00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Эхо дня
14:53
7 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Эхо дня
20:52
7 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
7 мин
Көз мончок
Жомок – баланы тарбиялоонун эң маанилүү куралы. Эмне үчүн балдарга жомок окуп берүү абдан маанилүү?
17:08
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
Тема дня
Банка сгущёнки за лучшую находку - как работает подводная археологическая экспедиция на Иссык-Куле
18:07
44 мин
Уникальный Кыргызстан
«Гора-убийца» в сердце Кыргызстана — история пика Победы
18:51
8 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Стоп-кадр
ШКУ кинофестивалы жыйынтыкталды: башкы байге Кыргызстанга!
19:07
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Банк системасындагы киберкоопсуздук: ISO 27001 стандарты эмнени өзгөртөт?
21:05
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Бүгүнкү датага карата өлкөдө электр энергияны керектөөнүн суткалык кубаты 44,6 миллион кВт. саатка түштү. Бул тууралуу "Улуттук электр тармагы" ишканасынан билдиришти. Маалымдалгандай, учурда тармак өз ыргагында иштеп жатат жана ашыкча чыңалуу же техникалык мүчүлүштүктөр болгон жок. Белгилей кетсек, өткөнкү аптап күндөрдө керектөө 50 миллион кВт. сааттан ашып, электр кубаты өлкө боюнча бир нече саатка өчкөн.
Германияга иштегени барып качкындардын турагында калган кыргызстандык студенттер боюнча Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратты Мекеме студенттер туш болгон кырдаал иликтенип жатканын билдирди. Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев маселени чечүү үчүн Бремен шаарына жөнөп жатканын социалдык тармакка жазды. ЖМКлардын маалыматына караганда, жүздөн ашык студент жайкы программа аркылуу барып, жумушсуз калган. Учурда алар качкындардын жатаканасында баш калкалап турушат. Жаштар ал жерде баңгизатка байланган адамдар да бар экенин айтууда. Студенттерди алып барган уюмдун өкүлдөрү интернетте туура эмес маалымат тарап жатканын билдирди. Алардын айтымында, ал жерде 80 студент бар. Ошондой эле аларга иш табууга аракет кылып жаткандыктарын айтышты.
Ысык-Көлдө төрт теплоходдун ээсине абаны булгаганы үчүн айып салынды. Бул туурасында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен кабарлашты. Аталган ведомство Чолпон-Ата жана Бостери аймактарында 14 кемени текшерип, атмосфераны булгаган төрт теплоходдун ээсин жоопкерчиликке тартты. Алардын ар бири 7,5 миң сомдон төлөп, баш-аягы 30 миң сом айып салынды. Министрликтен мындай рейддер дайыма жүргүзүлүп турарын айтышты.
РФ ТИМинин башчысы Сергей Лавров АКШнын мамлекетти катчысы Марко Рубио менен жолукканда Укринаны тишине чейин куралдандырып кереги жоктугун айтты. Эске салсак, бул жолугуу Филиппиндин борбору Манилада өттү. "Лавров согуштун чектериндеги азыркы кырдаал тууралуу маалымдап, Киев бийлигин мындан ары ашыкча куралдандыруу жол берилгис нерсе экендигин баса белгиледи", — деп айтканын ТИМ билдирди. Башкы дипломат мындан сырткары Россияны "стратегиялык жактан жеңилүүгө дуушар кылууга аракет жасаган" Европа мамлекеттеринин абалды чайпалткан саясаты боюнча кеп кылган. Министр аны менен катар эле Москванын Анкорижде айтылгандарга, америкалык сунуштарга жана жаңжалды дипломатиялык жол менен жөнгө салууга ынтызардыгын белгилеген.
Америкалык журналист Такер Карлсон Европа АКШга "Түндүк агым" газ түтүктөрүн жардырууга жол берип, ошондой эле Иран менен болгон жаңжалга аралашып кеткендиктен жакырчылыкка дуушар болорун билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Анын айтымында, бул жаңжалдын кесепетинен Иран Катардын суюлтулган жаратылыш газын өндүрүүчү бир катар объектилерин жок кылып, Европа үчүн газ жеткирүүгө терс таасирин тийгизген. "Европа жакырчылык жолуна түштү, анткени алар америкалыктарга "Түндүк агымды" жардырууга жол беришти. Андан тышкары, Иран менен болгон акылга сыйбаган согушту колдошту. Анын жүрүшүндө Иран Катардын суюлтулган жаратылыш газы боюнча объектилеринин көбүн жок кылды. Мунун кесепетинен Европа эми жакырчылыкка туш болот", — деген ал East Meets West подкастында. Карлсондун айтымында, Европа бул көйгөйлөрдү чечүүнүн ордуна Россия менен согушууга бет алды. Ал азыркы кырдаалды "дүйнөдөгү эң кооптуу жагдай" деп атады.
Жаңылыктар түрмөгү
0