00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Кеменгер
Кыргыз ашканасы: унутта калган улуттук тамактар жана алардын илимий сыры кандай?
19:07
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
11 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Хеликобактер пилори” ракты чакырат: Кеңири тараган бактериянын коркунучу эмнеде?
21:05
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Өкмөт күйүүчү май кымбаттабаш үчүн импортчуларды жыл соңуна чейин субсидияламай болду. Министрлер кабинетинин тиешелүү токтому чыкты. Максат экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу, элди автогаз, бензин жана дизель майы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу, улуттук экономиканын субъектилерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү экенин айтышты. Анткен менен субсидияны эсептөөдө колдонулуучу белгиленген баа жогорулатылды. Анда АИ-92 бензининин тоннасы 960 доллар (мурда 860 доллар); дизель майыныкы 1050 доллар (950 доллар); автогаздыкы 650 доллар (575 доллар) деп белгиленди. Ал эми АИ-95 бензинине субсидия берилбейт. Эске салсак, буга чейин бензин, дизель майы жана автогазды кымбаттатпай кармап туруш үчүн мамлекет нефтетрейдерлерге 1 миллиард сомго жакын компенсация төлөгөн.
Кыргызстанда туристтер үчүн конок борборлору жана эл аралык хабдар ачылат. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Эдуард Кубатов билдирди. Ал октябрь айында өлкө боюнча жайгашкан бардык 18 рест-пойнт ишке кирерин белгилеген. "Кезекте мындан да чоң долбоор турат — бул ар биринин аянты 500-600 чарчы метрди түзгөн конок борборлордун курулушу. Ал жерде кофеканалар, буюм сактоочу жайлар, коворкинг-аймактар, дүкөн жана дааратканалар болот. Мындай 40 объектини район борборлоруна куруу пландалууда", — деди Кубатов. Мындан тышкары, Каракол, Бишкек, Ош жана Баткен шаарларында эл аралык туристтик хабдарды ачуу мерчемделип жатат. Анын ар биринин аянты 1 500 чарчы метрди, ал эми баасы 9 миллион долларды түзөт. Мындай жайларда туристтик кеңселер, коворкингдер жана кофеканалар жайгашат.
Кыргызстанда идентификациялоо системасы өзгөртүлөт. Мыйзам долбоорго ылайык, мал ээлери жаныбарларды идентификациялап, каттоодон өткөрүүгө жана алар тууралуу маалыматтарды Бирдиктүү мамлекеттик реестрге өз убагында киргизүүгө милдеттүү болот. Ошондой эле алар реестрдеги маалыматтарды жаңылап, өздөрүнө таандык малга паспорт ала алышат. Өзгөртүүлөр малдын эсебин так жүргүзүүгө жана Кыргызстандын маалыматтык системасын ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн системалары менен байланыштырууга багытталган.
Ысык-Көл менен Таласта “Жейрен ордосу” жана “Күмүштак” корукчаларын түзүү сунушталды Өкмөттүн коомдук талкууга коюлган токтом долбооруна ылайык, “Жейрен ордосу” корукчасын Тоң районунда, ал эми “Күмүштак” корукчасын Бакай-Ата районунда түзүү демилгеленүүдө. Алар 25 жылдык мөөнөткө уюштурулат. “Жейрен ордосу” жейренди көбөйтүү жана анын туруктуу популяциясын калыбына келтирүү үчүн ачылат. “Күмүштакта” болсо аркар, илбирс, сүлөөсүн, суусар жана башка сейрек кездешүүчү жаныбарлар коргоого алынат.
Киев режими ичинен кыйрап, көп нерсеге туруштук бере албай бара жатат. Бул тууралуу Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтканын РИА Новости жазды. "Киев режими ичинен кыйроодо, алсырап баратат. Бекемдиги мурунтан эле күмөн санатчу", — деди Кремлдин өкүлү. Ал Европа украин жетекчилигинин арасындагы алешемдиктерди көз жаздымда калтырып чоң ката кетирип жатканын кошумчалаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0