https://sputnik.kg/20260912/1103619769.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Таластын Шекер айылында “Айтматов Ааламы” маданий-тарыхый мемориалдык музей-комплекси ачылды Иш-чарага катышкан мамлекет башчы бул окуя аалам сыйлаган... 12.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-12T13:00+0600
2026-09-12T13:00+0600
2026-09-12T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/09/0c/1103619603_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_912cf3031015260190414443897cc34b.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Таластын Шекер айылында “Айтматов Ааламы” маданий-тарыхый мемориалдык музей-комплекси ачылды Иш-чарага катышкан мамлекет башчы бул окуя аалам сыйлаган Айтматовдун айылын эле эмес, жалпы Кыргызстанды тааныта турган дагы бир маанилүү долбоор экенин белгиледи. “Дүйнө жүзү Кыргызстанды эң алды ак калпак кыргыз эли, ак мөңгүлүү Ала-Тоосу менен тааныйт. Ошону менен бирге, көлөмү жана көркөмдүгү теңдешсиз “Манас” дастаны жана залкар жазуучу Айтматов аркылуу билет. Дүйнө өлкөлөрүндө улуу ойчулдун атын көчөлөргө, парктарга ыйгарып жаткан маалда, анын кичи Мекенинде мындай комплекстин курулушу – улуттук ар-намыстын маселеси”, — деген Садыр Жапаров. Бул жерде Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгынын кийинки муун үчүн жаңы мааниси ачылып, илимий жана маданий иш-чаралар үзгүлтүксүз өткөрүлүп турушу зарыл экенин белгилеген. Маданий-тарыхый мемориалдык музей-комплекстен залкардын чыгармаларындагы каармандарды көрүүгө болот.
Ош облусунда бүгүн, 12-сентябрда президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда Ош облусунун аймагында 9 өндүрүш объект пайдаланууга берилди. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка ылайык, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн, Чоң-Алай, Араван райондорунда кыш жана ташты кайра иштетүүчү заводдор, кен иштетүүчү компания, логистикалык борбор, ошондой эле чакан ГЭС пайдаланууга берилди. Жаңы өндүрүш ишканаларынын ишке кириши менен аймакта жумуш орундары түзүлөт. Жергиликтүү бюджетке салыктык түшүүлөр көбөйөт. Курулуш материалдарынын жана электр энергиясынын өндүрүшү жогорулайт. Муну менен облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу салым кошулат.
Баткенде чек ара окуяларында курман болгон аскерлердин жаркын элесине арналган мелдеш өтүүдө. Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, волейбол боюнча уюштурулган мелдешке Баткен облусунун аймагында кызмат өтөп жаткан аскер кызматкерлеринен куралган 10 команда катышууда. Спорттук иш-чаранын ачылыш аземине облус жетекчисинин орун басары Максатай Каримбердиева катышып, курман болгон аскер кызматкерлердин эрдиги жана каармандыгы эч качан унутулбай турганын белгиледи. Эскерүү иш-чарасында курман болгон аскер кызматкерлеринин багышталып куран окулду. Мелдештин катышуучулары үчүн спорттук оюндар менен катар, мекенчилдик баалуулуктарды даңазалаган иш-чаралар уюштурулуп, аскер кызматкерлеринин арасында ынтымакты жана биримдикти бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурулууда.
Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү Кызыл деңиздеги чыңалуудан улам акыркы он жылдыктагы эң олуттуу энергетикалык каатчылыкка кептелди Хуситтердин Кызыл деңиздеги көзөмөлүн кеңейтиши Перс булуңунан мунай ташуудагы маанилүү каттамдардын бирин аксатууда. Бул тууралуу The New York Times жазды. Мындан улам аймактагы өлкөлөрдүн мунай экспорттоо үчүн альтернативдүү жолдору дээрлик калбай калды. Ормуз кысыгы аркылуу жүк ташуу дагы деле катуу чектөөдө. Ал эми Сауд Арабиясынын мунай экспорту өткөн айда кеминде акыркы 13 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү. Сауд Арабиясында мунайды Суэц каналына жакын жайгашкан түтүк аркылуу түндүк тарапка жеткирүү мүмкүнчүлүгү бар. Бирок Жер ортолук деңизи аркылуу өткөн бул каттам кымбат, анын үстүнө чийки затты Азияга жеткирүү бир нече жумага созулуп кетет.
Таластын Шекер айылында “Айтматов Ааламы” маданий-тарыхый мемориалдык музей-комплекси ачылды Иш-чарага катышкан мамлекет башчы бул окуя аалам сыйлаган Айтматовдун айылын эле эмес, жалпы Кыргызстанды тааныта турган дагы бир маанилүү долбоор экенин белгиледи. “Дүйнө жүзү Кыргызстанды эң алды ак калпак кыргыз эли, ак мөңгүлүү Ала-Тоосу менен тааныйт. Ошону менен бирге, көлөмү жана көркөмдүгү теңдешсиз “Манас” дастаны жана залкар жазуучу Айтматов аркылуу билет. Дүйнө өлкөлөрүндө улуу ойчулдун атын көчөлөргө, парктарга ыйгарып жаткан маалда, анын кичи Мекенинде мындай комплекстин курулушу – улуттук ар-намыстын маселеси”, — деген Садыр Жапаров. Бул жерде Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгынын кийинки муун үчүн жаңы мааниси ачылып, илимий жана маданий иш-чаралар үзгүлтүксүз өткөрүлүп турушу зарыл экенин белгилеген. Маданий-тарыхый мемориалдык музей-комплекстен залкардын чыгармаларындагы каармандарды көрүүгө болот. Ош облусунда бүгүн, 12-сентябрда президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда Ош облусунун аймагында 9 өндүрүш объект пайдаланууга берилди. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка ылайык, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн, Чоң-Алай, Араван райондорунда кыш жана ташты кайра иштетүүчү заводдор, кен иштетүүчү компания, логистикалык борбор, ошондой эле чакан ГЭС пайдаланууга берилди. Жаңы өндүрүш ишканаларынын ишке кириши менен аймакта жумуш орундары түзүлөт. Жергиликтүү бюджетке салыктык түшүүлөр көбөйөт. Курулуш материалдарынын жана электр энергиясынын өндүрүшү жогорулайт. Муну менен облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу салым кошулат.Баткенде чек ара окуяларында курман болгон аскерлердин жаркын элесине арналган мелдеш өтүүдө. Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, волейбол боюнча уюштурулган мелдешке Баткен облусунун аймагында кызмат өтөп жаткан аскер кызматкерлеринен куралган 10 команда катышууда. Спорттук иш-чаранын ачылыш аземине облус жетекчисинин орун басары Максатай Каримбердиева катышып, курман болгон аскер кызматкерлердин эрдиги жана каармандыгы эч качан унутулбай турганын белгиледи. Эскерүү иш-чарасында курман болгон аскер кызматкерлеринин багышталып куран окулду. Мелдештин катышуучулары үчүн спорттук оюндар менен катар, мекенчилдик баалуулуктарды даңазалаган иш-чаралар уюштурулуп, аскер кызматкерлеринин арасында ынтымакты жана биримдикти бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурулууда.Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү Кызыл деңиздеги чыңалуудан улам акыркы он жылдыктагы эң олуттуу энергетикалык каатчылыкка кептелди Хуситтердин Кызыл деңиздеги көзөмөлүн кеңейтиши Перс булуңунан мунай ташуудагы маанилүү каттамдардын бирин аксатууда. Бул тууралуу The New York Times жазды. Мындан улам аймактагы өлкөлөрдүн мунай экспорттоо үчүн альтернативдүү жолдору дээрлик калбай калды. Ормуз кысыгы аркылуу жүк ташуу дагы деле катуу чектөөдө. Ал эми Сауд Арабиясынын мунай экспорту өткөн айда кеминде акыркы 13 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү. Сауд Арабиясында мунайды Суэц каналына жакын жайгашкан түтүк аркылуу түндүк тарапка жеткирүү мүмкүнчүлүгү бар. Бирок Жер ортолук деңизи аркылуу өткөн бул каттам кымбат, анын үстүнө чийки затты Азияга жеткирүү бир нече жумага созулуп кетет.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/0c/1103619603_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_bf833b89efc8cb1a96a11c977140d1bf.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио