https://sputnik.kg/20260912/1103623502.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Бакай-Ата районундагы заводго 200 млн сом салынган. Ишкана жылына болжол менен 40 миң тонна төө буурчакты кайра иштетип, жүздөй кишиге иш берет. Ачылышка... 12.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-12T15:00+0600
2026-09-12T15:00+0600
2026-09-12T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/09/0c/1103623335_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_5efb6c5855393aa85d708a0808a394ab.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Бакай-Ата районундагы заводго 200 млн сом салынган. Ишкана жылына болжол менен 40 миң тонна төө буурчакты кайра иштетип, жүздөй кишиге иш берет. Ачылышка президент да катышып, таластык мээнеткеч дыйкандардын маңдай тери менен чогулган түшүмү көп жылдан бери сыртка чийки кетип жатканын айтты. Өлкөнүн ичинде эле кайра иштетип, даяр продукцияга айландыруу мүмкүнчүлүгү түзүлүп жатканына токтолду. "Албетте, бул абдан маанилүү иш. Анткени өндүрүш бар жерде жумуш орду бар. Жумуш орду бар жерде үй-бүлөнүн кирешеси, айылдын экономикасы жана жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүгү өсөт. Дыйкан өзүнүн продукциясына туруктуу рынок таба алса, жерин иштетүүгө, түшүмдүүлүктү жогорулатууга жана өндүрүштү кеңейтүүгө дагы көбүрөөк кызыкдар болот эмеспи”, — деген Садыр Жапаров.
Жыл башынан бери бүгүнкү күнгө чейин 70тен ашык баланын өмүрү жол кырсыктан кыйылды. Бул туурасында ИИМден билдиришти. Тартип сакчылар жаңы окуу жылынын алдында ата-энелерге, чоңдорго кайрылган. "Алдыда жаңы окуу жылы башталат. Балдардын жолдогу коопсуздугуна кайдыгер карабай, жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырабыз. Жыл башынан бери бүгүнкү күнгө чейин 70тен ашык баланын өмүрү жол кырсыгынан кыйылды. Ар бир сандын артында бир баланын өмүрү, бир үй-бүлөнүн кайгысы турат. Бала жолдо өзүн кандай алып жүрүүнү биринчи кезекте чоңдордон үйрөнөт. Ошондуктан ата-энелерди балдарына жол эрежелерин үйрөтүү менен гана чектелбестен, өздөрү да жолдо туура жүрүм-турум көрсөтүп, балдарына үлгү болууга чакырабыз", — деп маалыматта айтылган.
Бишкек менен Кытайдын Хайнань аралындагы белгилүү Санья курорттук шаарынын ортосунда түз аба каттамын ачуу пландалууда. Бул боюнча жумушчу жолугушуу Хайнань аралынын Хайкоу шаарында өткөнүн "Кыргызстан аэропорттору" ААКы кабарлады. Сүйлөшүүлөрдүн башкы темасы Санья — Бишкек — Санья багыты боюнча түз авиакаттамды ишке киргизүү болду. Жаңы аба каттамын 2026-2027-жылдардагы кышкы туристтик сезондо ачуу мерчемделүүдө. Кыргыз тараптан жолугушууга “Кыргызстан аэропорттору” ААКнын коммерциялык директору Аман Мамаев катышкан. Иш-чара Кыргызстандын Кытайдагы элчилигинин жана Кыргызстандагы ШКУ өлкөлөрү үчүн долбоордук коштоо боюнча региондук борбордун колдоосу менен уюштурулган. Ал эми кытай тараптан Кытай Коммунисттик партиясынын Хайнань провинциясындагы партиялык комитетинин катчысы Фэнь Фэй башында турган делегация катышты. Бул жолугушуу — Бишкектеги ШКУ саммитинде Садыр Жапаров менен Си Цзиньпин жетишкен транспорт жана туризм жаатындагы макулдашуулардын уландысы. Санья — Хайнань аралынын түштүгүндө жайгашкан Кытайдын эң популярдуу туристтик шаарларынын бири. Ал тропикалык климаты, деңиз курорттору жана пляждары менен белгилүү болуп, жыл сайын дүйнөнүн төрт бурчунан көптөгөн эс алуучуларды өзүнө тартат.
АКШ президенти Дональд Трамп өзүнүн "саясий мурасын" келечектеги тарыхчылар оң баалап, өлкөнү сактап калууга кошкон салымын белгилейт деп ишенерин билдирди. Ал Fox News телеканалына берген маегинде бул баа келечектеги тарыхый эмгектерде чагылдырыларын айтты. "Кийин китептерде мен АКШны сактап калган адам катары жазылам деп ишенем. Мен чындап эле өлкөнү сактап калдым", — деди Трамп. Анын айтымында, Трамп Ак үйгө кайтып келгенге чейин АКШдагы кырдаал "түпсүз туңгуюкка карай кетип жаткан.
Бакай-Ата районундагы заводго 200 млн сом салынган. Ишкана жылына болжол менен 40 миң тонна төө буурчакты кайра иштетип, жүздөй кишиге иш берет. Ачылышка президент да катышып, таластык мээнеткеч дыйкандардын маңдай тери менен чогулган түшүмү көп жылдан бери сыртка чийки кетип жатканын айтты. Өлкөнүн ичинде эле кайра иштетип, даяр продукцияга айландыруу мүмкүнчүлүгү түзүлүп жатканына токтолду. "Албетте, бул абдан маанилүү иш. Анткени өндүрүш бар жерде жумуш орду бар. Жумуш орду бар жерде үй-бүлөнүн кирешеси, айылдын экономикасы жана жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүгү өсөт. Дыйкан өзүнүн продукциясына туруктуу рынок таба алса, жерин иштетүүгө, түшүмдүүлүктү жогорулатууга жана өндүрүштү кеңейтүүгө дагы көбүрөөк кызыкдар болот эмеспи”, — деген Садыр Жапаров.Жыл башынан бери бүгүнкү күнгө чейин 70тен ашык баланын өмүрү жол кырсыктан кыйылды. Бул туурасында ИИМден билдиришти. Тартип сакчылар жаңы окуу жылынын алдында ата-энелерге, чоңдорго кайрылган. "Алдыда жаңы окуу жылы башталат. Балдардын жолдогу коопсуздугуна кайдыгер карабай, жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырабыз. Жыл башынан бери бүгүнкү күнгө чейин 70тен ашык баланын өмүрү жол кырсыгынан кыйылды. Ар бир сандын артында бир баланын өмүрү, бир үй-бүлөнүн кайгысы турат. Бала жолдо өзүн кандай алып жүрүүнү биринчи кезекте чоңдордон үйрөнөт. Ошондуктан ата-энелерди балдарына жол эрежелерин үйрөтүү менен гана чектелбестен, өздөрү да жолдо туура жүрүм-турум көрсөтүп, балдарына үлгү болууга чакырабыз", — деп маалыматта айтылган.Бишкек менен Кытайдын Хайнань аралындагы белгилүү Санья курорттук шаарынын ортосунда түз аба каттамын ачуу пландалууда. Бул боюнча жумушчу жолугушуу Хайнань аралынын Хайкоу шаарында өткөнүн "Кыргызстан аэропорттору" ААКы кабарлады. Сүйлөшүүлөрдүн башкы темасы Санья — Бишкек — Санья багыты боюнча түз авиакаттамды ишке киргизүү болду. Жаңы аба каттамын 2026-2027-жылдардагы кышкы туристтик сезондо ачуу мерчемделүүдө. Кыргыз тараптан жолугушууга “Кыргызстан аэропорттору” ААКнын коммерциялык директору Аман Мамаев катышкан. Иш-чара Кыргызстандын Кытайдагы элчилигинин жана Кыргызстандагы ШКУ өлкөлөрү үчүн долбоордук коштоо боюнча региондук борбордун колдоосу менен уюштурулган. Ал эми кытай тараптан Кытай Коммунисттик партиясынын Хайнань провинциясындагы партиялык комитетинин катчысы Фэнь Фэй башында турган делегация катышты. Бул жолугушуу — Бишкектеги ШКУ саммитинде Садыр Жапаров менен Си Цзиньпин жетишкен транспорт жана туризм жаатындагы макулдашуулардын уландысы. Санья — Хайнань аралынын түштүгүндө жайгашкан Кытайдын эң популярдуу туристтик шаарларынын бири. Ал тропикалык климаты, деңиз курорттору жана пляждары менен белгилүү болуп, жыл сайын дүйнөнүн төрт бурчунан көптөгөн эс алуучуларды өзүнө тартат.АКШ президенти Дональд Трамп өзүнүн "саясий мурасын" келечектеги тарыхчылар оң баалап, өлкөнү сактап калууга кошкон салымын белгилейт деп ишенерин билдирди. Ал Fox News телеканалына берген маегинде бул баа келечектеги тарыхый эмгектерде чагылдырыларын айтты. "Кийин китептерде мен АКШны сактап калган адам катары жазылам деп ишенем. Мен чындап эле өлкөнү сактап калдым", — деди Трамп. Анын айтымында, Трамп Ак үйгө кайтып келгенге чейин АКШдагы кырдаал "түпсүз туңгуюкка карай кетип жаткан.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/0c/1103623335_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_e8ea71b4d2a84883f1a9cca5c24955a9.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио