00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Шекер айылында “Айтматов Ааламы” маданий-тарыхый мемориалдык музей-комплекси ачылды.Иш-чарага катышкан мамлекет башчы бул окуя аалам сыйлаган Айтматовдун айылын эле эмес, жалпы Кыргызстанды тааныта турган дагы бир маанилүү долбоор экенин белгиледи. “Дүйнө жүзү Кыргызстанды эң алды ак калпак кыргыз эли, ак мөңгүлүү Ала-Тоосу менен тааныйт. Ошону менен бирге, көлөмү жана көркөмдүгү теңдешсиз “Манас” дастаны жана залкар жазуучу Айтматов аркылуу билет. Дүйнө өлкөлөрүндө улуу ойчулдун атын көчөлөргө, парктарга ыйгарып жаткан маалда, анын кичи Мекенинде мындай комплекстин курулушу – улуттук ар-намыстын маселеси”, — деген Садыр Жапаров.
Бишкек менен Кытайдын Хайнань аралындагы белгилүү Санья курорттук шаарынын ортосунда түз аба каттамын ачуу пландалууда. Бул боюнча жумушчу жолугушуу Хайнань аралынын Хайкоу шаарында өткөнүн "Кыргызстан аэропорттору" ААКы кабарлады. Сүйлөшүүлөрдүн башкы темасы Санья — Бишкек — Санья багыты боюнча түз авиакаттамды ишке киргизүү болду. Жаңы аба каттамын 2026-2027-жылдардагы кышкы туристтик сезондо ачуу мерчемделүүдө. Кыргыз тараптан жолугушууга “Кыргызстан аэропорттору” ААКнын коммерциялык директору Аман Мамаев катышкан. Иш-чара Кыргызстандын Кытайдагы элчилигинин жана Кыргызстандагы ШКУ өлкөлөрү үчүн долбоордук коштоо боюнча региондук борбордун колдоосу менен уюштурулган. Ал эми кытай тараптан Кытай Коммунисттик партиясынын Хайнань провинциясындагы партиялык комитетинин катчысы Фэнь Фэй башында турган делегация катышты. Бул жолугушуу — Бишкектеги ШКУ саммитинде Садыр Жапаров менен Си Цзиньпин жетишкен транспорт жана туризм жаатындагы макулдашуулардын уландысы.
Жыл башынан бери бүгүнкү күнгө чейин 70тен ашык баланын өмүрү жол кырсыктан кыйылды. Бул туурасында ИИМден билдиришти. Тартип сакчылар жаңы окуу жылынын алдында ата-энелерге, чоңдорго кайрылган. "Алдыда жаңы окуу жылы башталат. Балдардын жолдогу коопсуздугуна кайдыгер карабай, жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырабыз. Жыл башынан бери бүгүнкү күнгө чейин 70тен ашык баланын өмүрү жол кырсыгынан кыйылды. Ар бир сандын артында бир баланын өмүрү, бир үй-бүлөнүн кайгысы турат. Бала жолдо өзүн кандай алып жүрүүнү биринчи кезекте чоңдордон үйрөнөт. Ошондуктан ата-энелерди балдарына жол эрежелерин үйрөтүү менен гана чектелбестен, өздөрү да жолдо туура жүрүм-турум көрсөтүп, балдарына үлгү болууга чакырабыз", — деп маалыматта айтылган.
Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү Кызыл деңиздеги чыңалуудан улам акыркы он жылдыктагы эң олуттуу энергетикалык каатчылыкка кептелди Хуситтердин Кызыл деңиздеги көзөмөлүн кеңейтиши Перс булуңунан мунай ташуудагы маанилүү каттамдардын бирин аксатууда. Бул тууралуу The New York Times жазды. Мындан улам аймактагы өлкөлөрдүн мунай экспорттоо үчүн альтернативдүү жолдору дээрлик калбай калды. Ормуз кысыгы аркылуу жүк ташуу дагы деле катуу чектөөдө. Ал эми Сауд Арабиясынын мунай экспорту өткөн айда кеминде акыркы 13 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү.
Жаңылыктар түрмөгү
0