https://sputnik.kg/20260919/1103773479.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан кореялык бизнес менен кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдарСловакиянын премьер-министри НАТО менен Россияны түз кагыштыра турчу шылтоо изделип жатканын... 19.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-19T17:00+0600
2026-09-19T17:00+0600
2026-09-19T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/09/13/1103773313_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_0e0323a9c41ea8274d8c02fdd5b92107.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан кореялык бизнес менен кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдарСловакиянын премьер-министри НАТО менен Россияны түз кагыштыра турчу шылтоо изделип жатканын билдирдиСахароводогу убактылуу кармоо борборунан онго жакын кыргызстандык өлкөгө келет
Россиянын Москва шаарындагы “Сахарово” чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоо борборунда учурда Кыргызстандын 233 жараны кармалууда. Алардын 48и аялдар. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, 17-сентябрда Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин консулу аталган борборго барып, анын жетекчилиги жана сот аткаруучулар кызматынын өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууда борбордо кармалып турган кыргызстандыктардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуу, ошондой эле аларды Кыргызстанга тезирээк кайтаруу маселелери талкууланды. Консул мекендештер менен да жолугуп, алардын ден соолугунун абалы жана кармоо шарттары менен таанышты. Жарандарга консулдук-укуктук кеңештер берилип, суроолоруна жооп кайтарылды. Кармоо шарттарына байланыштуу кыргызстандыктардан арыз-даттануулар түшкөн эмес. Маалым болгондой, жакынкы күндөрү борбордо кармалып турган 10го жакын кыргызстандык мекенине жөнөтүлөт. Жалпысынан 2026-жылдын январь айынан бери Россиянын миграциялык мыйзамдарын бузгандыгы үчүн Сахарово борбору аркылуу 3 миң 598 кыргызстандык өлкөдөн административдик жол менен чыгарылган
Кыргызстан кореялык бизнес менен кызматташууну кеңейтүүгө жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө кызыкдар. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Сеул шаарында Кореянын Жасалма интеллект ассоциациясынын өкүлдөрү жана алдыңкы технологиялык компаниялардын жетекчилери менен жолугушууда билдирди. Ал Кыргызстан рыногуна чыгууга жана узак мөөнөттүү өнөктөштүктү өнүктүрүүгө кызыкдар болгон компанияларга зарыл болгон көмөк көрсөтүүгө өлкө даяр экенин айтты. Жолугушуунун жүрүшүндө Кореянын инвестицияларын Кыргызстанга тартуунун келечеги, технологиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү, ошондой эле жасалма интеллект, санариптик чечимдер жана заманбап технологиялар жаатында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Кыргызстанда жеке медициналык жана фармацевтикалык окуу жайларга Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын (КММА) билим берүү франшизасын колдонууга мүмкүнчүлүк берүү сунушталууда. Ошондой эле окуу жайлар билим берүү процессин академиялык жана методикалык жактан башкарууну КММАга тапшыра алышат. Коомдук талкууга илинген өкмөттүн токтом долбоорунда мындай чечим аркылуу медициналык билим берүүнүн сапатын жогорулатып, окуу программаларын жана адистерди даярдоо талаптарын бирдиктүү стандартка келтирүү максат кылынганы белгиленген.
Словакиянын премьер-министри Роберт Фицо ушу тапта НАТО менен Россиянын ортосуна от чача турган себеп изделип жатат деп кооптонуп турганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Соцтармагына жазган билдирүүсүндө өкмөт башчы Словакия мындай согушка тартылышын таптакыр каалабай турганын айткан. “НАТО келишиминин 5-беренесинин колдонулушун элестете аласыздарбы? 5 миң, 10 миң жоокер даярдагыла, баланча жерге барып согушат деп кимдир бирөөнүн бизге айтып жатканын ойлонуп көргүлөчү. Ким үчүн, эмне үчүн согушабыз?” — деди Фицо.ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 100 сом 41 тыйын юань 13 сом 6 тыйынга рубль 1 сом 3 тыйынга Казак тенгеси 20 тыйынга барабар
МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 87 сом 90 тыйындан баштап сатылууда. АИ 95 улгусундогу май 109 сом 90 тыйындан, Дизель майы литрине 99 сом 90 тыйынга бааланса, унаа газынын литри 48 сом 80 тыйындан сатылууда.
АБА ЫРАЙЫ20-сентябрга караган түнү өлкөбүздө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. БИШКЕК, 19-снт. — Sputnik. Жекшемби күнү республиканын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +28...+33, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында +29...+34, Талас чөлкөмүндө +25...+30, Ысык-Көл регионунда +21...+26, Нарын өрөөнүндө +22...+27 градус ысыйт. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +30...+32, Ошто +32...+34, ал эми Чолпон-Атада +22...+24 градуска көтөрүлөт.
Кыргызстан кореялык бизнес менен кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдарСловакиянын премьер-министри НАТО менен Россияны түз кагыштыра турчу шылтоо изделип жатканын билдирдиСахароводогу убактылуу кармоо борборунан онго жакын кыргызстандык өлкөгө келет Россиянын Москва шаарындагы “Сахарово” чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоо борборунда учурда Кыргызстандын 233 жараны кармалууда. Алардын 48и аялдар. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, 17-сентябрда Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин консулу аталган борборго барып, анын жетекчилиги жана сот аткаруучулар кызматынын өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууда борбордо кармалып турган кыргызстандыктардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуу, ошондой эле аларды Кыргызстанга тезирээк кайтаруу маселелери талкууланды. Консул мекендештер менен да жолугуп, алардын ден соолугунун абалы жана кармоо шарттары менен таанышты. Жарандарга консулдук-укуктук кеңештер берилип, суроолоруна жооп кайтарылды. Кармоо шарттарына байланыштуу кыргызстандыктардан арыз-даттануулар түшкөн эмес. Маалым болгондой, жакынкы күндөрү борбордо кармалып турган 10го жакын кыргызстандык мекенине жөнөтүлөт. Жалпысынан 2026-жылдын январь айынан бери Россиянын миграциялык мыйзамдарын бузгандыгы үчүн Сахарово борбору аркылуу 3 миң 598 кыргызстандык өлкөдөн административдик жол менен чыгарылган Кыргызстан кореялык бизнес менен кызматташууну кеңейтүүгө жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө кызыкдар. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Сеул шаарында Кореянын Жасалма интеллект ассоциациясынын өкүлдөрү жана алдыңкы технологиялык компаниялардын жетекчилери менен жолугушууда билдирди. Ал Кыргызстан рыногуна чыгууга жана узак мөөнөттүү өнөктөштүктү өнүктүрүүгө кызыкдар болгон компанияларга зарыл болгон көмөк көрсөтүүгө өлкө даяр экенин айтты. Жолугушуунун жүрүшүндө Кореянын инвестицияларын Кыргызстанга тартуунун келечеги, технологиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү, ошондой эле жасалма интеллект, санариптик чечимдер жана заманбап технологиялар жаатында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Кыргызстанда жеке медициналык жана фармацевтикалык окуу жайларга Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын (КММА) билим берүү франшизасын колдонууга мүмкүнчүлүк берүү сунушталууда. Ошондой эле окуу жайлар билим берүү процессин академиялык жана методикалык жактан башкарууну КММАга тапшыра алышат. Коомдук талкууга илинген өкмөттүн токтом долбоорунда мындай чечим аркылуу медициналык билим берүүнүн сапатын жогорулатып, окуу программаларын жана адистерди даярдоо талаптарын бирдиктүү стандартка келтирүү максат кылынганы белгиленген. Словакиянын премьер-министри Роберт Фицо ушу тапта НАТО менен Россиянын ортосуна от чача турган себеп изделип жатат деп кооптонуп турганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Соцтармагына жазган билдирүүсүндө өкмөт башчы Словакия мындай согушка тартылышын таптакыр каалабай турганын айткан. “НАТО келишиминин 5-беренесинин колдонулушун элестете аласыздарбы? 5 миң, 10 миң жоокер даярдагыла, баланча жерге барып согушат деп кимдир бирөөнүн бизге айтып жатканын ойлонуп көргүлөчү. Ким үчүн, эмне үчүн согушабыз?” — деди Фицо.ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 100 сом 41 тыйын юань 13 сом 6 тыйынга рубль 1 сом 3 тыйынга Казак тенгеси 20 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 87 сом 90 тыйындан баштап сатылууда. АИ 95 улгусундогу май 109 сом 90 тыйындан, Дизель майы литрине 99 сом 90 тыйынга бааланса, унаа газынын литри 48 сом 80 тыйындан сатылууда.АБА ЫРАЙЫ20-сентябрга караган түнү өлкөбүздө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. БИШКЕК, 19-снт. — Sputnik. Жекшемби күнү республиканын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +28...+33, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында +29...+34, Талас чөлкөмүндө +25...+30, Ысык-Көл регионунда +21...+26, Нарын өрөөнүндө +22...+27 градус ысыйт. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +30...+32, Ошто +32...+34, ал эми Чолпон-Атада +22...+24 градуска көтөрүлөт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/13/1103773313_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_c12bf4bbdfca2b14b1c25861f106f5b4.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио