https://sputnik.kg/20260806/tokmokto-uy-bulosun-sabagan-kishi-karmaldy-1102820688.html
"Күрөк менен сабап..." Токмокто үй-бүлөсүнө күн көрсөтпөгөн киши кармалды
"Күрөк менен сабап..." Токмокто үй-бүлөсүнө күн көрсөтпөгөн киши кармалды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Токмок шаарында үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча иш козголуп, 38 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер... 06.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-06T11:47+0600
2026-08-06T11:47+0600
2026-08-06T11:47+0600
кыргызстан
токмок
үй-бүлөлүк зомбулук
шектүү
кылмыш
тергөө
зомбулук
https://sputnik.kg/img/07ea/08/06/1102819146_0:149:735:562_1920x0_80_0_0_d6bac5394db3a5fef0b91e01c9094d70.jpg
БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Токмок шаарында үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча иш козголуп, 38 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди. Маалымдалгандай, 3-августта 33 жаштагы келин милицияга кайрылып, жолдошу (расмий никеге турушкан эмес) акыркы үч жыл ичинде өзүнө жана кичинекей эки баласына зомбулук көрсөтүп келгенин билдирген. Зомбулукка кабылып келген кичинекейлер өгөй баласы болгонун маалыматы бар кишилер айтышты. Тергөөгө чейинки текшерүү башталып, анын жүрүшүндө жабырлануучу күйөөсү өзүн жана балдарын зым, күрөк менен сабаганын айткан. Бул жагымсыз окуя боюнча келин менен балдарына соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Фактылардан улам Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси ("Уруп-сабап кыйноо") менен иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө уланууда. Шектүү эми беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылышы мүмкүн.
https://sputnik.kg/20260724/balasyn-sabagan-kishi-militsiyaga-zhetkirildi-1102580301.html
токмок
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/06/1102819146_0:80:735:631_1920x0_80_0_0_064e26dea1d791ccc036206b781053df.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, токмок, үй-бүлөлүк зомбулук, шектүү, кылмыш, тергөө, зомбулук
кыргызстан, токмок, үй-бүлөлүк зомбулук, шектүү, кылмыш, тергөө, зомбулук
БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Токмок шаарында үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча иш козголуп, 38 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалымдалгандай, 3-августта 33 жаштагы келин милицияга кайрылып, жолдошу (расмий никеге турушкан эмес) акыркы үч жыл ичинде өзүнө жана кичинекей эки баласына зомбулук көрсөтүп келгенин билдирген. Зомбулукка кабылып келген кичинекейлер өгөй баласы болгонун маалыматы бар кишилер айтышты.
Тергөөгө чейинки текшерүү башталып, анын жүрүшүндө жабырлануучу күйөөсү өзүн жана балдарын зым, күрөк менен сабаганын айткан. Бул жагымсыз окуя боюнча келин менен балдарына соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Фактылардан улам Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси ("Уруп-сабап кыйноо") менен иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө уланууда.
Шектүү эми беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылышы мүмкүн.