https://sputnik.kg/20260913/1103634432.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Айып короодо үч жылдан ашык турган ээси жок унааларды темирге өткөрүү сунушталды Кушнер Москва менен Киевге болгон сапардын жыйынтыгы тууралуу айтып берди... 13.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-13T11:00+0600
2026-09-13T11:00+0600
2026-09-13T11:36+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/09/0d/1103634266_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_a484145719a5378a90413476b094026f.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Айып короодо үч жылдан ашык турган ээси жок унааларды темирге өткөрүү сунушталды Кушнер Москва менен Киевге болгон сапардын жыйынтыгы тууралуу айтып берди Таласта төө буурчак заводу менен кошо өлкө боюнча 60 ишкана ачылдыПрезидент Садыр Жапаров Талас облусунда төө буурчакты кайра иштеткен заводдун ачылышына катышты. Бул тууралуу "Ынтымак Ордодон билдиришти. Андан сырткары өлкө боюнча бир эле учурда 60 өнөр жай объектисин ишке киргизди. "Бүгүн курулуш материалдарын өндүрүү, логистика жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, энергетика жана башка багыттардагы онлайн ачылып жаткан 60 өнөр жай обьектиси, жыл соңуна чейин ачыла турган дагы 50дөй обьекти жаңы ата мекендик продукциялардын жаралышын шарттайт. Кошумча жумуш орундары түзөт, экспорттук дараметибизди арттырат. Мына ушундай өндүрүштүк чынжыр Кыргызстандын экономикасын бекемдейт. Бул өндүрүш объектилери – маарекелик иш-чарага карата эле жасала калган иш эмес. Алар өлкөбүздө өндүрүштү жандандырууга багытталган буга чейинки системалуу иш-аракеттердин жыйынтыгы”, – деп президент белгилеген. Ал эми Бакай-Ата районундагы төө буурчакты кайра иштеткен заводго келсек, ага 200 миллион сом салынган. Ишкана жылына болжол менен 40 миң тонна төө буурчакты кайра иштетип, жүздөй кишиге иш бермекчи.
Айып короодо үч жылдан ашык турган ээси жок унааларды темирге өткөрүү сунушталды Минкабдын токтом долбооруна ылайык, норма менчик ээси баш тарткан унааларга жайылтылат. Аларды сатуудан түшкөн каражат сактоого кеткен чыгымдын бир бөлүгүн жабууга жумшалат. Учурда ЖКККББга караштуу айып короолордо 588 ээси белгисиз унаа турат. Алардын айрымдары 1997-жылдан бери сакталып келет. Көпчүлүгү кырсыктан кийин жараксыз болуп, идентификациялык номерлери окулбай калган. Долбоор унаа ээсине таандык экендиги аныкталган учурларга жайылтылбайт. Мындай унаалар боюнча карыз мыйзамдарда каралган тартипте өндүрүлөт.
Бишкектеги "Вефа" соода борборунда 3-кабаттан кулап, оор абалда жаткан бөбөк жакшы болуп кетти. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. "Мындан бир ай мурда жандандыруу бөлүмүндө аппаратта жаткан бөбөк айыгып, бүгүн, 12-сентябрда үйүнө чыгарылды", — деп аталган министрликтен билдиришти. Эске салсак, 11-августта аталган соода жайында беш жашар эркек бала 3-кабатта, эскалатордон кулаган. Бала оор абалда Шаардык медициналык Тез жардам балдар клиникалык ооруканасына түшкөн. Кырдаалды башкы дарыгер менен саламаттыкты сактоо министри өз көзөмөлүнө алганы айтылган.
Америкалык өкүлдөрдүн Россия менен Украинанын борборлоруна болгон сапары жаңжалды жөнгө салуудагы кийинки кадамдар кандай болушу керектигин көрсөттү. Бул тууралуу АКШ президенти Дональд Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер билдиргенин РИА Новости жазды. Анын айтымында, АКШ жаңжалды узак мөөнөткө чечүүгө эмнелер өбөлгө түзөрү тууралуу да так түшүнүк алды. Мындан тышкары, Вашингтондун өкүлү жакынкы арада өтө турган үч тараптуу жолугушууда талкууланышы мүмкүн болгон жаңы идеялар жаралганын билдирди. Өткөн аптанын ишембисинде Кремлде Владимир Путин менен Кушнердин жана АКШ президентинин атайын чабарманы Стив Уиткоффтун сүйлөшүүлөрү өттү. Жолугушуу үч саатка жакын созулду. Эртеси күнү америкалык дипломаттар Киевде украин тарап менен сүйлөшүү жүргүзүштү. ТСН телеканалы кабарлагандай, сүйлөшүүлөрдөн соң алардын диалогуна Улуу Британия, Франция жана Германиянын өкүлдөрү да кошулган.
Айып короодо үч жылдан ашык турган ээси жок унааларды темирге өткөрүү сунушталды Кушнер Москва менен Киевге болгон сапардын жыйынтыгы тууралуу айтып берди Таласта төө буурчак заводу менен кошо өлкө боюнча 60 ишкана ачылдыПрезидент Садыр Жапаров Талас облусунда төө буурчакты кайра иштеткен заводдун ачылышына катышты. Бул тууралуу "Ынтымак Ордодон билдиришти. Андан сырткары өлкө боюнча бир эле учурда 60 өнөр жай объектисин ишке киргизди. "Бүгүн курулуш материалдарын өндүрүү, логистика жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, энергетика жана башка багыттардагы онлайн ачылып жаткан 60 өнөр жай обьектиси, жыл соңуна чейин ачыла турган дагы 50дөй обьекти жаңы ата мекендик продукциялардын жаралышын шарттайт. Кошумча жумуш орундары түзөт, экспорттук дараметибизди арттырат. Мына ушундай өндүрүштүк чынжыр Кыргызстандын экономикасын бекемдейт. Бул өндүрүш объектилери – маарекелик иш-чарага карата эле жасала калган иш эмес. Алар өлкөбүздө өндүрүштү жандандырууга багытталган буга чейинки системалуу иш-аракеттердин жыйынтыгы”, – деп президент белгилеген. Ал эми Бакай-Ата районундагы төө буурчакты кайра иштеткен заводго келсек, ага 200 миллион сом салынган. Ишкана жылына болжол менен 40 миң тонна төө буурчакты кайра иштетип, жүздөй кишиге иш бермекчи.Айып короодо үч жылдан ашык турган ээси жок унааларды темирге өткөрүү сунушталды Минкабдын токтом долбооруна ылайык, норма менчик ээси баш тарткан унааларга жайылтылат. Аларды сатуудан түшкөн каражат сактоого кеткен чыгымдын бир бөлүгүн жабууга жумшалат. Учурда ЖКККББга караштуу айып короолордо 588 ээси белгисиз унаа турат. Алардын айрымдары 1997-жылдан бери сакталып келет. Көпчүлүгү кырсыктан кийин жараксыз болуп, идентификациялык номерлери окулбай калган. Долбоор унаа ээсине таандык экендиги аныкталган учурларга жайылтылбайт. Мындай унаалар боюнча карыз мыйзамдарда каралган тартипте өндүрүлөт. Бишкектеги "Вефа" соода борборунда 3-кабаттан кулап, оор абалда жаткан бөбөк жакшы болуп кетти. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. "Мындан бир ай мурда жандандыруу бөлүмүндө аппаратта жаткан бөбөк айыгып, бүгүн, 12-сентябрда үйүнө чыгарылды", — деп аталган министрликтен билдиришти. Эске салсак, 11-августта аталган соода жайында беш жашар эркек бала 3-кабатта, эскалатордон кулаган. Бала оор абалда Шаардык медициналык Тез жардам балдар клиникалык ооруканасына түшкөн. Кырдаалды башкы дарыгер менен саламаттыкты сактоо министри өз көзөмөлүнө алганы айтылган. Америкалык өкүлдөрдүн Россия менен Украинанын борборлоруна болгон сапары жаңжалды жөнгө салуудагы кийинки кадамдар кандай болушу керектигин көрсөттү. Бул тууралуу АКШ президенти Дональд Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер билдиргенин РИА Новости жазды. Анын айтымында, АКШ жаңжалды узак мөөнөткө чечүүгө эмнелер өбөлгө түзөрү тууралуу да так түшүнүк алды. Мындан тышкары, Вашингтондун өкүлү жакынкы арада өтө турган үч тараптуу жолугушууда талкууланышы мүмкүн болгон жаңы идеялар жаралганын билдирди. Өткөн аптанын ишембисинде Кремлде Владимир Путин менен Кушнердин жана АКШ президентинин атайын чабарманы Стив Уиткоффтун сүйлөшүүлөрү өттү. Жолугушуу үч саатка жакын созулду. Эртеси күнү америкалык дипломаттар Киевде украин тарап менен сүйлөшүү жүргүзүштү. ТСН телеканалы кабарлагандай, сүйлөшүүлөрдөн соң алардын диалогуна Улуу Британия, Франция жана Германиянын өкүлдөрү да кошулган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/0d/1103634266_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_a317bf50a706a1ed4209559fa37423b1.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио