https://sputnik.kg/20260615/chujdo-zhetim-baldarga-kesip-ujrotchu-innovaciyalyk-mektep-achyldy-1101894764.html
Чүйдө жетим балдарга кесип үйрөтө турган инновациялык мектеп ачылды. Видео
Чүйдө жетим балдарга кесип үйрөтө турган инновациялык мектеп ачылды. Видео
Sputnik Кыргызстан
Чүй облусунун Жаңы-Жол айылында жаңы инновациялык мектеп ачылды. Ал жетим жана ата-энесинин камкордугунан ажыраган балдардын мектеп-интернаты менен Оштогу... 15.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-15T20:49+0600
2026-06-15T20:49+0600
2026-06-15T22:21+0600
кыргызстан
чүй облусу
россия
буу
буунун бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы
мектеп
ысык тамак
интернат
https://sputnik.kg/img/07ea/06/0f/1101894893_0:0:1920:1080_1920x0_80_0_0_2575a37e517700a3d4192f80163b6409.jpg
Чүй облусунун Жаңы-Жол айылында жаңы инновациялык мектеп ачылды. Ал жетим жана ата-энесинин камкордугунан ажыраган балдардын мектеп-интернаты менен Оштогу Компетенциялар борборунун базасында түптөлгөн. Мектеп 1956-жылы негизделген, 2026-жылы заман талабына ылайыкташтырылып, билим берүү аянтчасына айланган. Бул жерде 5 жаштан 18 жашка чейинки балдар билим алат. Долбоордун алкагында окуу жайда наабайкана, бакча жана күнөскана курулган. Бул объектилер окууну практика менен айкалыштырып, окуучуларга рынок шартына туура келген кесип ээси болууга өбөлгө түзөт. БУУнун Азык-түлүк программасынын колдоосу менен мектептин наабайканасына заманбап жабдуу орнотулган. Окуунун жыйынтыгы менен балдар башталгыч кесиптик билим тууралуу диплом алып, расмий жумушка орношууга жол ачылат. Агартуу министринин орун басары Лира Самыкбаева кандай гана кыйынчылыкка кабылбасын, ар бир бала үчүн сапаттуу билим алуу мүмкүнчүлүгү, технологиялар жеткиликтүү болушу керектигин белгиледи. Россия элчилигинин кеңешчиси Иван Прокопенко Россиянын жардамы жана БУУнун Азык-түлүк программасынын колдоосу менен Кыргызстандын 2 200 мектебинде толук кандуу ысык тамак уюштурулганын эске салды. Анын айтымында, быйыл дагы 35 мектептин окуучуларын толук кандуу тамактандыруу пландалууда. Ушундай эле иштер кесиптик лицейлерде жүрүп жатат, кийин бала бакчаларды да камтыйт. БУУнун Азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы директору Кожиро Накай мектеп тамактануусу аялуу балдарды социалдык жактан коргоонун эң майнаптуу ыкмасы экенин белгиледи. Эскерте кетсек, долбоорду Агартуу министрлиги БУУнун Азык-түлүк программасы менен биргеликте ишке ашырды. Каржы жагын Россия чечип берген. Россия БУУнун Азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы ири донору болуп саналат, 2023-2027-жылдарга катара түзүлгөн стратегиялык пландын алкагында операциялардын 48 пайызын каржылайт. БУУнун Азык-түлүк программасы Кыргызстанда иштей баштаган 2008-жылдан бери Россия уюмдун программаларын колдоо үчүн 122 миллион доллар бөлгөн.
чүй облусу
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/06/0f/1101894893_240:0:1680:1080_1920x0_80_0_0_cb3034e760c768515c094a63fc422176.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, чүй облусу, россия, буу, буунун бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы, мектеп, ысык тамак, интернат, видео
кыргызстан, чүй облусу, россия, буу, буунун бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы, мектеп, ысык тамак, интернат, видео
Чүй облусунун Жаңы-Жол айылында жаңы инновациялык мектеп ачылды. Ал жетим жана ата-энесинин камкордугунан ажыраган балдардын мектеп-интернаты менен Оштогу Компетенциялар борборунун базасында түптөлгөн.
Мектеп 1956-жылы негизделген, 2026-жылы заман талабына ылайыкташтырылып, билим берүү аянтчасына айланган. Бул жерде 5 жаштан 18 жашка чейинки балдар билим алат.
Долбоордун алкагында окуу жайда наабайкана, бакча жана күнөскана курулган. Бул объектилер окууну практика менен айкалыштырып, окуучуларга рынок шартына туура келген кесип ээси болууга өбөлгө түзөт.
БУУнун Азык-түлүк программасынын колдоосу менен мектептин наабайканасына заманбап жабдуу орнотулган. Окуунун жыйынтыгы менен балдар башталгыч кесиптик билим тууралуу диплом алып, расмий жумушка орношууга жол ачылат.
Агартуу министринин орун басары Лира Самыкбаева кандай гана кыйынчылыкка кабылбасын, ар бир бала үчүн сапаттуу билим алуу мүмкүнчүлүгү, технологиялар жеткиликтүү болушу керектигин белгиледи.
Россия элчилигинин кеңешчиси Иван Прокопенко Россиянын жардамы жана БУУнун Азык-түлүк программасынын колдоосу менен Кыргызстандын 2 200 мектебинде толук кандуу ысык тамак уюштурулганын эске салды. Анын айтымында, быйыл дагы 35 мектептин окуучуларын толук кандуу тамактандыруу пландалууда. Ушундай эле иштер кесиптик лицейлерде жүрүп жатат, кийин бала бакчаларды да камтыйт.
БУУнун Азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы директору Кожиро Накай мектеп тамактануусу аялуу балдарды социалдык жактан коргоонун эң майнаптуу ыкмасы экенин белгиледи.
Эскерте кетсек, долбоорду Агартуу министрлиги БУУнун Азык-түлүк программасы менен биргеликте ишке ашырды. Каржы жагын Россия чечип берген.
Россия БУУнун Азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы ири донору болуп саналат, 2023-2027-жылдарга катара түзүлгөн стратегиялык пландын алкагында операциялардын 48 пайызын каржылайт. БУУнун Азык-түлүк программасы Кыргызстанда иштей баштаган 2008-жылдан бери Россия уюмдун программаларын колдоо үчүн 122 миллион доллар бөлгөн.