https://sputnik.kg/20260724/1102600595.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Минкаб төрагасынын биринчи орун басары Россия күйүүчү майдын негизги жеткирүүчүсү экенин эске алып, азыр ал жактагы кырдаалдан улам башка рыноктор да... 24.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-24T19:00+0600
2026-07-24T19:00+0600
2026-07-24T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/07/18/1102600429_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_cde09050685e2487ba3926aa06eeba73.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Минкаб төрагасынын биринчи орун басары Россия күйүүчү майдын негизги жеткирүүчүсү экенин эске алып, азыр ал жактагы кырдаалдан улам башка рыноктор да караштырылып жатканын белгиледи. “Кыргызстан күйүүчү майды импорттоого аргасыз. Эки ай мурда бензиндин тоннасы 860 доллар болсо, учурда 1700 долларга чейин кымбаттады. бензиндин дүйнөлүк баасы бир жуманын ичинде тоннасына 150 долларга өскөн. Эгер күйүүчү май азыркы баа менен сатып алынса, Кыргызстанда бензиндин литри 140 сомго жетмек. Баанын өсүшүнө дүйнөлүк тартыштык жана Ормуз кысыгындагы кырдаал таасир этүүдө”, — деди Амангелдиев “Биринчи радиого” берген маегинде. Амангелдиев бааны кармап туруу үчүн субсидия берилип, негизги көңүл өлкөдө күйүүчү май тартыштыгына жол бербөөгө бурулуп жатканын кошумчалады. “Азыр кеп баада эмес, керектүү көлөмдөгү күйүүчү майды табуу кыйын болуп жатат”, — деди ал.
“Бала ырысы” жөлөк пулун алуу үчүн жарандык тууралуу маалымкат бардык ата-энелерден талап кылынбайт Эмгек министрлигинин маалыматына ылайык, мындай маалымкат чет өлкөлүктөргө гана керек. Алар чүрпөсүнүн Кыргызстандын жараны экенин ырастаган кагазды Калкты тейлөө борборунан алышат. Ал эми Кыргызстандын жарандары КТБга барып аталган документти алууга милдеттүү эмес. Себеби бөбөктүн туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндө ПИНи көрсөтүлгөн. Болгону жөлөк пулга арыз берген адамдын катталган дареги менен баланын каттоосу бирдей болушу зарыл.
2026-жылдын январь–май айларында Кыргызстандан экспорттолгон мөмө-жемиш жана жашылча ширелерине болгон суроо-талап беш эсеге өстү. Бул тууралуу Статистика боюнча улуттук комитет билдирди. Маалыматка ылайык, ушул жылдын алгачкы беш айында өлкө 370,4 тонна мөмө-жемиш жана жашылчанын ширесин экспорттоду. Былтыркы ушул эле мезгилде экспорттун көлөмү болгону 73 тоннаны түзгөн. Экспорттолгон ширелердин негизги бөлүгү Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө Россия менен Казакстанга жөнөтүлгөн. Ошондой эле Өзбекстан менен Японияга аз өлчөмдө сатылган.
АКШнын Россияга каршы жаңы масштабдуу санкциялары тууралуу эки партиялык мыйзам долбоору Конгресстин август айындагы каникулунун алдында кайрадан үзгүлтүккө учуроо коркунучунда турат. Бул тууралуу NOTUS басылмасы кабарлады. Басылманын маалыматына караганда, документти кароо анын мазмуну боюнча пикир келишпестиктерден улам токтоп калган. Атап айтканда, президент Дональд Трамп менен сенатор Дарлин Грэм бул демилгени Иранга каршы санкциялар менен толуктоону сунушташууда. Мындан тышкары, мыйзам долбоорунун азыркы редакциясы мамлекет башчысынын санкциялык режимден өзгөчө учурларды (жеңилдиктерди) берүү укуктарын чектейт, бул болсо Ак үйдүн нааразычылыгын жаратууда. Сенаттагы республикачылар көпчүлүгүнүн лидери Жон Тьюн документти келерки жумада добуш берүүгө алып чыгууну пландап жатат, бирок демократтар азырынча аны ылдамдатылган тартипте кароого макулдугун бере элек. Ошол эле учурда Сенат 6-августта, ал эми Өкүлдөр палатасы 27-июлда каникулга кетүүнү пландашууда.
ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 99 сом 54 тыйынга юань 12 сом 91 тыйынга рубль 1 сом 11 тыйынга Казак тенгеси 18 тыйынга барабар
МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 80 сом 90 тыйындан баштап сатылууда. Дизель майы литрине 94 сом 80 тыйынга бааланса, унаа газынын литри 45 сом 70 тыйындын тегерегинде сатылууда.
АБА ЫРАЙЫИшемби күнү күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы Чүйдө +30...+35, Ош, Жалал-Абад облустарында +32...+37, Баткенде +31…+36, Таласта +29...+34, Ысык-Көлдө +21...+26, Нарын регионунда +23...+28 градус ысыйт. Бул күнү Бишкек, Чолпон-Ата шааларында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада +32...+34, Ошто +34...+36, ал эми Чолпон-Атада +22...+24 градуска жетет.
Минкаб төрагасынын биринчи орун басары Россия күйүүчү майдын негизги жеткирүүчүсү экенин эске алып, азыр ал жактагы кырдаалдан улам башка рыноктор да караштырылып жатканын белгиледи. “Кыргызстан күйүүчү майды импорттоого аргасыз. Эки ай мурда бензиндин тоннасы 860 доллар болсо, учурда 1700 долларга чейин кымбаттады. бензиндин дүйнөлүк баасы бир жуманын ичинде тоннасына 150 долларга өскөн. Эгер күйүүчү май азыркы баа менен сатып алынса, Кыргызстанда бензиндин литри 140 сомго жетмек. Баанын өсүшүнө дүйнөлүк тартыштык жана Ормуз кысыгындагы кырдаал таасир этүүдө”, — деди Амангелдиев “Биринчи радиого” берген маегинде. Амангелдиев бааны кармап туруу үчүн субсидия берилип, негизги көңүл өлкөдө күйүүчү май тартыштыгына жол бербөөгө бурулуп жатканын кошумчалады. “Азыр кеп баада эмес, керектүү көлөмдөгү күйүүчү майды табуу кыйын болуп жатат”, — деди ал.“Бала ырысы” жөлөк пулун алуу үчүн жарандык тууралуу маалымкат бардык ата-энелерден талап кылынбайт Эмгек министрлигинин маалыматына ылайык, мындай маалымкат чет өлкөлүктөргө гана керек. Алар чүрпөсүнүн Кыргызстандын жараны экенин ырастаган кагазды Калкты тейлөө борборунан алышат. Ал эми Кыргызстандын жарандары КТБга барып аталган документти алууга милдеттүү эмес. Себеби бөбөктүн туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндө ПИНи көрсөтүлгөн. Болгону жөлөк пулга арыз берген адамдын катталган дареги менен баланын каттоосу бирдей болушу зарыл.2026-жылдын январь–май айларында Кыргызстандан экспорттолгон мөмө-жемиш жана жашылча ширелерине болгон суроо-талап беш эсеге өстү. Бул тууралуу Статистика боюнча улуттук комитет билдирди. Маалыматка ылайык, ушул жылдын алгачкы беш айында өлкө 370,4 тонна мөмө-жемиш жана жашылчанын ширесин экспорттоду. Былтыркы ушул эле мезгилде экспорттун көлөмү болгону 73 тоннаны түзгөн. Экспорттолгон ширелердин негизги бөлүгү Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө Россия менен Казакстанга жөнөтүлгөн. Ошондой эле Өзбекстан менен Японияга аз өлчөмдө сатылган.АКШнын Россияга каршы жаңы масштабдуу санкциялары тууралуу эки партиялык мыйзам долбоору Конгресстин август айындагы каникулунун алдында кайрадан үзгүлтүккө учуроо коркунучунда турат. Бул тууралуу NOTUS басылмасы кабарлады. Басылманын маалыматына караганда, документти кароо анын мазмуну боюнча пикир келишпестиктерден улам токтоп калган. Атап айтканда, президент Дональд Трамп менен сенатор Дарлин Грэм бул демилгени Иранга каршы санкциялар менен толуктоону сунушташууда. Мындан тышкары, мыйзам долбоорунун азыркы редакциясы мамлекет башчысынын санкциялык режимден өзгөчө учурларды (жеңилдиктерди) берүү укуктарын чектейт, бул болсо Ак үйдүн нааразычылыгын жаратууда. Сенаттагы республикачылар көпчүлүгүнүн лидери Жон Тьюн документти келерки жумада добуш берүүгө алып чыгууну пландап жатат, бирок демократтар азырынча аны ылдамдатылган тартипте кароого макулдугун бере элек. Ошол эле учурда Сенат 6-августта, ал эми Өкүлдөр палатасы 27-июлда каникулга кетүүнү пландашууда.ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 99 сом 54 тыйынга юань 12 сом 91 тыйынга рубль 1 сом 11 тыйынга Казак тенгеси 18 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 80 сом 90 тыйындан баштап сатылууда. Дизель майы литрине 94 сом 80 тыйынга бааланса, унаа газынын литри 45 сом 70 тыйындын тегерегинде сатылууда. АБА ЫРАЙЫИшемби күнү күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы Чүйдө +30...+35, Ош, Жалал-Абад облустарында +32...+37, Баткенде +31…+36, Таласта +29...+34, Ысык-Көлдө +21...+26, Нарын регионунда +23...+28 градус ысыйт. Бул күнү Бишкек, Чолпон-Ата шааларында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада +32...+34, Ошто +34...+36, ал эми Чолпон-Атада +22...+24 градуска жетет.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/18/1102600429_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_f084fedd21e545d01c58008b711c6d25.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио