Дүйнөлүк классиктерди кыргызга тааныткан Кыргыздрам. Театр ишин кантип баштаган
Дүйнөлүк классиктерди кыргызга тааныткан Кыргыздрам. Театр ишин кантип баштаган
Sputnik Кыргызстан
Токтоболот Абдумомуновдун атын алган Кыргыз улуттук драма театры — улуттук маданияттын чордону. Театр 1925-жылы 19-январда Кара-Кыргыз автоном облусунун... 26.07.2026, Sputnik Кыргызстан
1928-жылы 9-февралда Кыргыз автономиялуу республикасынын Эл комиссарларынын кеңеши борбор калаада мамлекеттик драма театрын куруу тууралуу чечим чыгарат. 500 орундуу маданий жайдын курулушуна 200 миң рубль каражат сарпталганын архивдик документ тастыктайт. Улуттук академиялык драма театрды түптөөгө атактуу илимпоз жана мамлекеттик ишмер Касым Тыныстанов да катышкан. 1920-жылдардын башында Караколдо ал кыргыздын ичинен алгачкы болуп театралдык труппа уюштурат. Бул театрдын эң алгачкы артисттери: Аманкул Куттубаев, Анвар Куттубаева, Ашыралы Боталиев, Касымалы Жантөшев, Абдылас Малдыбаев, Өмүркул Жетикашкаев, Абылгазы Айбашев, Алжан Сарыбагышев жана Шамшы Түмөнбаев эле. Булардан кийин театр сахнасына Сатыбалды Далбаев, Даркүл Күйүкова, Күнболот Досумбаев, Таттыбүбү Турсунбаевалар келди. Учук үзүлбөй ушу күндө да Улуттук академиялык театрыбыз кулачын кенен жайып, руханий азык тартуулап келе жатат. Баса, театрдын азыркы имараты 1970-жылы курулуп бүткөн.
Токтоболот Абдумомуновдун атын алган Кыргыз улуттук драма театры — улуттук маданияттын чордону. Театр 1925-жылы 19-январда Кара-Кыргыз автоном облусунун Революциялык комитетинин төрагасы Иманалы Айдарбековдун токтому менен түптөлгөн.
1928-жылы 9-февралда Кыргыз автономиялуу республикасынын Эл комиссарларынын кеңеши борбор калаада мамлекеттик драма театрын куруу тууралуу чечим чыгарат. 500 орундуу маданий жайдын курулушуна 200 миң рубль каражат сарпталганын архивдик документ тастыктайт.
Улуттук академиялык драма театрды түптөөгө атактуу илимпоз жана мамлекеттик ишмер Касым Тыныстанов да катышкан. 1920-жылдардын башында Караколдо ал кыргыздын ичинен алгачкы болуп театралдык труппа уюштурат. Бул театрдын эң алгачкы артисттери: Аманкул Куттубаев, Анвар Куттубаева, Ашыралы Боталиев, Касымалы Жантөшев, Абдылас Малдыбаев, Өмүркул Жетикашкаев, Абылгазы Айбашев, Алжан Сарыбагышев жана Шамшы Түмөнбаев эле. Булардан кийин театр сахнасына Сатыбалды Далбаев, Даркүл Күйүкова, Күнболот Досумбаев, Таттыбүбү Турсунбаевалар келди. Учук үзүлбөй ушу күндө да Улуттук академиялык театрыбыз кулачын кенен жайып, руханий азык тартуулап келе жатат.
Баса, театрдын азыркы имараты 1970-жылы курулуп бүткөн.
Кара-Кыргыз автоном облусунун Революциялык комитетинин Пишпек шаарындагы советтик театрды Кара-Кыргыз облустук адискөй кеңешине өткөрүп берүү тууралуу №13 токтому. 1925-жыл, 19-январь.
Мамлекеттик театр жана радиостанция куруу тууралуу Кыргыз Советтик Социалисттик Автономиялуу Республикасынын Элдик комиссарлар кеңешинин №109 протоколу. Фрунзе, 1928-жыл 9-февраль.
Кыргыз музыкалык-драмалык студиясынын жамаатынын орус жазуучусу Николай Гоголдун “Ревизор” комедиясы боюнча койгон алгачкы спектаклинен кийинки сүрөтү. Фрунзе, 1930
Уильям Шекспирдин “Король Лир” чыгармасындагы каармандары: Регана жана Гонерилья. Артисттер Сайрагүл Балкыбекова (сол жакта) менен Даркүл Күйүкова. Фрунзе, 1967
Даниялык жазуучу Ханс Кристиан Андерсендин “Кар ханышасы” чыгармасы боюнча коюлган спектакль. Кар ханышасы — Таттыбүбү Турсунбаева, Кай — Райма Абдубачаева. Фрунзе, 1972
Кыргыз ССРинин театр коомунун президиумунун төрагасы, драматург Токтоболот Абдумомунов (оң жакта) Кыргыз ССРинин маданият министри Жүмагүл Нусупова менен Москва шаарындагы Советтик Армия атындагы театрынын актёрлорун тосуп жаткан учуру. Фрунзе, 1984
Кыргыз драма театрынын артисттери А.Чехов атындагы Москва көркөм театрынын актёрлорун тосуп алууда. Борбордо драматург Токтоболот Абдумомунов жана СССРдин эл артисти Элина Быстрицкая. Фрунзе, 1984