https://sputnik.kg/20260811/profildik-okutuu-etap-menen-kirgizilet-1102919445.html
Быйыл 8-класстарга профилдик багыт берүү программасы киргизилет
Быйыл 8-класстарга профилдик багыт берүү программасы киргизилет
Sputnik Кыргызстан
Окуучулар эми жогорку класстарда өзүнүн кызыгуусуна жана келечектеги кесибине жараша багыт тандай баштайт. 11.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-11T13:33+0600
2026-08-11T13:33+0600
2026-08-11T13:33+0600
кыргызстан
билим берүү
мектеп
окуучу
кесип
профиль
https://sputnik.kg/img/07e7/0b/11/1080515083_2:0:2046:1150_1920x0_80_0_0_993332e6c69bf8bf25b79990b2b78675.jpg
БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Кыргызстандагы жалпы билим берүүчү мектептерде профилдик окутуу 2026–2029-жылдары үч этап менен киргизилет. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, программа окуучулардын кызыгуусун жана жөндөмүн аныктап, жогорку класстарда академиялык же кесиптик-колдонмо багытты тандоосуна жардам берет. Биринчи этапта 8-класстарда профилге чейинки даярдык киргизилип, жогорку класстарда кесиптик-колдонмо багытындагы профилдик программалар сыноодон өткөрүлөт. 2027–2028-окуу жылында профилге чейинки даярдык 9-класстарга киргизилип, 11-класстарда академиялык жана кесиптик-колдонмо багытындагы профилдик окутуу башталат. Ал эми 2028–2029-окуу жылында мындай окутуу 12-класстарга киргизилет. Жөнөкөй тил менен айтканда, окуучулар жогорку класстарда өзүнүн кызыгуусуна жана келечектеги кесибине жараша багыт тандай баштайт. Мисалы, жогорку окуу жайына тапшырууну көздөгөн окуучу академиялык багытты, ал эми кесип үйрөнүп, эмгек рыногуна эртерээк чыгууну каалаган окуучу кесиптик-прикладдык багытты тандай алат.
https://sputnik.kg/20260615/chujdo-zhetim-baldarga-kesip-ujrotchu-innovaciyalyk-mektep-achyldy-1101894764.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/0b/11/1080515083_258:0:1791:1150_1920x0_80_0_0_8a4ba66ee858fc4f5554a22ca866418f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, билим берүү, мектеп, окуучу, кесип, профиль
кыргызстан, билим берүү, мектеп, окуучу, кесип, профиль
Быйыл 8-класстарга профилдик багыт берүү программасы киргизилет
Окуучулар эми жогорку класстарда өзүнүн кызыгуусуна жана келечектеги кесибине жараша багыт тандай баштайт.
БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Кыргызстандагы жалпы билим берүүчү мектептерде профилдик окутуу 2026–2029-жылдары үч этап менен киргизилет. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, программа окуучулардын кызыгуусун жана жөндөмүн аныктап, жогорку класстарда академиялык же кесиптик-колдонмо багытты тандоосуна жардам берет.
Биринчи этапта 8-класстарда профилге чейинки даярдык киргизилип, жогорку класстарда кесиптик-колдонмо багытындагы профилдик программалар сыноодон өткөрүлөт.
2027–2028-окуу жылында профилге чейинки даярдык 9-класстарга киргизилип, 11-класстарда академиялык жана кесиптик-колдонмо багытындагы профилдик окутуу башталат. Ал эми 2028–2029-окуу жылында мындай окутуу 12-класстарга киргизилет.
Жөнөкөй тил менен айтканда, окуучулар жогорку класстарда өзүнүн кызыгуусуна жана келечектеги кесибине жараша багыт тандай баштайт. Мисалы, жогорку окуу жайына тапшырууну көздөгөн окуучу академиялык багытты, ал эми кесип үйрөнүп, эмгек рыногуна эртерээк чыгууну каалаган окуучу кесиптик-прикладдык багытты тандай алат.