https://sputnik.kg/20260819/1103065618.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Президенттин атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев кыргыз-өзбек чек арасында курулуп жаткан "Маамай" өткөрмө пунктун жана ага барчу жолдун салынышын текшерди. Бул... 19.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-19T11:00+0600
2026-08-19T11:00+0600
2026-08-19T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/08/13/1103065452_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_653d640942236531f8b682a7475e31e3.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Президенттин атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев кыргыз-өзбек чек арасында курулуп жаткан "Маамай" өткөрмө пунктун жана ага барчу жолдун салынышын текшерди. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. Төрөбаевдин айтымында, бул долбоорлор эки өлкөнүн кызматташтыгын жаңы деңгээлге чыгарып, соода жүгүртүүнүн өсүшүнө шарт түзөт. Маалыматка ылайык, Кербен — Маамай жолу ачылгандан кийин Өзбекстандын жарандарына Падыша-Ата, Сары-Челек жана Кара-Камыш сыяктуу туристтик жайларга баруу ыңгайлуу болот. Бул мейманкана бизнесинин жана тейлөө тармагынын өнүгүшүнө да өбөлгө түзөт. Эскерте кетсек, учурда кыргыз-өзбек чек арасында 15 өткөрмө пункту бар.
Бишкек мэрисы 31-август менен 1-сентябрда негизги соода борборлору менен базарлардын ишин токтотууну чечти. Мэр Айбек Жунушалиев менен Бишкек шаардык кеңешинин төрагаорун басары Жылдызбек Абдраимовдун төрагалыгы алдында Координациялык кеңештин жыйыны өттү. Жыйын соңу менен калаа тургундары жана келе турган делегациялардын коопсуздугун камсыздоо үчүн кошумча чаралар аныкталды.31-август жана 1-сентябрда “Чынар”, “Айчүрөк” (ЦУМ), “Бишкек Парк”, “Азия Молл”, “Ала-Арча”, “VEFA Центр”, “Дом торговли”, “Гоин”, Beta Stores 1 жана “Беш Сары Сити” соода комплекстери иштебейт. Ошондой эле, “Ош” жана “Сары-Өзөн” базарлары 31-августта санитардык күнгө байланыштуу, ошондой эле 1-2-сентябрда иштебейт. “Орто-Сай” базары 31-август жана 1-сентябрда жабык болот. 29-август саат 15:00дөн тартып расмий делегация өтүүчү жолдордогу жер алдындагы өтмөктөр жабылат. Төрт райондун акимдерине расмий делегациялар өтө турган маршруттардагы кошумча соода түйүндөрүн аныктап, алардын ишин убактылуу токтотууну камсыз кылуу тапшырылды.
Монголиянын ишкерлери Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) рыногуна продукциясын чыгаруу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөргө ээ болууда. Бул туурасында ЕЭКтин маалымат кызматы билдирди. Ага ылайык, аталган багытта Евразия экономикалык комиссиясынын аянтчасында Монголиянын ишкерлери үчүн электрондук соода боюнча семинар өтүп, анда ЕАЭБ рыногунда маркетплейстер аркылуу иш алып баруунун мүмкүнчүлүктөрү жана сатуучулар үчүн жеткиликтүү инструменттер көрсөтүлдү. Иш-чарага Монголиянын бизнес чөйрөсүнүн жана Улуттук соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрү катышты. Россиялык RWB компаниясынын өкүлдөрү электрондук соода платформасынын иштөө механизмдери, товар сатуу моделдери жана сатуучулар пайдалана ала турган сервистер тууралуу маалымат беришкен. ЕЭК Соода саясаты департаментинин директорунун орун басары Михаил Черекаев электрондук сооданын өсүшү ЕАЭБ менен Монголиянын ортосундагы сооданы күчөтөрүн белгиледи.
Америкалык лидер Дональд Трамп соцтармактагы баракчасына Ормуз кысыгынын "АКШнын жаңы аймагы" деп жазылган сүрөтүн жүктөдү. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Өлкө президенти жарыялаган картада Иран менен Омандын ортосунда жайгашкан Ормуз кысыгы тегеректелип, үстүндө "New U.S. Territory" ("АКШнын жаңы аймагы") деп жазылып турат. Трамп Ормуздун АКШга кошуларын жакында жарыялай турганын айткан. Мындан сырткары, Вашингтон стратегиялык мааниге ээ бул кысыкка толук көзөмөл жүргүзүп жатканын кошумчалаган болчу. Ошол эле күнү Иран тышкы иштер министрини орун басары Казем Гарибабади Тегеранды коркутуу куру убара экенин белгилеп, кысык Ирандын гана буйругу менен ачылып-жабыларын эскерткен.
Президенттин атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев кыргыз-өзбек чек арасында курулуп жаткан "Маамай" өткөрмө пунктун жана ага барчу жолдун салынышын текшерди. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. Төрөбаевдин айтымында, бул долбоорлор эки өлкөнүн кызматташтыгын жаңы деңгээлге чыгарып, соода жүгүртүүнүн өсүшүнө шарт түзөт. Маалыматка ылайык, Кербен — Маамай жолу ачылгандан кийин Өзбекстандын жарандарына Падыша-Ата, Сары-Челек жана Кара-Камыш сыяктуу туристтик жайларга баруу ыңгайлуу болот. Бул мейманкана бизнесинин жана тейлөө тармагынын өнүгүшүнө да өбөлгө түзөт. Эскерте кетсек, учурда кыргыз-өзбек чек арасында 15 өткөрмө пункту бар. Бишкек мэрисы 31-август менен 1-сентябрда негизги соода борборлору менен базарлардын ишин токтотууну чечти. Мэр Айбек Жунушалиев менен Бишкек шаардык кеңешинин төрагаорун басары Жылдызбек Абдраимовдун төрагалыгы алдында Координациялык кеңештин жыйыны өттү. Жыйын соңу менен калаа тургундары жана келе турган делегациялардын коопсуздугун камсыздоо үчүн кошумча чаралар аныкталды.31-август жана 1-сентябрда “Чынар”, “Айчүрөк” (ЦУМ), “Бишкек Парк”, “Азия Молл”, “Ала-Арча”, “VEFA Центр”, “Дом торговли”, “Гоин”, Beta Stores 1 жана “Беш Сары Сити” соода комплекстери иштебейт. Ошондой эле, “Ош” жана “Сары-Өзөн” базарлары 31-августта санитардык күнгө байланыштуу, ошондой эле 1-2-сентябрда иштебейт. “Орто-Сай” базары 31-август жана 1-сентябрда жабык болот. 29-август саат 15:00дөн тартып расмий делегация өтүүчү жолдордогу жер алдындагы өтмөктөр жабылат. Төрт райондун акимдерине расмий делегациялар өтө турган маршруттардагы кошумча соода түйүндөрүн аныктап, алардын ишин убактылуу токтотууну камсыз кылуу тапшырылды. Монголиянын ишкерлери Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) рыногуна продукциясын чыгаруу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөргө ээ болууда. Бул туурасында ЕЭКтин маалымат кызматы билдирди. Ага ылайык, аталган багытта Евразия экономикалык комиссиясынын аянтчасында Монголиянын ишкерлери үчүн электрондук соода боюнча семинар өтүп, анда ЕАЭБ рыногунда маркетплейстер аркылуу иш алып баруунун мүмкүнчүлүктөрү жана сатуучулар үчүн жеткиликтүү инструменттер көрсөтүлдү. Иш-чарага Монголиянын бизнес чөйрөсүнүн жана Улуттук соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрү катышты. Россиялык RWB компаниясынын өкүлдөрү электрондук соода платформасынын иштөө механизмдери, товар сатуу моделдери жана сатуучулар пайдалана ала турган сервистер тууралуу маалымат беришкен. ЕЭК Соода саясаты департаментинин директорунун орун басары Михаил Черекаев электрондук сооданын өсүшү ЕАЭБ менен Монголиянын ортосундагы сооданы күчөтөрүн белгиледи. Америкалык лидер Дональд Трамп соцтармактагы баракчасына Ормуз кысыгынын "АКШнын жаңы аймагы" деп жазылган сүрөтүн жүктөдү. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Өлкө президенти жарыялаган картада Иран менен Омандын ортосунда жайгашкан Ормуз кысыгы тегеректелип, үстүндө "New U.S. Territory" ("АКШнын жаңы аймагы") деп жазылып турат. Трамп Ормуздун АКШга кошуларын жакында жарыялай турганын айткан. Мындан сырткары, Вашингтон стратегиялык мааниге ээ бул кысыкка толук көзөмөл жүргүзүп жатканын кошумчалаган болчу. Ошол эле күнү Иран тышкы иштер министрини орун басары Казем Гарибабади Тегеранды коркутуу куру убара экенин белгилеп, кысык Ирандын гана буйругу менен ачылып-жабыларын эскерткен.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/13/1103065452_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_0f2ac4625ee4c7a1bd60169df251e566.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио