00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Молодые аналитики о Большой Евразии, ИИ в науке и фестиваль документального кино UmutDoc - "Итоги ннедели"
14:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Sputnikтен сүйлөйбүз
Пульмонолог: булганган аба кан басымды да көтөрөт
15:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Тьма и свет: как жанры фэнтези делят мир
18:06
47 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Садыр Жапаров Таластагы “Баластан” балдар борборуна барды. Мамлекет башчы менен кошо канайым Айгүл Жапарова да жүрдү. Алар борбордогу IT-мектептин ишин көрүп чыгышты. 1,7 га жерге жайгашкан борбордо оюн жана өнүктүрүү аянтчалары, аттракциондор, амфитеатр, мультимедиалык жайлар жана STEAM академиясы бар. Ошондой эле интерактивдүү роботтор, LED-экрандар, купол түрүндөгү көп функциялуу зал жана 6D, 9D форматындагы бөлмөлөр жайгашкан. “Баластан” бир убакта 3 миң 400гө чейин окучуну кабыл ала алат. Долбоорду ишке ашырууга 1 млрд 750 млн сом бөлүнгөн.
Ысык-Көл облусунда өлкө бюджетинин эсебинен курулган эки заманбап өрткө каршы-куткаруу бөлүгү ачылды. Өзгөчө кырдаалдар ммнистрлигинен билдиришкендей, Ак-Суу районунда жаңы курулган №39 өрткө каршы-куткаруу бөлүгү райондогу 34 айылга кызмат көрсөтөт. Ал эми Кажы-Сай айылындагы №37 өрткө каршы-куткаруу бөлүгү Тоң жана Жети-Өгүз райондорун тейлейт. Жаңы бөлүктөрдө өрт өчүрүү жана авариялык-куткаруу унаалары үчүн токтотуучу бокстар, кызматкерлердин иштөө жана диспетчердик бөлмөлөрү, окуу классы, жуунучу жай, эс алуу жана тамактануу бөлмөлөрү каралган. Ошондой эле куткаруучулардын кесиптик даярдыгын жогорулатуу үчүн окуу мунарасы жана машыгуу үчүн спорт аянтчасы курулган.
РФ президенти Владимир Путин Индияда өткөн БРИКС саммитинин алкагында журналисттерге бир нече маанилүү билдирүү жасады. Анда ал Украинага европалык аскерлерди киргизүү дароо эле Россия менен согушту билдирерин айтты. Европа өлкөлөрү өз калкын Россия менен согушка түртүп жатканын, бирок буга эч кандай негиз жок экенин билдирди. Европанын эли төбөлдөр аларды Россия менен согушка түртүп жатканын түшүнгөнүн айтып, Германиядагы шайлоодо “АдГ”партиясынын жыйынтыгын буга мисал келтирди. Батыш алгач Кавказдагы террорчулар аркылуу, азыр болсо Украинадагы неонацисттик бийлик аркылуу Россияга басым жасоого аракет кылганын айтты Киевдеги “кан менен ишке ашкан мамлекеттик төңкөрүштөн” кийин Батыш Украинаны НАТОго сүйрөгөнүн айтты Бүгүн Европада болуп жаткан окуялар глобалисттердин саясат, экономика жана коопсуздук жаатындагы системалуу каталарынын кесепети экенин билдирди.
Москвада Берлиндеги "Русский дом" жабылганы боюнча нааразылык акция өттү. Чогулгандар Германия бийлигинин саясатына нааразылык билдиришти. Алар "Маданиятка — ооба! Чектөөгө — жок!" жана "Маданиятка эшик жабылган жерде демократия токтойт" деген жазуусу бар плакаттарды көтөрүп чыгышты. Ошондой эле акциянын катышуучулары "Гёте — Москвада, Пушкин — Берлинде!" деп ураан чакырышты. Алардын пикиринде, орус маданияты чабуулдун бутасына айланбашы керек, ал эми орус тили менен китептери Германия үчүн эч кандай коркунуч жаратпайт. 1-сентябрда Лейпциг аэропортунан дрон табылган. Германия өкмөтү мындан улам аталган кадамга барган. Россиянын Германиядагы элчилиги Берлиндин мунусун "шашылыш ойлоп табылган чагым" деп атап, ал болгону Украинага жана согушту жактаган европалык саясатчыларга гана пайдалуу экенин айтты. Россиянын Германиянын мындай кадамына жооп катары Тышкы иштер министрлиги өлкө аймагындагы Гете-Институттун бөлүмдөрүнүн иштөөгө берилген уруксатын чакыртып алды. Ошондой эле Германиянын Санкт-Петербургдагы башкы консулдугунун иштешине берилген макулдукту жокко чыгарды.
Жаңылыктар түрмөгү
0