https://sputnik.kg/20260826/1103206506.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңеш президенттик шайлоону дайындоо маселесин 17-сентябрда карайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев билдирди. Марлен... 26.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-26T13:00+0600
2026-08-26T13:00+0600
2026-08-26T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/08/1a/1103206340_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_5810f3989a73ac078a6291203b7835ec.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңеш президенттик шайлоону дайындоо маселесин 17-сентябрда карайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев билдирди. Марлен Маматалиев белгилегендей, парламенттин биринчи жыйыны 2-сентябрда өтөт. Анда календарлык план кабыл алынат жана комиттеттердин иши башталат. “Аны Конституция боюнча Жогорку Кеңеш бекитип, токтом чыгарыш керек. Мыйзам боюнча шайлоо 27-январда боло тургандан кийин биз төрт айга жетпеген мөөнөттө 27-сентябрга чейин кабыл алып беришибиз зарыл. Биз он күн эрте 17-сентябрда маселени карап берели деп турабыз. Дагы айтса кетсек, бул сессияда дагы мыйзам долбоорлору каралып, кабыл алынат. Кийинки жылдын бюджетин бекитилет”, - деди парламент төрагасы.
Ош шаарынын мэри Жанар Акаев Сулайман-Тоого эч кандай башаламан курулуш, асма жол же соода күркөлөрү салынбай турганын билдирди. Анын айтымында, Дүйнөлүк банк Сулайман-Тоону реконструкциялоого 12 миллион доллар бөлгөн, бирок бюрократиялык тоскоолдуктардан улам бул каражат 6 жылдан бери колдонулбай турат. Ошондой эле шаар жетекчиси мурдагы мэр Нариман Түлеев тоону ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесинен чыгарууну сунуштабаганын тактады.“Түлеев болгону асма жол куруу боюнча өз идеясын бөлүшкөн. Бирок бул курулуш планы эмес, жөн гана идея болчу. Ал эми тизмеден чыгаруу маселесин мен мисал катары гана келтиргем. Тоонун айланасын көрктөндүрүү иштери ЮНЕСКОнун жана Маданият министрлигинин бардык талаптарын так сактоо менен жүргүзүлөт”, — деп белгиледи Акаев.Мэрия аймактагы тарыхый жана маданий мурастарды сактоо менен гана инфраструктураны жакшыртуу пландалып жатканын кошумчалады.
Сиань шаарында Кыргызстандын логистикалык-транспорттук борбору курулат. Бул тууралуу кыргыз-кытай биргелешкен “Кыргыз Транс Инвест” компаниясынын кытай тараптагы башкы директору Хоу Сун Тао билдирди. Анын айтымында, учурда Сиань шаарынын өкмөтү менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул үчүн Кыргызстан аталган шаардан 9 гектар жер тилкесин сатып алууда. “Учурда курулуш стадиясында турган Кыргызстан – Кытай – Өзбекстан темир жолу ишке киргизилгенге чейин эле бул маршрут ачылат. Аны менен Сиань шаарынан Кашкарга чейин темир жол аркылуу мультимодалдык жүк ташууларды жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.Андан сырткары, 30 даана жүк ташуучу унаа даярдалууда. Алар жүктөрдү Кашкардан Ош шаарына, башкача айтканда, түштүк жол терминалына чейин ташыйт. Башкача айтканда, бул унаалар эки хабдын — кыргызстандык жана кытайлык хабдардын ортосунда жүк ташууну камсыз кылат.
Кытай техологиялык өнүгүү жаатында АКШдан ашып, Американын экономикасы менен аскердик артыкчылыгын чаңында калтырышы мүмкүн. Бул туурасында Пентагондун жетекчисинин иликтөө жана ойлоп табуулар боюнча орун басары Эмил Майкл айтканын РИА Новости жазды.Анын айтымында, учурдагы технологиялык лидерлик мамлекеттердин экономикалык жана аскердик таасирин аныктайт. Ошондой эле жасалма интеллект жарышынын жыйынтыгы америкалык же кытайлык модель алдыга чыгарын чечип коюшу толук мүмкүн. Пентагон акыркы жылдары жаңы технологияларды жана пилотсуз учкан системаларды өнүктүрүүгө өзгөчө маани берүүдө. Алсак, ушул жылдын февраль айында АКШнын Коргонуу министрлиги чабуул жасаган арзан жана көп дронду кыска убакытта өндүрүүгө багытталган Drone Dominance программасын жарыялаган.
Жогорку Кеңеш президенттик шайлоону дайындоо маселесин 17-сентябрда карайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев билдирди. Марлен Маматалиев белгилегендей, парламенттин биринчи жыйыны 2-сентябрда өтөт. Анда календарлык план кабыл алынат жана комиттеттердин иши башталат. “Аны Конституция боюнча Жогорку Кеңеш бекитип, токтом чыгарыш керек. Мыйзам боюнча шайлоо 27-январда боло тургандан кийин биз төрт айга жетпеген мөөнөттө 27-сентябрга чейин кабыл алып беришибиз зарыл. Биз он күн эрте 17-сентябрда маселени карап берели деп турабыз. Дагы айтса кетсек, бул сессияда дагы мыйзам долбоорлору каралып, кабыл алынат. Кийинки жылдын бюджетин бекитилет”, - деди парламент төрагасы.Ош шаарынын мэри Жанар Акаев Сулайман-Тоого эч кандай башаламан курулуш, асма жол же соода күркөлөрү салынбай турганын билдирди. Анын айтымында, Дүйнөлүк банк Сулайман-Тоону реконструкциялоого 12 миллион доллар бөлгөн, бирок бюрократиялык тоскоолдуктардан улам бул каражат 6 жылдан бери колдонулбай турат. Ошондой эле шаар жетекчиси мурдагы мэр Нариман Түлеев тоону ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесинен чыгарууну сунуштабаганын тактады.“Түлеев болгону асма жол куруу боюнча өз идеясын бөлүшкөн. Бирок бул курулуш планы эмес, жөн гана идея болчу. Ал эми тизмеден чыгаруу маселесин мен мисал катары гана келтиргем. Тоонун айланасын көрктөндүрүү иштери ЮНЕСКОнун жана Маданият министрлигинин бардык талаптарын так сактоо менен жүргүзүлөт”, — деп белгиледи Акаев.Мэрия аймактагы тарыхый жана маданий мурастарды сактоо менен гана инфраструктураны жакшыртуу пландалып жатканын кошумчалады.Сиань шаарында Кыргызстандын логистикалык-транспорттук борбору курулат. Бул тууралуу кыргыз-кытай биргелешкен “Кыргыз Транс Инвест” компаниясынын кытай тараптагы башкы директору Хоу Сун Тао билдирди. Анын айтымында, учурда Сиань шаарынын өкмөтү менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул үчүн Кыргызстан аталган шаардан 9 гектар жер тилкесин сатып алууда. “Учурда курулуш стадиясында турган Кыргызстан – Кытай – Өзбекстан темир жолу ишке киргизилгенге чейин эле бул маршрут ачылат. Аны менен Сиань шаарынан Кашкарга чейин темир жол аркылуу мультимодалдык жүк ташууларды жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.Андан сырткары, 30 даана жүк ташуучу унаа даярдалууда. Алар жүктөрдү Кашкардан Ош шаарына, башкача айтканда, түштүк жол терминалына чейин ташыйт. Башкача айтканда, бул унаалар эки хабдын — кыргызстандык жана кытайлык хабдардын ортосунда жүк ташууну камсыз кылат.Кытай техологиялык өнүгүү жаатында АКШдан ашып, Американын экономикасы менен аскердик артыкчылыгын чаңында калтырышы мүмкүн. Бул туурасында Пентагондун жетекчисинин иликтөө жана ойлоп табуулар боюнча орун басары Эмил Майкл айтканын РИА Новости жазды.Анын айтымында, учурдагы технологиялык лидерлик мамлекеттердин экономикалык жана аскердик таасирин аныктайт. Ошондой эле жасалма интеллект жарышынын жыйынтыгы америкалык же кытайлык модель алдыга чыгарын чечип коюшу толук мүмкүн. Пентагон акыркы жылдары жаңы технологияларды жана пилотсуз учкан системаларды өнүктүрүүгө өзгөчө маани берүүдө. Алсак, ушул жылдын февраль айында АКШнын Коргонуу министрлиги чабуул жасаган арзан жана көп дронду кыска убакытта өндүрүүгө багытталган Drone Dominance программасын жарыялаган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/1a/1103206340_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_5c87e2221352cb0393b11e95ad1214da.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио