https://sputnik.kg/20260825/duynoluk-ii-sogushtun-yraakky-chygyshtagy-sonku-kundoru-1103190059.html
Экинчи дүйнөлүк согуштун Ырааккы Чыгыштагы соңку күндөрү. Видео
Экинчи дүйнөлүк согуштун Ырааккы Чыгыштагы соңку күндөрү. Видео
Sputnik Кыргызстан
1945-жылдын 25-августунда Кызыл армиянын аскерлери Сахалин аралын япон баскынчыларынан толугу менен бошоткон. Окуя тууралуу видеобаянды сунуштайбыз. 25.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-25T20:19+0600
2026-08-25T20:19+0600
2026-08-26T09:35+0600
ссср
улуу ата мекендик согуш
япония
сахалин
советтик жоокерлер
чабуул
бошотуу
видео
https://sputnik.kg/img/07ea/08/19/1103191035_0:219:1000:782_1920x0_80_0_0_2ed411cebd52c41b9b99ba4bdb1688b6.jpg
Советтер Союзу 1945-жылдын 8-августунда Японияга согуш жарыялаган. Эртеси күнү эле Манжурия операциясы (чабуулу) башталып, ал 2-сентябрда Япониянын багынып бериши менен аяктаган. Ошентип, Экинчи дүйнөлүк согушка чекит коюлган. Ялта конференциясында жетишилген келишимге ылайык, СССР Германия багынгандан 2-3 ай өткөндөн кийин Японияга каршы согушка кирүүгө милдеттенме алган. Бул үчүн "1904-жылы Япониянын чыккынчылык менен жасаган чабуулунан улам Россия алдырган укуктарын калыбына келтирүү", тагыраагы, Сахалиндин түштүк бөлүгүн кайтарып берүү шарты коюлган. Япон командачылыгы согуш башталганга чейин эле Түндүк жана Түштүк Сахалинди байланыштырган жалгыз жолдун боюндагы Котон кыштагынын (азыркы Победино) тегерегине дзоттор жана жер астындагы өтмөктөрү бар кубаттуу коргонуу чыңдоолорун куруп алган. Түштүк Сахалин операциясынын негизги максаты ушул коргонуу тилкесин бузуп өтүү болчу. Советтик аскерлердин чабуулун генерал-лейтенант Анатолий Дьяконов жетектеген 56-аткычтар корпусу койгон. Аларга деңизден Түндүк Тынч океан флотилиясы, ал эми абадан деңиздик-аскер авиациясынын 80 учагы көмөктөшкөн. Бул аймакты Япониянын 30 миң жөө аскери менен резервдеги күчтөрү коргоп турган. Япония багынып бергенден кийин алардын аскер башчысы, генерал Тоитиро Минэки колго түшкөн. Ал СССРге чалгынчылар менен диверсанттарды жиберүүнү уюштурганы үчүн өлүм жазасына (атууга) өкүм кылынган. Кийинчерээк бул жаза 20 жылдык эмгек лагерине алмаштырылган. 1956-жылдын декабрында генерал-лейтенант абактан бошотулуп, мекенине кайткан. Ал эми 1997-жылы аскердик прокуратура Минэкини актаган. Түштүк Сахалин операциясын советтик аскерлер үч этап менен жүргүзгөн: Бул салгылашууда Советтик армия 900гө чукул адамынан айрылган, ал эми япон тараптан 700дөй жоокер набыт болгон. Мындан сырткары, 18 миңден ашык япон аскерлери менен офицерлери багынып берген.
ссср
япония
сахалин
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/19/1103191035_0:126:1000:876_1920x0_80_0_0_d579655283863e9e0636356fefd2fd3a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
ссср, улуу ата мекендик согуш, япония, сахалин, советтик жоокерлер, чабуул, бошотуу, видео, видео
ссср, улуу ата мекендик согуш, япония, сахалин, советтик жоокерлер, чабуул, бошотуу, видео, видео
Экинчи дүйнөлүк согуштун Ырааккы Чыгыштагы соңку күндөрү. Видео
20:19 25.08.2026 (Жаңыртылды: 09:35 26.08.2026) 1945-жылдын 25-августунда Кызыл армиянын аскерлери Сахалин аралын япон баскынчыларынан толугу менен бошоткон. Окуя тууралуу видеобаянды сунуштайбыз.
Советтер Союзу 1945-жылдын 8-августунда Японияга согуш жарыялаган. Эртеси күнү эле Манжурия операциясы (чабуулу) башталып, ал 2-сентябрда Япониянын багынып бериши менен аяктаган. Ошентип, Экинчи дүйнөлүк согушка чекит коюлган.
Ялта конференциясында жетишилген келишимге ылайык, СССР Германия багынгандан 2-3 ай өткөндөн кийин Японияга каршы согушка кирүүгө милдеттенме алган. Бул үчүн "1904-жылы Япониянын чыккынчылык менен жасаган чабуулунан улам Россия алдырган укуктарын калыбына келтирүү", тагыраагы, Сахалиндин түштүк бөлүгүн кайтарып берүү шарты коюлган.
Япон командачылыгы согуш башталганга чейин эле Түндүк жана Түштүк Сахалинди байланыштырган жалгыз жолдун боюндагы Котон кыштагынын (азыркы Победино) тегерегине дзоттор жана жер астындагы өтмөктөрү бар кубаттуу коргонуу чыңдоолорун куруп алган. Түштүк Сахалин операциясынын негизги максаты ушул коргонуу тилкесин бузуп өтүү болчу. Советтик аскерлердин чабуулун генерал-лейтенант Анатолий Дьяконов жетектеген 56-аткычтар корпусу койгон. Аларга деңизден Түндүк Тынч океан флотилиясы, ал эми абадан деңиздик-аскер авиациясынын 80 учагы көмөктөшкөн.
Бул аймакты Япониянын 30 миң жөө аскери менен резервдеги күчтөрү коргоп турган. Япония багынып бергенден кийин алардын аскер башчысы, генерал Тоитиро Минэки колго түшкөн. Ал СССРге чалгынчылар менен диверсанттарды жиберүүнү уюштурганы үчүн өлүм жазасына (атууга) өкүм кылынган. Кийинчерээк бул жаза 20 жылдык эмгек лагерине алмаштырылган. 1956-жылдын декабрында генерал-лейтенант абактан бошотулуп, мекенине кайткан. Ал эми 1997-жылы аскердик прокуратура Минэкини актаган.
Түштүк Сахалин операциясын советтик аскерлер үч этап менен жүргүзгөн:
алгачкы даярдык көрүү иштери жүргөн;
кийин душмандын Котон чыңдоо районундагы негизги коргонуу тилкесин бузуп өтүшкөн;
акырында Сахалиндин түштүк аймактарын бошотуу үчүн Маока портуна түшүрүлгөн десант менен биргеликте экинчи коргонуу тилкесин талкалап, түштүктү көздөй чабуулду улантышкан.
Бул салгылашууда Советтик армия 900гө чукул адамынан айрылган, ал эми япон тараптан 700дөй жоокер набыт болгон. Мындан сырткары, 18 миңден ашык япон аскерлери менен офицерлери багынып берген.