00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Фестиваль Milmax Science в Бишкеке: от черных дыр до эволюции человека
08:04
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Эксперт Максат Чаки: Креативдүү экономика колго алынса Кыргызстан үчүн экинчи "Кумтөр" боло алат
09:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарында Беларустун тышкы иштер министри Максим Рыженковду кабыл алды. Бул тууралуу "Ынтымак ордо" билдирди. Ага ылайык, жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү, саясий диалогду бекемдөө маселелери талкууланды. Мамлекет башчысы жолугушуу Кыргызстан менен Беларустун өнөктөштүгүн чыңдоого жана ишенимдүү саясий диалогду өнүктүрүүгө салым кошоруна ишеним билдирди. Жапаров Беларусь президенти Александр Лукашенконун алдыда боло турчу ШКУ саммитине жана Көчмөндөрдүн дүйнөлүк VI оюндарынын ачылышына катышканы маанилүү экенин белгилеген. Рыженков Лукашенконун саламын жеткирип, Кыргызстанды БУУнун коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышы менен куттуктады. Тараптар мындан ары соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча иштерди улантууга даяр экенин билдиришти.
24-июлда Чолпон-Ата шаарында Кыргызстандын төрагалыгы алдында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. ТИМден билдиришкендей, жыйын ШКУнун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгында өткөрүлүп, "ШКУга 25 жыл: биргеликте туруктуу тынчтыкка, өнүгүүгө жана гүлдөп-өсүүгө карай" деген ураан менен Кыргызстандын уюмга төрагалыгынын алкагындагы негизги жогорку деңгээлдеги иш-чаралардын бири болот. Иш-чарага ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери, ошондой эле Уюмдун туруктуу иш алып баруучу органдарынын өкүлдөрү катышат. Жыйында эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер, ШКУнун алкагындагы көп тармактуу кызматташтыктын учурдагы абалы жана аны мындан ары өнүктүрүүнүн келечеги талкууланат. Өзгөчө көңүл уюм мейкиндигинде тынчтыкты, коопсуздукту жана туруктуулукту чыңдоого, соода-экономикалык кызматташууну кеңейтүүгө, маданий-гуманитардык байланыштарды тереңдетүүгө, ошондой эле ШКУнун ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга бурулат. Министрлер документтердин долбоорлорун макулдашып, ошондой эле Бишкек шаарында өтө турган алдыдагы ШКУ саммитине даярдык көрүү маселелерин карашат.
Кыргызстандын ТИМи Россиянын айрым аймактарында дрондордун кол салуулары тууралуу уланып жаткан маалыматтарга байланыштуу Кыргызстандыктарды сак болуп, абайлап жүрүүнү эскертти. Коопсуздуктун күчөтүлгөн чараларын сактоону, жүргөн аймактардагы кырдаалды эске алуу менен жергиликтүү расмий органдардын билдирүүлөрүн жана сунуштарын эске алууну алууну сунуштады. Жарандар шашылыш консулдук-укуктук жардам алуу зарыл болгон учурларда, атайын бөлүнгөн, ыкчам байланыша турган телефондорго кайрылса болорун айтышты.Номерлерди Спутник.кж сайтынан жана социалдык тармактардан тапсаныз болот.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын башталышына 40 күн калды. Бул күндөрдүн ичинде көчмөндөр оюндарынын эң ири маданий демилгелеринин бири болгон “Биримдик кербени” жалпы улуттук руханий-маданий кербен 40 күндүк сапарга чыгат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруу комитетинен билдиришти. Маалымдалгандай, көчмөн цивилизациясынын баалуулуктарын, маданий мурасын, оюндардын рухун даңазалоого багытталган Кербен өлкөнүн 40 аймагынан сапар алып, Улуу көчкө биригет. Уюштуруу комитетинен кабарлашкандай, бүгүн Улуттук тарых музейинде “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 40 күн калды!” аталган иш-чара өтүп, дүйнөнүн 90дон ашуун мамлекетинен келе турган катышуучулар менен коноктор үчүн даярдалган маданий программа тууралуу маалымат берилет.
Жаңылыктар түрмөгү
0