана муниципалдык органдардын, аларга караштуу мекемелердин, ошондой эле юридикалык жактардын катышуусунда жалпы республикалык ишембилик өткөрүлүүдө. Экологиялык акция Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Боз-Бөлтөк тоосунда өттү. Ишембилик учурунда катышуучулар аймакты катуу тиричилик калдыктарынан тазалоо иштерин жүргүзүштү. Адылбек Касымалиев мындай экологиялык иш-чараларды өткөрүүнүн маанилүүлүгүн, айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасоо маданиятын калыптандыруунун жана аймактардын тазалыгын сактоо үчүн ар бир жарандын жоопкерчилигин жогорулатуунун зарылдыгын белгиледи.
Кыргызстанда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрү боюнча мелдеште чеберчилиги менен таанылган америкалык улакчы, АКШнын көк бөрү боюнча командасынын капитаны Лэдд Хауэлл президент Садыр Жапаровду Америка Кошмо Штаттарынын Юта штатында тосуп алууга Юта штатынын Сенатынын президенти Стюарт Адамс менен биргеликте келди. Ал президент Садыр Жапаровду көргөнүнө кубанып, мамлекет башчысы менен саламдашты. Лэдд Хауэлл Кыргызстанда өткөн көк бөрү боюнча мелдештерде тайказанга улак менен кошо секирип, ат мүдүрүлгөн учурда да аттын башынан аша түшүп, өзгөчө оюн көрсөтүүсү менен көрүүчүлөрдүн эсинде калган. Ошондой эле ал мыкты чабуулчу аталган. Кыргызстан менен АКШ беттешинде 6 упай топтогон. Садыр Жапаровдун Юта штатына болгон иш сапарынын алкагында бир катар жолугушуулар жана иш-чаралар өтөрү күтүлүүдө.
“Бишкек Аренада” дүйнөлүк жылдыздардын катышуусундагы концерт өтүп, анда 2,5 миң милиция кызматкери коомдук тартипке көз салган. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.Иш-чарага 40 миңден ашык көрүүчү келгени айтылды. Маалыматка ылайык, концертте тартип бузгандар болгон эмес. Белгилей кетсек, Бишкекке америкалык ырчылар Ne-Yo менен Akon келген. Ал эми рэпер Busta Rhymes ден соолугуна байланыштуу келе алган эмес.
Копенгаген Гренландиянын коопсуздугун көзөмөлдөө укугун Вашингтонго өткөрүп берди. Бул тууралуу АКШ президенти Дональд Трамп соцтармагы аркылуу билдиргенин РИА Новости жаздыӨлкө башчынын айтымында, аралга ири америкалык контингент жайгашат. АКШнын каршылаштарына Гренландияда аскердик база ачууга жана Вашингтон уруксат бермейин стратегиялык инвестиция салууга биротоло тыюу салынмакчы. Мындан тышкары, АКШ Копенгагенден макулдашуу мөөнөтсүз болот деген кепилдик күтүп жатканы маалым болду. Дания премьер-министри Метте Фредериксендин канцеляриясы тараткан маалыматта макулдашууга БУУ Башкы Ассамблеясынын сессиясында кол коюлары айтылат. Гренландия Дания падышачылыгынын курамына кирет. Бирок Трамп арал АКШнын курамында болушу керектигин бир нече ирет айткан. Копенгаген бийлиги жана аралдын өзүндөгүлөр да Вашингтонду баскынчылык аракеттерден оолак болуп, аймактык бүтүндүүлүккө сый-урмат менен мамиле жасоону талап кылышкан.
Америкалык улакчы АКШда Жапаров менен жолуктуТрамп Дания Гренландиянын коопсуздугун көзөмөлдөө укугун АКШга бергенин жар салдыАдылбек Касымалиев жана президенттин администрациясынын кызматкерлери ишембиликке катышты Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана президенттин администрациясынын кызматкерлери масштабдуу жалпы республикалык ишембиликке катышты. Белгилей кетсек, президенттин ”Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын кайра иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш-чаралар планы жөнүндө” жарлыгына ылайык, өлкө боюнча мамлекеттик жана муниципалдык органдардын, аларга караштуу мекемелердин, ошондой эле юридикалык жактардын катышуусунда жалпы республикалык ишембилик өткөрүлүүдө. Экологиялык акция Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Боз-Бөлтөк тоосунда өттү. Ишембилик учурунда катышуучулар аймакты катуу тиричилик калдыктарынан тазалоо иштерин жүргүзүштү. Адылбек Касымалиев мындай экологиялык иш-чараларды өткөрүүнүн маанилүүлүгүн, айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасоо маданиятын калыптандыруунун жана аймактардын тазалыгын сактоо үчүн ар бир жарандын жоопкерчилигин жогорулатуунун зарылдыгын белгиледи. Кыргызстанда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрү боюнча мелдеште чеберчилиги менен таанылган америкалык улакчы, АКШнын көк бөрү боюнча командасынын капитаны Лэдд Хауэлл президент Садыр Жапаровду Америка Кошмо Штаттарынын Юта штатында тосуп алууга Юта штатынын Сенатынын президенти Стюарт Адамс менен биргеликте келди. Ал президент Садыр Жапаровду көргөнүнө кубанып, мамлекет башчысы менен саламдашты. Лэдд Хауэлл Кыргызстанда өткөн көк бөрү боюнча мелдештерде тайказанга улак менен кошо секирип, ат мүдүрүлгөн учурда да аттын башынан аша түшүп, өзгөчө оюн көрсөтүүсү менен көрүүчүлөрдүн эсинде калган. Ошондой эле ал мыкты чабуулчу аталган. Кыргызстан менен АКШ беттешинде 6 упай топтогон. Садыр Жапаровдун Юта штатына болгон иш сапарынын алкагында бир катар жолугушуулар жана иш-чаралар өтөрү күтүлүүдө. “Бишкек Аренада” дүйнөлүк жылдыздардын катышуусундагы концерт өтүп, анда 2,5 миң милиция кызматкери коомдук тартипке көз салган. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.Иш-чарага 40 миңден ашык көрүүчү келгени айтылды. Маалыматка ылайык, концертте тартип бузгандар болгон эмес. Белгилей кетсек, Бишкекке америкалык ырчылар Ne-Yo менен Akon келген. Ал эми рэпер Busta Rhymes ден соолугуна байланыштуу келе алган эмес. Копенгаген Гренландиянын коопсуздугун көзөмөлдөө укугун Вашингтонго өткөрүп берди. Бул тууралуу АКШ президенти Дональд Трамп соцтармагы аркылуу билдиргенин РИА Новости жаздыӨлкө башчынын айтымында, аралга ири америкалык контингент жайгашат. АКШнын каршылаштарына Гренландияда аскердик база ачууга жана Вашингтон уруксат бермейин стратегиялык инвестиция салууга биротоло тыюу салынмакчы. Мындан тышкары, АКШ Копенгагенден макулдашуу мөөнөтсүз болот деген кепилдик күтүп жатканы маалым болду. Дания премьер-министри Метте Фредериксендин канцеляриясы тараткан маалыматта макулдашууга БУУ Башкы Ассамблеясынын сессиясында кол коюлары айтылат. Гренландия Дания падышачылыгынын курамына кирет. Бирок Трамп арал АКШнын курамында болушу керектигин бир нече ирет айткан. Копенгаген бийлиги жана аралдын өзүндөгүлөр да Вашингтонду баскынчылык аракеттерден оолак болуп, аймактык бүтүндүүлүккө сый-урмат менен мамиле жасоону талап кылышкан.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/13/1103771777_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_97f140001de76021bc0bb69216d96134.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио