https://sputnik.kg/20260720/antimonopoliyanyn-tushundurmosu-1102507548.html
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы күйүүчү майдын баасына түшүндүрмө берди
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы күйүүчү майдын баасына түшүндүрмө берди
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы боюнча түшүндүрмө берип, учурда рынокко туруктуу мониторинг... 20.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-20T16:43+0600
2026-07-20T16:43+0600
2026-07-20T16:43+0600
кыргызстан
монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик
күйүүчү май
бензин
баа
https://sputnik.kg/img/07e5/0a/04/1054115767_0:213:3260:2047_1920x0_80_0_0_7475b7d90991624c40115bcc82755ec2.jpg
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы боюнча түшүндүрмө берип, учурда рынокко туруктуу мониторинг жүргүзүлүп жатканын билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, күйүүчү-майлоочу майлардын баасы сатып алуу наркынын өзгөрүшүнө, логистикалык чыгымдардын көбөйүшүнө же башка объективдүү экономикалык себептерге байланыштуу гана кайра каралышы мүмкүн. Ошондой эле кызмат рыноктогу баа динамикасын талдап, түзүлгөн макулдашуулардын аткарылышын көзөмөлдөөнү улантып жатканын белгиледи. Белгилей кетсек, өткөн аптанын аягында өлкөнүн айрым май куюучу жайларында АИ-100 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 150 сомго, ал эми АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 110 сомго чейин жеткен.
https://sputnik.kg/20260716/kyrgyzstanga-kuyuuchu-maydy-sapat-sertifikatysyz-tashuuga-uruksat-berildi-1102450812.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/0a/04/1054115767_266:0:2995:2047_1920x0_80_0_0_c8e093ee1182dfb72fd5e02d2b4c5fc9.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик, күйүүчү май, бензин, баа
кыргызстан, монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик, күйүүчү май, бензин, баа
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы боюнча түшүндүрмө берип, учурда рынокко туруктуу мониторинг жүргүзүлүп жатканын билдирди.
Мекеменин маалыматына ылайык, күйүүчү-майлоочу майлардын баасы сатып алуу наркынын өзгөрүшүнө, логистикалык чыгымдардын көбөйүшүнө же башка объективдүү экономикалык себептерге байланыштуу гана кайра каралышы мүмкүн. Ошондой эле кызмат рыноктогу баа динамикасын талдап, түзүлгөн макулдашуулардын аткарылышын көзөмөлдөөнү улантып жатканын белгиледи.
"Күйүүчү майдын баасын туруктуу кармап туруу максатында мамлекет импорттоочу компанияларга субсидия бөлүп келет. Бул колдоо ички рынокто баанын кескин өсүшүнө жол бербөөгө багытталган. Көрүлүп жаткан чаралардын натыйжасында Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы коңшу мамлекеттерге, анын ичинде баалар өсүп жаткан Россияга салыштырмалуу төмөн деңгээлде сакталууда", — деп айтылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, өткөн аптанын аягында өлкөнүн айрым май куюучу жайларында АИ-100 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 150 сомго, ал эми АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 110 сомго чейин
жеткен.