https://sputnik.kg/20260913/1103637692.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жамааты президент Садыр Жапаровго кайрылып, нефролог Насира Бейшебаеванын ишине көңүл бурууну өтүндү Эске салсак... 13.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-13T13:00+0600
2026-09-13T13:00+0600
2026-09-13T13:56+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/09/0d/1103637526_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_62e2f6beb2006e0da372e4403b1774c8.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жамааты президент Садыр Жапаровго кайрылып, нефролог Насира Бейшебаеванын ишине көңүл бурууну өтүндү Эске салсак, 10-сентябрда Бишкек шаардык соту Бейшебаеваны 3 жылга эркинен ажыратып, 2 млн сомдон ашык компенсация төлөөгө милдеттендирген. Буга бейтап кыздын оорусу күчөп, бутун ампутациялоого туура келгени себеп болгон. Медиктер баланын үй-бүлөсүнө тилектештигин билдирип, ошол эле учурда мындай кесепет дарыгердин атайылап жасаган аракетинен улам болбогонун белгилешти. Алар бул чечим дарыгерлер арасында кооптонуу жаратып, адистердин оор учурларда жоопкерчиликти өзүнө алып, чечим кабыл алуудан коркушуна алып келиши мүмкүн экенин айтышты. Жамаат Насира Бейшебаева 1997-жылдан бери оор бөйрөк оорулары бар балдарды дарылап, 89 трансплантацияга катышканын белгилеп, анын көп жылдык эмгегин эске алып, дарыгерлик ишин улантууга мүмкүнчүлүк берүүнү өтүндү.
Кырчын жайлоосунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында этношаарчанын аймагын жашылдандырууга багытталган акция өтүп, көп жылдык газон себилди. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына ылайык, иш-чарага министрдин орун басары Аскаралы Мадаминов, "Шамал" фестивалынын катышуучулары жана активдүү жарандар катышты. Акциянын жүрүшүндө боз үйлөр жана убактылуу объектилер жайгашкан аянттарга жергиликтүү климаттык шарттарга ылайыкташкан көп жылдык газон себилди. Акция Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин демилгеси менен Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жана жергиликтүү бийлик органдарынын катышуусунда уюштурулду.
Илон Маск Anthropic компаниясынын башчысы Дарио Амодеинин жасалма интеллект индустриясынын өнүгүшүн жайлатуу сунушун колдоду Амодеинин айтымында, бул технологияларды коопсуз көзөмөлдөө үчүн зарыл. Ал жакынкы 6–12 айда ЖИ интернетти көзөмөлгө алып, жүздөгөн миллиард долларлык зыян келтириши мүмкүн деп эсептейт. Anthropic башчысы OpenAI моделдеринин Hugging Face порталын бузуп киргенин технологиянын алсыздыгынын мисалы катары айтты. Эске салсак, Илон Маск 12 жыл мурун эле жасалма интеллект өзөктүк куралдан да кооптуу болушу мүмкүн экенин билдирген.
Россия Украинадагы жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөргө даяр, диалог мезгилинде атайын операцияны токтотпойт. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди. Лавров ошондой эле Владимир Зеленскийдин Москвага келүүгө чакырылышын Россия тараптан жасалган “түз ниет” деп атады. Ал Зеленский Владимир Путин жана анын командасы менен байланышууга тыюу салган жарлыгын дагы деле жокко чыгара электигин белгиледи. Киев бийлигинин башчысы Владимир Зеленский Россиянын президенти менен Майамиде өтө турган “Чоң жыйырмалыктын” (G20) саммитинин алкагында жолугушуусу керектигин айтып, өзү да саммитке бара турганын билдирди. Россия президентинин маалымат катчысынын айтымында, Путин азырынча G20 саммитине барар-барбасын чече элек. “Ага чакыруу жөнөтүлгөн. Эгер жолугушууну кааласа, анда келсин. Бул — биз тараптан жасалган түз ниеттин белгиси. Анткени Зеленский Путин жана анын командасы менен байланышууга тыюу салган жарлыгын дагы деле жокко чыгара элек”, — деди Лавров журналисттерге Зеленскийдин билдирүүлөрүнө комментарий берип жатып.
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жамааты президент Садыр Жапаровго кайрылып, нефролог Насира Бейшебаеванын ишине көңүл бурууну өтүндү Эске салсак, 10-сентябрда Бишкек шаардык соту Бейшебаеваны 3 жылга эркинен ажыратып, 2 млн сомдон ашык компенсация төлөөгө милдеттендирген. Буга бейтап кыздын оорусу күчөп, бутун ампутациялоого туура келгени себеп болгон. Медиктер баланын үй-бүлөсүнө тилектештигин билдирип, ошол эле учурда мындай кесепет дарыгердин атайылап жасаган аракетинен улам болбогонун белгилешти. Алар бул чечим дарыгерлер арасында кооптонуу жаратып, адистердин оор учурларда жоопкерчиликти өзүнө алып, чечим кабыл алуудан коркушуна алып келиши мүмкүн экенин айтышты. Жамаат Насира Бейшебаева 1997-жылдан бери оор бөйрөк оорулары бар балдарды дарылап, 89 трансплантацияга катышканын белгилеп, анын көп жылдык эмгегин эске алып, дарыгерлик ишин улантууга мүмкүнчүлүк берүүнү өтүндү.Кырчын жайлоосунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында этношаарчанын аймагын жашылдандырууга багытталган акция өтүп, көп жылдык газон себилди. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына ылайык, иш-чарага министрдин орун басары Аскаралы Мадаминов, "Шамал" фестивалынын катышуучулары жана активдүү жарандар катышты. Акциянын жүрүшүндө боз үйлөр жана убактылуу объектилер жайгашкан аянттарга жергиликтүү климаттык шарттарга ылайыкташкан көп жылдык газон себилди. Акция Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин демилгеси менен Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жана жергиликтүү бийлик органдарынын катышуусунда уюштурулду.Илон Маск Anthropic компаниясынын башчысы Дарио Амодеинин жасалма интеллект индустриясынын өнүгүшүн жайлатуу сунушун колдоду Амодеинин айтымында, бул технологияларды коопсуз көзөмөлдөө үчүн зарыл. Ал жакынкы 6–12 айда ЖИ интернетти көзөмөлгө алып, жүздөгөн миллиард долларлык зыян келтириши мүмкүн деп эсептейт. Anthropic башчысы OpenAI моделдеринин Hugging Face порталын бузуп киргенин технологиянын алсыздыгынын мисалы катары айтты. Эске салсак, Илон Маск 12 жыл мурун эле жасалма интеллект өзөктүк куралдан да кооптуу болушу мүмкүн экенин билдирген.Россия Украинадагы жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөргө даяр, диалог мезгилинде атайын операцияны токтотпойт. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди. Лавров ошондой эле Владимир Зеленскийдин Москвага келүүгө чакырылышын Россия тараптан жасалган “түз ниет” деп атады. Ал Зеленский Владимир Путин жана анын командасы менен байланышууга тыюу салган жарлыгын дагы деле жокко чыгара электигин белгиледи. Киев бийлигинин башчысы Владимир Зеленский Россиянын президенти менен Майамиде өтө турган “Чоң жыйырмалыктын” (G20) саммитинин алкагында жолугушуусу керектигин айтып, өзү да саммитке бара турганын билдирди. Россия президентинин маалымат катчысынын айтымында, Путин азырынча G20 саммитине барар-барбасын чече элек. “Ага чакыруу жөнөтүлгөн. Эгер жолугушууну кааласа, анда келсин. Бул — биз тараптан жасалган түз ниеттин белгиси. Анткени Зеленский Путин жана анын командасы менен байланышууга тыюу салган жарлыгын дагы деле жокко чыгара элек”, — деди Лавров журналисттерге Зеленскийдин билдирүүлөрүнө комментарий берип жатып.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/0d/1103637526_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_173872c91c0b735f2c8a12d8d0bf922e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио