https://sputnik.kg/20260720/1102500260.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Маданият министри Мирбек Мамбеталиев Кыргызстан 2028-жылды ШКУ өлкөлөрүндө Чыңгыз Айтматов жылы деп жарыялоону сунуштаганын билдирди. Демилге Чолпон-Атада... 20.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-20T11:00+0600
2026-07-20T11:00+0600
2026-07-20T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/07/14/1102500094_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_dec83fa2789305004ce391b9c888b0d4.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Маданият министри Мирбек Мамбеталиев Кыргызстан 2028-жылды ШКУ өлкөлөрүндө Чыңгыз Айтматов жылы деп жарыялоону сунуштаганын билдирди. Демилге Чолпон-Атада өткөн ШКУга мүчө өлкөлөрдүн маданият министрлеринин кеңешмесинде көтөрүлдү. Мамбеталиевдин айтымында, кеңешменин катышуучулары бул сунушту колдоп беришкен. Эми маселе ШКУ өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин кеңешмесинде каралышы керек.
Ырчы Алтынбек Каленов 43 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу билдирген кесиптештери ырчы сыркоолоп жүргөнүн, түндө ооруканада үзүлгөнүн айтышты. Алтынбек Каленов Нарындын Ак-Муз айылында туулган. Мектепти бүтөрү менен Бишкек шаарына келип чыгармачылыкка кадам таштаган. Калый Молдобасанов атындагы улуттук консерваторияны аяктап, көбүнчө фольклорго басым жасап, ырларды, дастандарды комуз менен аткарчу. 2008-жылдан тарта "Эл ырчысы Эстебес" тобунда эмгектенип, кийин өз алдынча иштеп жүргөн. Маркумдун сөөгү кичи мекени Ат-Башы районунда, эртең, 21-июлда жерге берилерин айтышты.
АКШ жана анын өнөктөш өлкөлөр Patriot абадагы кол салуудан коргонуу боюнча жаңы системасынын ракеталарын 2028-жылдын аягына чейин ала албайт. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Агенттик өкмөттүк документтерди талдап чыгып, Lockheed Martin компаниясы менен түзүлгөн эки келишимдин алкагында кошумча аларды сатып алууга 7,13 миллиард доллар бөлүнгөнүн аныктаган. Мунун ичинен 1,93 миллиард доллар АКШ армиясынын буютмаларына туура келет, ал эми калган каражаттар FMS (Foreign Military Sales) программасы аркылуу башка мамлекеттер тарабынан каржыланган. АКШнын Коргоонуу министрлигинин 2027-финансылык жылга карата бюджеттик өтүнүчүнө ылайык, америкалык армия үчүн бир PAC-3 MSE ракетасынын орточо баасы 4,3 миллион долларды түзөт. Бул бөлүнгөн каражатка 1 600дөн ашыгын сатып алууга мүмкүнчүлүк берет. РИА Новости белгилегендей, кайра буюртма берилгенден кийин ракеталарды жеткирүү мөөнөтү болжол менен 30 айды түзөт. Ошондуктан 2026-жылдын февралындагы Иран менен болгон жаңжалдан кийин каржыланган ракеталар сатып алуучуларга 2028-жылдын аягынан эрте жеткирилбейт.
Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалында Испания Аргентинаны 1:0 эсебинде жеңип, экинчи жолу дүйнө чемпиону болду. Жеңиш алып келген голду кошумча убакыттын 106-мүнөтүндө Ферран Торрес киргизди. Турнирдин эң мыкты оюнчусу деп испаниялык жарым коргоочу Родрини аныкташты. Испания дүйнөдө ошентип эки жолу чемпион болуп жатат. Алар буга чейин 2010-жылы дүйнөлүк кубокту алышкан эле. Бул дүйнө чемпионаты тарыхта биринчи жолу үч өлкөдө өтүп, ага 48 команда катышты; дүйнө чемпионаттарынын тарыхындагы эң мыкты чабуулчулардын тизмеси жаңыланды. Франциялык Килиан Мбаппе 22 гол, аргентиналык Лионель Месси 21 гол менен буга чейинки рекорд ээси Мирослав Клозеден (16 гол) озуп кетишти; Мбаппе дүйнө чемпионатында эки жолу эң мыкты бомбардир болгон тарыхтагы жалгыз футболчу. Ал 2026-жылдагы дүйнө чемпионатында 12, ал эми төрт жыл мурда 10 гол киргизген; Англия менен Франциянын үчүнчү орун үчүн таймашы (6:4) дүйнө чемпионаттарынын тарыхындагы эң көп гол киргизилген оюн болду. Буга чейинки рекорд 1958-жылкы чемпионатта Франция Германияны 6:3 эсебинде жеңген беттешке таандык эле; Аргентина алтынчы жолу дүйнө чемпионатынын финалына чыгып, анын үчөөндө жеңген; Испания финалга эки жолу чыгып, экөөндө тең чемпион аталды.
Маданият министри Мирбек Мамбеталиев Кыргызстан 2028-жылды ШКУ өлкөлөрүндө Чыңгыз Айтматов жылы деп жарыялоону сунуштаганын билдирди. Демилге Чолпон-Атада өткөн ШКУга мүчө өлкөлөрдүн маданият министрлеринин кеңешмесинде көтөрүлдү. Мамбеталиевдин айтымында, кеңешменин катышуучулары бул сунушту колдоп беришкен. Эми маселе ШКУ өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин кеңешмесинде каралышы керек. Ырчы Алтынбек Каленов 43 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу билдирген кесиптештери ырчы сыркоолоп жүргөнүн, түндө ооруканада үзүлгөнүн айтышты. Алтынбек Каленов Нарындын Ак-Муз айылында туулган. Мектепти бүтөрү менен Бишкек шаарына келип чыгармачылыкка кадам таштаган. Калый Молдобасанов атындагы улуттук консерваторияны аяктап, көбүнчө фольклорго басым жасап, ырларды, дастандарды комуз менен аткарчу. 2008-жылдан тарта "Эл ырчысы Эстебес" тобунда эмгектенип, кийин өз алдынча иштеп жүргөн. Маркумдун сөөгү кичи мекени Ат-Башы районунда, эртең, 21-июлда жерге берилерин айтышты.АКШ жана анын өнөктөш өлкөлөр Patriot абадагы кол салуудан коргонуу боюнча жаңы системасынын ракеталарын 2028-жылдын аягына чейин ала албайт. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Агенттик өкмөттүк документтерди талдап чыгып, Lockheed Martin компаниясы менен түзүлгөн эки келишимдин алкагында кошумча аларды сатып алууга 7,13 миллиард доллар бөлүнгөнүн аныктаган. Мунун ичинен 1,93 миллиард доллар АКШ армиясынын буютмаларына туура келет, ал эми калган каражаттар FMS (Foreign Military Sales) программасы аркылуу башка мамлекеттер тарабынан каржыланган. АКШнын Коргоонуу министрлигинин 2027-финансылык жылга карата бюджеттик өтүнүчүнө ылайык, америкалык армия үчүн бир PAC-3 MSE ракетасынын орточо баасы 4,3 миллион долларды түзөт. Бул бөлүнгөн каражатка 1 600дөн ашыгын сатып алууга мүмкүнчүлүк берет. РИА Новости белгилегендей, кайра буюртма берилгенден кийин ракеталарды жеткирүү мөөнөтү болжол менен 30 айды түзөт. Ошондуктан 2026-жылдын февралындагы Иран менен болгон жаңжалдан кийин каржыланган ракеталар сатып алуучуларга 2028-жылдын аягынан эрте жеткирилбейт. Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалында Испания Аргентинаны 1:0 эсебинде жеңип, экинчи жолу дүйнө чемпиону болду. Жеңиш алып келген голду кошумча убакыттын 106-мүнөтүндө Ферран Торрес киргизди. Турнирдин эң мыкты оюнчусу деп испаниялык жарым коргоочу Родрини аныкташты. Испания дүйнөдө ошентип эки жолу чемпион болуп жатат. Алар буга чейин 2010-жылы дүйнөлүк кубокту алышкан эле. Бул дүйнө чемпионаты тарыхта биринчи жолу үч өлкөдө өтүп, ага 48 команда катышты; дүйнө чемпионаттарынын тарыхындагы эң мыкты чабуулчулардын тизмеси жаңыланды. Франциялык Килиан Мбаппе 22 гол, аргентиналык Лионель Месси 21 гол менен буга чейинки рекорд ээси Мирослав Клозеден (16 гол) озуп кетишти; Мбаппе дүйнө чемпионатында эки жолу эң мыкты бомбардир болгон тарыхтагы жалгыз футболчу. Ал 2026-жылдагы дүйнө чемпионатында 12, ал эми төрт жыл мурда 10 гол киргизген; Англия менен Франциянын үчүнчү орун үчүн таймашы (6:4) дүйнө чемпионаттарынын тарыхындагы эң көп гол киргизилген оюн болду. Буга чейинки рекорд 1958-жылкы чемпионатта Франция Германияны 6:3 эсебинде жеңген беттешке таандык эле; Аргентина алтынчы жолу дүйнө чемпионатынын финалына чыгып, анын үчөөндө жеңген; Испания финалга эки жолу чыгып, экөөндө тең чемпион аталды.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/14/1102500094_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_5b225b52bf68c605be6e1f6688eaf85e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио