https://sputnik.kg/20260912/1103613907.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Талас облусунда бензин жана дизелдик фракцияны кайра иштетүүчү өнөр жай комплексин куруу пландалууда. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди... 12.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-12T08:59+0600
2026-09-12T08:59+0600
2026-09-12T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/09/0c/1103613741_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_04d2c0742a1aaa6a9b17259858531c75.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Талас облусунда бензин жана дизелдик фракцияны кайра иштетүүчү өнөр жай комплексин куруу пландалууда. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. “Манас Ордо” улуттук комплексинде экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков менен Казакстандын QAZAQ BITUM Processing компаниясынын директору Ержан Бейсебаев президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Таластагы инвестициялык долбоорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ниети тууралуу меморандумга кол коюшту. Документ түз айдалган бензинди жана дизелдик фракцияны кайра иштетүүчү, ошондой эле PG полимердик-модификацияланган битумун өндүрүүчү өнөр жай комплексинин курулуш долбоорун даярдоодо кызматташууну карайт. Долбоорду ишке ашырууга жумшала турган болжолдуу инвестициянын көлөмү 350 миллион долларга жакын каражатты түзөт. Бул долбоор аймакка инвестициялар менен заманбап технологияларды тартууга, ички өндүрүштү кеңейтүүгө, импорттун ордун басууга жана Талас облусунун өнөр жай дараметин арттырууга өбөлгө түзөт.
Кыргызстан менен БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму кызматташтыкты кеңейтет. Маселе министрдин биринчи орун басары Илич Марсбек уулунун ФАОнун Кыргызстандагы өкүлү Олег Гучгельдыев менен жолугушуусунда талкууланды. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, жолугушууда Кыргызстан менен ФАОнун учурдагы кызматташтыгы, улуттук жана регионалдык долбоорлорду ишке ашыруу жана биргелешкен иштерди мындан ары кеңейтүү маселелери каралды. Тараптар агрардык секторду жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүгө, санариптик жана инновациялык чечимдерди киргизүүгө, суу ресурстарын туруктуу башкарууга жана жайыттарды калыбына келтирүүгө өзгөчө көңүл бурушту. Мындан тышкары, ветеринария тармагында антимикробдук туруктуулукка каршы күрөшүү маселеси талкууланды. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар белгиленген багыттар боюнча кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө кызыкдар экенин билдиришти.
Дан эгиндеринин түшүмдүүлүгү гектарына 27,6 центнерге жетти Айыл чарба министрлиги өлкө боюнча 467,5 миң га эгин жыйналганын билдирди. Маалыматка ылайык, түшүмдүүлүк былтыркыга караганда 2,8 центнерге жогору болду. Дүң түшүм 1,3 млн тоннага жетсе, мунун ичинен 761,3 миң тонна буудай (30,1 ц/га), 574,5 миң тонна арпа (25,1 ц/га) топтолгону айтылды.
Талас облусунда бензин жана дизелдик фракцияны кайра иштетүүчү өнөр жай комплексин куруу пландалууда. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. “Манас Ордо” улуттук комплексинде экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков менен Казакстандын QAZAQ BITUM Processing компаниясынын директору Ержан Бейсебаев президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Таластагы инвестициялык долбоорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ниети тууралуу меморандумга кол коюшту. Документ түз айдалган бензинди жана дизелдик фракцияны кайра иштетүүчү, ошондой эле PG полимердик-модификацияланган битумун өндүрүүчү өнөр жай комплексинин курулуш долбоорун даярдоодо кызматташууну карайт. Долбоорду ишке ашырууга жумшала турган болжолдуу инвестициянын көлөмү 350 миллион долларга жакын каражатты түзөт. Бул долбоор аймакка инвестициялар менен заманбап технологияларды тартууга, ички өндүрүштү кеңейтүүгө, импорттун ордун басууга жана Талас облусунун өнөр жай дараметин арттырууга өбөлгө түзөт. Кыргызстан менен БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму кызматташтыкты кеңейтет. Маселе министрдин биринчи орун басары Илич Марсбек уулунун ФАОнун Кыргызстандагы өкүлү Олег Гучгельдыев менен жолугушуусунда талкууланды. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, жолугушууда Кыргызстан менен ФАОнун учурдагы кызматташтыгы, улуттук жана регионалдык долбоорлорду ишке ашыруу жана биргелешкен иштерди мындан ары кеңейтүү маселелери каралды. Тараптар агрардык секторду жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүгө, санариптик жана инновациялык чечимдерди киргизүүгө, суу ресурстарын туруктуу башкарууга жана жайыттарды калыбына келтирүүгө өзгөчө көңүл бурушту. Мындан тышкары, ветеринария тармагында антимикробдук туруктуулукка каршы күрөшүү маселеси талкууланды. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар белгиленген багыттар боюнча кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө кызыкдар экенин билдиришти. Дан эгиндеринин түшүмдүүлүгү гектарына 27,6 центнерге жетти Айыл чарба министрлиги өлкө боюнча 467,5 миң га эгин жыйналганын билдирди. Маалыматка ылайык, түшүмдүүлүк былтыркыга караганда 2,8 центнерге жогору болду. Дүң түшүм 1,3 млн тоннага жетсе, мунун ичинен 761,3 миң тонна буудай (30,1 ц/га), 574,5 миң тонна арпа (25,1 ц/га) топтолгону айтылды.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/0c/1103613741_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_39e3e9a77e8b40230f44328b1adab1ce.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио